«Рамазандагы адамдардын акыбалы» — Жума хутбасы (Шейх аль-Фаузан)

Рамазандагы адамдардын акыбалы

(Жума хутбасы)

? Хутбаны окуган: Шейх Солих аль-Фаузан
Ахлю-с-Суннанын учурдагы эң көрүнүктүү аалымдарынын бири, “Чоң уламалар уюмунун” жана “Фетва берүү боюнча туруктуу Комитеттин” мүчөсү (Сауд Аравиясы).

  • «Рамазандагы адамдардын акыбалы» жума хутбасын онлайн угуу:

Биринчи хутба

Бардык жакшылык жана ихсан ээси болгон, бизге Рамазан айын чыгарып берген, жана аны күнөөлөрдүн кечирилүүсүнүн сезону кылып койгон – Аллахка – бардык мактоолор болсун.

Аллахтан башка сыйынууга тытыктуу зат жок экендигине күбөлүк берем. Ал жалгыз жана шериги жок. Аллах Таала айткандай: “Асмандагы жана жердегинин бардыгы Андан [жардам] сурашат. Ал ар күн сайын иш үстүндө” (Куран, ар-Рахман сүрөсү: 29-аят).

Мухаммад Аллахтын кулу, жана жиндер менен инсандарга жиберилген элчиси экендигине күбөлүк берем. Аллах ага, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аларды туура ээрчигендерге көптөгөн салават-саламдарын берген болсун.

Андан соң:

О, адамдар! Аллах Тааладан корккула!

Билгиле, чындыгында силердин алдыңарда улуу ай, кереметтүү сезон башталганы турат. ? Чындыгында ал – Рамазан айы. Аллах айтты: «…Бул айда адамдарга — Туура Жол болуп, хидаят жана фуркандан турган анык далилдер катары — Куран түшүрүлдү»  (Куран, аль-Бакара сүрөсү: 185-аят). Чындыгында ал – мээримдүүлүк, кечиримдүүлүк жана Тозоктон кутулуу айы.

Ал ай өтүп кеткиче андан пайдаланып калгыла! Ким убактысын канимет деп билип, туура пайдаланса, күнөөлөрүнөн тооба кылса, сооптуу иштерин көбөйтсө – мына, чыныгы бактылуу адам ошол экен. Ал эми ким жакшылыктан кур калса, кимге Аллах бул улуу айдын жакшылыгын насип кылбаса – мына, бактысыз адам ошол экен. Дүйнөсүн жоготкон адам шордуу эмес, бирок чыныгы шордуу  – Акыретин жоготкон киши.

Аллах силерди жалгасын! Бул айдан пайдаланып калгыла, анын кадырын билгиле, наркын барктагыла, аны урматтагыла, андагы убакытты ибадат менен өткөзгүлө. Мындай мүмкүнчүлүк такай боло бербейт. Бир гана Аллах – Тирүү, Түбөлүк туруучу! Ал эми силер дагы, бул ай дагы, бул күндөр дагы өтүүчүсүңөр. Аллах айтты: “Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу. Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү калуучу!” (Куран, ар-Рахман сүрөсү: 26, 27-аяттар).

О, Аллахтын пенделери!

Рамазандагы адамдар түрдүү-түрдүү болушат

➢ Кээ бир адамдар бул айды – көп түркүн тамак-аш, ичимдиктин айы деп гана билишет. ? Андай адам болушунча жеп-ичип, курсагын толтурат. ?Бирок Аллах Таалага ибадат кылууга келгенде – жалкоолук кылат, нафил амалдар биякта турсун, балким парздарды да аткарбай таштап коёт. ?

➢ Кээ бир адамдар бул айды – түнү бою уктабай оюн-зооктун, пайдасы жок ушак сөздөрдүн айы деп гана билишет. ?Күндүзү уктап, парз намаздарды өз убактысында окушпайт, жамаат намаздарга катышышпайт. ?

➢ Кээ бир адамдар болсо бул айды – сериал, теле шоу, викторина передачаларынын айы деп гана билишет. ?Аллахтын жана Анын элчисинин душмандары, мусулмандардын душмандары даярдап берген кумар викториналары. ?Душмандар силерге зыян берели деп бардык көңүлүн топтоодо. Рамазан айы силер үчүн Аллахтын алдындагы мүмкүнчүлүк экенин алар билишет, ошондуктан ушуга окшогон маанисиз сандырак нерселер менен силерди алаксытып жатышат.?

