Ражаб айы, Ражаб айындагы орозо, Рагаиб намазы, Исра-Мираж кечеси

Ражаб айы – төрт ыйык айдын бирөөсү. Бул айда күнөө кылуу – арам. Башка күндөрү күнөө кылганга караганда ыйык айларда күнөө кылуу жазасы боюнча оорураак келет.

Сениң Раббиң эмнени кааласа жаратат жана тандайт, бирок аларда тандоо ыктыяры жок. Аллах алар шерик кошуп жаткан нерселерден таза жана бийик” (аль-Касас сүрөсү, 68-аят)

Чындыгында, Жаратуучу күндөрдүн жана айлардын арасынан кээ бирлерин тандап, башка айлардын үстүнөн артыкчылык берди. Жана да, Улук Аллах Өз даанышмандыгы менен кээ бир айларды ыйык деп белгиледи.

Ошол ыйык айлардын бири Ражаб. Ыйык айлар тууралуу Куранда айтылат: “Чындыгында, асмандар менен жерди жараткандан бери Алланын Өзүнүн Китебинде [1] айлардын саны – он эки. Булардын төртөөсү – ыйык айлар. Мына ушул (ислам) – бекем дин. Ушул айларда өзүңөргө зулумдук кылбагыла [2] ” (ат-Тауба сүрөсү, 36-аят)

Сүрөдө айтылган төрт ыйык айларды хадистен табабыз. Абу Бакр радиаллаху анху риваят кылгандай Пайгамбар (салляллаху алейхи уа саллям) айтты: “Жыл он эки айдан түзүлөт, анын төртөө ыйык. Үчөө удаалаш келет, алар Зуль-Ка’да, Зуль-Хиджа жана Мухаррам, (ал эми төртүнчүсү) Ражаб айы, ал Жумада жана Шаъбан айларынын ортосунда” (аль-Бухари, 4662; Муслим, 1679).

Айлардын өзгөчөлөнүп “ыйык” (араб. “харам”) статусуна конушунун эки себеби бар: бул айларда курал көтөрүп согушуу арам (душман өзү биринчи кол салган убактан тышкары) жана күнөөлөрдүн арамдыгы күчөтүлгөндүктөн.

РАЖАБ АЙЫНЫН ОРОЗОСУ ТУУРАЛУУ

Бул айда орозо тутуу жөнүндө бир дагы сахих хадис же сахабалардын өмүр баянынан бир дагы окуя келбеген. Ражаб айынын пазилети тууралуу келген көбүнчө хадистер же күчсүз (заиф) же жалган (маудуъ) болуп чыккан.

Ибн Хажар рахматуллахи алейхи айтат: “Ражаб айынын пазилети тууралуу, бул айдагы орозо тууралуу, бул айдын кээ бир күндөрүндө орозо кармоо керектиги тууралуу же түндөрү туруп намаз окуу тууралуу – далил катары таянаарга жарактуу бир дагы сахих хадис жок. Мага чейин бул пикирди имам Абу Исма’иль аль-Харави айткан, биз анын сөзүн жана башка аалымдардын сөздөрүн тастыктап берип жатабыз… Ал эми Ражабтын пазилети же орозосу тууралуу келген хадистердин баары Ражабтын жана анын орозосунун өзгөчүлүгүн ачык айтып келишет. Бирок, бул хадистерди эки топко бөлүп койсо болот: күчсүз жана жалган деп” («Табъиин аль ‘ажаб бима уарада фии фадль Раджаб», 11).

Кийин Ибн Хажар рахматуллахи алейхи өз китебинде Ражабтын пазилети темасында 11 күчсүз жана 21 жалган хадис топтогон. Ошол хадистердин бир мисалы: “Ким Ражабтан бир күн орозо тутса Фирдавс жаннатына кирет, эки күн тутса эки эсе сооп алат, үч күн тутса аны менен тозоктун ортосуна туурасы бир жылдык чакырым болгон чоң аң казылат, ким төрт күн тутса…”

РАГАИБ КЕЧЕСИ

Рагаиб кечеси – Ражабтын биринчи аптасындагы бейшембиден жумага караган түн. Бул түндө адамдар намаз окуш керек деп ишенишет. Чындыгында бул шариатта жок нерсе.

