Истихара намазы жана Истихара дуасы (кыргызча)

❓ Истихара намазы деген эмне?
❗ Истихара – эки рекеттен турган нафиль намаз. Аны мусулман пенде орчундуу эки иштин бирөөсүн тандоодо окуйт. Истихара дуасын айтып, кайсыл иште жакшылык болсо ошонусунда ийгилик берүүсүн Аллах Тааладан суранат.

Истихара намазын жана дуасын окуган соң билерман, аманатка бекем, маселеде пикири бар инсандар менен кеңешет. Кийин көздөп жаткан ишин аткарууга киришет. Эгер ошол ишинде жакшылык болгон болсо – Аллах аны жеңилдетип берет, себеби пенде истихара дуасында “эгер ошондо мага жакшылык болсо – аны мага жеңилдетип бер” деп дуа кылган. Ал эми ал ишинде жакшылык жок болсо – Аллах андан кайтарат, себеби пенде “эгер ошондо мага жакшылык болБосо – аны менден, мени андан кайтар” деп дуа кылган.

Истихара намазын окуу жана Истихаранын жообу тууралуу дүйнөлүк деңгээлдеги чоң ахлю-с-сунна аалымдарынын фетвалары.

Муфтий Шейх Абдульазиз Ибн Баз истихаранын кандай окулушу тууралуу суралды:

❓ СУРОО. Истихара намазы кандай окулат жана анын дуасы саламга чейин айтылабы же андан кийинби?

❗ЖООП. Шейх Ибн Баз айтты:

Истихара намазынын өкүмү – сүннөт.

Хадисте келгендей Истихара дуасы намаздагы саламдан кийин айтылат.

☑ Истихара намазынын окулуш эрежеси:
— башка нафиль намаздар сыяктуу эле эки рекет окулат, ар бир рекетинде “Фатиха” сүрөсү жана дагы бир (зам) сүрө окулат.
— намаз бүтүп, эки жакка салам берилет.
— эки кол көтөрүлүп истихара дуасы айтылат:

Дуа Истихара (арабча жана кыргызча мааниси).

اللهُمَّ إنِّي أسْتَخيرُكَ بعِلْمِكَ، وأسْتَقْدِرُكَ بقُدْرَتِكَ، وأسْألُكَ مِنْ فضلِكَ العَظِيم، فإنَّكَ تَقْدِرُ ولا أقْدِرُ، وتَعْلَمُ ولا أعْلَمُ، وأنْتَ عَلاَّمُ الغُيوبِ، اللهُمَّ إنْ كُنْتَ تَعْلَمُ أن هذَا الأمرَ ( ويُسمِّي حَاجَتَه ) خَيرٌ لي في دِيني ومَعَاشي وعَاقِبَةِ أمْري – فاقْدُرْهُ لي ويَسِّرْهُ لي، ثمَّ بَارِكْ لي فيهِ، وإنْ كُنْتَ تَعْلَمُ أنَّ هذا الأمْرَ شَرٌّ لي في دِينِي ومَعَاشي وعَاقِبَةِ أمري – فَاصْرِفْهُ عَنِّي، وَاصْرِفْنِي عَنْهُ، واقْدُرْ لِيَ الـخَيْرَ حَيْثُ كَانَ، ثُمَّ أرْضِنِي بِهِ

“Аллахумма инни астахииру-ка би-ъилми-ка ва астақдиру-ка би-қудроти-ка ва асалу-ка мин фадлика-ль-ъазиим. Фа-иннака тақдиру ва лаа ақдиру ва таъляму ва лаа аъляму ва Анта Ъаллааму-ль-гуюуб.

Аллахумма ин кунта таъламу анна хааза-ль-амр (ушул жерден эмне иш экенин айтат. М: бул сапарга чыгуум, баланча менен нике кылуум, бул нерсени сатуум ж.б.у.с.)

хойрун лии фии диинии ва маъаашии ва ъаақибати амрии: фа-қдурху лии ва йассирху лии сумма баарик лии фии-хи;

ва ин кунта таъламу анна хааза-ль-амр шаррун лии фии диинии ва маъаашии ва ъаақибати амрии: фа-срифху ъаннии ва-срифнии ъанху ва-қдур лийа-ль-хойро хайсу каана сумма ардынии бихи”.

«О Аллах! Сенин илимиң аркылуу Сенден жакшылык тилейм! Сенин кудуретиң аркылуу мага күч берүүңдү өтүнөм. Жана Сенин улук пазилетиңен (көп-мол нээматырыңан) сурайм! Мен өз тагдырымды өзүм жаратпайм. Аны сен жаратасың. [Эртеңки күнүм эмне болорун] мен билбейм, Сен билесиң! Сен бардык кайыпты (пенделерге билинбеген кабарларды) эң жакшы билүүчүсүң!

О Аллах! Эгер Сен билсең, бул иш (ушул жерден эмне иш экенин айтат)

менин диним, жашоом жана иштеримдин натыйжасына жакшылык болчу болсо — аны мага буюр, жеңилдет, андан соң ал нерсеге берекеңди бер;

ал эми, Сен билсең, бул иш менин диним, жашоом жана иштеримдин натыйжасына жамандык болчу болсо — аны менден, мени андан буруп жибер, жана жакшылыгың кайда болсо мени ошол жакка алып барып, андан соң аны менен мени ыраазы кыл!» (Бухари “Сахих”: ад-Даъават, 6019).

Шейх Ибн Баздын расмий сайты

 

❓ Истихаранын натыйжасы тууралуу Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин айтты:

❗ «… эки жакка салам берген соң белгилүү истихара дуасын окуйт. Кийин эгер ошол [сураган] нерсеси аткарылса – демек Аллах ошону ал пендеси үчүн тандаган экендигине далил. Эгер ал кандайдыр бир акыбалдардан улам аткарылбаса – демек Аллах ошону ал үчүн тандабаптыр.

⚠ Ал эми кээ бир адамдардын “Истихара дубасынын жообу – инсандын түшүндө кирет, ал түшүндө ошол ишти башташ керектиги же ташташ керектиги айтылат” деген сөздөрдүн эч негизи жок.

Бирок истихаранын жообу – ошол иштин аткарылуусунун жеңилдеши же ташталуусунун жеңилдеши – менен билинет. Чындыгында, биз билебиз, Аллах Өз пендесине эмне жакшы болгон болсо — ошону тандап берет. Себеби пенде Раббисинен “мага кайсынысы жакшы болсо ошону бер” деп суранган эле.»

? (Шейх Ибн аль-Усайман “Фатава Нур ъала ад-Дарб”)

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...