⚠️ Ошондуктан андан өзүңөр сак болгула, балдарыңарды да бул жеңил ойлуу, Аллахтын зикиринен алагды кылчу, убакытты бекер кетирчү жана намаздарды каза кылдырчу — телеберүүлөрдөн алыс кармагыла. Бул айдын баалуулугу кайда калды, о, Аллахтын пенделери?!

➢ ? Адамдардын ичинен, андайлар бирок өтө аз, Рамазан айын туура өткөзүүгө Аллах Өзү тауфик-жардам көргөзгөн адамдар бар. Аллах Таала айткандай: “Бир гана ыйман келтирип, солих-жакшы амал кылгандардан башкасы. Алар өтө сейрек” (Куран, Соод сүрөсү: 24-аят). Мына ушундайларга Аллах Өзү жардам берет. Мына, ушулар жеңүүчүлөр, ушулар чыныгы киреше табуучулар. Алар аз санда болушса да. “Зарыл болгон учурда – бирөөсү миңге тете” делгендей. ?

Аллахтан корккула, о, Аллахтын пенделери!

⌛️ Бул айдан пайдаланып калгыла, убактыңарды сактагыла, зыяндуу нерселерден алыс болгула. Мүмкүнчүлүк такай улана бербейт. Күндөр аяктайт, сезон да бүтөт. Бул жана башка айлар менен өзүңөрдү эсеп-кысапка алгыла.

Акыретте инсанга жардам берчү бир гана нерсе — бул дүйнөдө кылган сооптуу амалдары. Себеби, бул дүйнө да түгөнөт, инсан өлөт, сааттар бүтөт. Анан, адам өзү үчүн алып калган — бир гана жакшы же жаман амалдары калат.

? Адам үчүн бул дүйнөдө — жашаган өмүрү гана бар. Ошондуктан, өмүрүңөрдү каякка кетирип жатасыңар, түнүңөрдү-күнүңөрдү кантип өткөзүп жатасыңар – карагыла! Аллах айтты: «Биз силерге эскерген адам эсине келгидей өмүр бербедик беле?! Жана силерге эскертүүчү-пайгамбар келди эле го! Эми, [азапты] тарта бергиле! Заалым адамдар үчүн эч жардамчы болбойт!» (Куран, аль-Фатыр сүрөсү: 37-аят).

Аллахтан корккула, о, Аллахтын пенделери!

Бул айга силерди жеткизгенине шүгүр кылгыла. Аллахтан бул айды жакшылык менен узатууну сурангыла, Анын ыраазычылыгына жетүүгө Андан көмөк тилегиле!

Шалаакылыктан, капилеттиктен, кайдыгерликтен сак болгула! Силерди Аллахтын жолунан, ийгилик жана оңолуу жолунан тоскондорду ээрчибегиле! Аллахтын жолунан тосчу адамдар – өтө көп. Азыркы доордо жамандык таркалуучу каражаттар ар түркүн болуп кетти. Үйлөрдүн ичине кирип, адамдар жаткан жерге, төшөгүнө чейин кирип барды.

Аллахтан корккула, о, Аллахтын пенделери!

Абалкы заманда фитнага бир гана фитнаны каалап, өзү ага барган киши таасирленчү эле. Ал эми азыр фитналар өзүлөрү силерге үйлөрүңөргө жана төшөктөрүңөргө чейин келүүдө.

Аллахтан корккула, о, Аллахтын пенделери!

Чындыгында, проблема өтө оор. Бирок, андан кутулуунун себебин Аллах көрсөтүп койду. Ал кол алдыңарда турат. Бул улуу Рамазан айы – кутулуунун бир себеби – кимге Аллах тауфик берген болсо.

Рамазанды адамдар ар түрдүү өткөзүшөт

Бул ай кирген учурда мусулмандардын акыбалы ар түрдөнөт. Аллах Таала айткандай: “Албетте силердин аракетиңер ар кандай” (Куран, аль-Лейл сүрөсү: 4-аят). Алардын аракеттери ар түрдүү болот.