Имам ан-Навави рахматуллахи алейхи айтат: “Бул бузуку жана жаман бидаат иш, анын ичинде көптөгөн жаман көрүлгөн нерселер бар. Бул бидааты ташташ жана аны кылып жаткандарды айыпташ милдет (важиб) болот” (Фатава имам ан-Наваави, 57-бет)

Намаз-рагайиб – бардык имам-аалымдардын келишкен пикиринде (ижмаъ) бидаат өкүмүмдө. Себеби бул түнү намаз окуу Пайгамбардын (салляллаху алейхи уа саллям) же анын сахабаларынын осуяттарынан келген эмес. Абу Ханифа, Малик, Аш-Шафи’и, Ахмад, Ас-Саури, Аль-Ауза’и, Ал-Лейс жана башка имамдарыбыз бул намазды аткаруу керектигин жактырышкан эмес. Ал эми рагайиб намазы тууралуу келген хадис бардык мухаддистердин өкүмү боюнча жалган деп табылган.

Аалым Ат-Тартушийдин айтуусу боюнча рагаиб намазы 480 жылдан тартып (хижрий жыл санагы боюнча) гана аткарыла баштаган, б.а. алгачкы мусулмандар кылышпаган. (Аль-хауадис уа аль-бида’, 103).

АЛЬ-ИСРА ВА-ЛЬ- МИ’РАЖ ТҮНҮН БЕЛГИЛӨӨ

Исра-Мираж окуясынын так, тастыкталган датасы жок болгонун карабай, жана аны белгилөөнүн шариатта жок экендигине карабай көп адамдар аны Ражабтын 27-түнү бул окуяны белгилеп келишет.

Анысы аз келгенсип, кээ бир бурадарлар бул түндү намаз, садака, ибадат менен өткөзүү керек деп ишенишет.

Биз, мусулмандар, ибадат маселесинде бир гана Аллахтын Китебин жана Анын элчисинин (салляллаху алейхи уа саллям) сүннөтүн ээрчийбиз. Кайсы бир күндү өзүбүз үчүн ибадат кылууга бөлүп жана аны шариатта бар деп ишенсек, бирок ал күн шариатта айтылган эмес болсо – биз Аллахтын динине жаңылык киргизген болобуз. Жакшы ниет мененби, же карасанатайлыктанбы кай болбосун динде жаңылык кылып жаткан адамдын амалы кабыл эмес. Себеби Ислам толук дин, жана кошумча эч нерсеге муктаж эмес. Аллах Куранда айтат: “Бүгүн силерге диниңерди жана (Менин) ырайымымды толук кылып, ислам динин силерге ыраа көрдүм” (аль-Маида сүрөсү, 3-аят).

Айша энебиз, Алла таала андан ыраазы болсун, айтты: Алланын элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) минтип айтты: “Ким биздин ушул ишибизге (шариатыбызга) анда жок нерсени пайда кылса, ал кайтарылат (кабыл болбойт)” (аль-Бухари жана Муслим).

РАЖАБ АЙЫНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Бул ай ыйык айлардын бири, ошондуктан жасалган күнөөнүн кесепети коркунучтуураак болот. Көңүлдү салих амалдарды аткарып, күнөөлөрдөн тыйылууга буруу зарыл. Аллахка тообо келтирип, алдыда келе жаткан Рамазанга орозо, садака, намаз, илим алуу ж.б. ибадаттар аркылуу камынуу керек.

Бирок, бир гана шарт: бул айды башка айлардан өзгөчөлөнтпөстөн, ага Аллах койгон ыйыктыктан тышкары кошумчаларды кошпостон ибадаттардын түрлөрүн аткаруу болсо.

Аллахтан пайдалуу илим жана чын-ыклас амал сурайбыз. Акыр Кыямат күнү Аллах баарыбызды ийгиликке жеткендерден кылсын! Оомин!

СУРОО . Бул айда напил орозо тутуп, напил намаздарды окуса болобу? Рамазандан калып калган орозонун карыздарын бул айда кармап койсо болобу?

ЖООП. Ооба, Ражаб айында орозо, намаз, умра, садака, Куран ж.б. ибадаттардын бардык түрүн башка айлардагыдай эле аткарса болот, буга тыюу жок. Туура эмес деп табылган нерсе –шариатта жок болгон пазилеттер менен бул айды энчилөө, белгилөө. Карыз орозолорду Ражабта деле, Шаъбанда деле кармасаңыз боло берет.

Аллаху аъламу биссавааб!

[1] Лавхул Махвузда

[2] Көп ибадат кылгыла! Күнөөлүү иштерге бир саатыңарды болсо да коротпогула!

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...