➢ Бирөө жылы бою сооп иштерди кылат эле – бул ай – ал үчүн жакшылыктын үстүнө жакшылык кошуу болот.

➢ Бирөө Аллахтын алдындагы милдеттерине шалаакылык кылып жүрөт эле – бул айда – ал эсине келип, өткөзүп жибергенин толуктап, кемчиликтерин оңоп, Аллахка тооба кылат. Аллах анын тообасын кабыл этет.

➢ Башка бирөө болсо Аллахтан жөө качкан киши эле – бул айда Аллахка тооба кылып кайтып келди. Тозок оту ага важиб болду эле, бирок Аллахка тооба кылып күнөөлөрүн таштаса – Аллах аны бул айда Оттон бошотот.

Чындыгында бул ай – адамдарды жакшылык кылууга тарбиялайт, адамдарды кайдыгерликтен ойготот. Чындыгында бул ай – Аллахтын силерге берилген чоң мүмкүнчүлүгү – андыктан аны пайдаланып калгыла. Аллах силерди жалгасын!

Канча деген адамдар бул айга жетүүнү каалап, бирок өлүм аларды алып кетип, жетпей калышты. Канча деген адамдар бул айга жетишип, бирок аягына чыга албай калышты. Канча деген адамдар аягын жетишип, бирок бул айдан пайда ала алышпады. О, акылдуу адамдар! Бул нерселерден сабак алгыла! Өзүңөр тууралуу ой жүгүртүп көргүлөчү!

Аллах Таала айтат:

18. О, ыйман келтирген пенделер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки [Кыямат] күн үчүн эмне алып келгенине карасын! Аллахтан корккула! Аллах эмне иш жасап жатканыңардан Кабардар.
19. Аллахты унуткан, натыйжада Аллах өздөрүн-өздөрүнө унуттурган адамдарга окшобогула! Алар – фасык адамдар.
20. Тозок ээлери менен Бейиш ээлери тең эмес. Бейиш ээлери – алар жеңүүчүлөр!
21. Эгер Биз мына бул Куранды тоого түшүргөнүбүздө, сен анын Аллахтан коркконунан мемиреп, тыркырап сынып кеткенин көр­мөксүң. Биз бул салыштырууларды адамдарга ойлонушсун деп айтып берүүдөбүз.”
(Куран, аль-Хашр сүрөсү: 18-21-аяттар)

Экинчи хутба

… Андан соң:

О, адамдар! Аллах Тааладан корккула!

Күндөрдүн биринде Пайгамбар ﷺ минбарга чыгып: “Аминь, Аминь, Аминь” деп айтат. Адамдар: “Эй, Аллахтын элчиси, эмне үчүн мындай кылдыңыз?” дегенде, ал жооп берет: “Мага Жебреил келип, айтты:

«О, Мухаммед! Ким Рамазан айына жетип туруп, күнөөсү кечирилбей жүрүп өлсө – Тозоку болсун. Аминь деп айт». Мен «Аминь» дедим.

Айтты: «Кимде ата-энесинин экөө тең же бирөөсү болуп туруп, аларга жакшылык кылбай жүрүп өлсө – Тозоку болсун. Аминь деп айт». Мен «Аминь» дедим.

Айтты: «О, Мухаммед! Кимдин алдында сенин ысымың айтылганда, ал салават айтпай жүрүп өлсө – Тозоку болсун. Аминь деп айт». Мен «Аминь» дедим” ? (Хадисти Ибн Хузейма жана Ибн Хиббан “Сахих” жыйнагында келтиришет).

Аллахтан корккула, о, Аллахтын пенделери!

Мына, Рамазан айы да кирип келе жатат. Алдыңарда эле турат. Аны жакшылык менен пайдаланып калууңарга Аллах мүмкүнчүлүк түзүп берди. Демек, аны башка айларды бекер өткөзгөндөй бекер өткөзүп албагыла! Балким аны Аллах силер үчүн сооптуу амалдар менен аяктагандай кылаар. Балким өмүрдүн калган бөлүгүн бул ай менен толуктап берээр. Балким силер күтпөгөн бул айдын жакшылыктарына жана берекесине жеткирээр.

Аллахтан корккула, о, Аллахтын пенделери!

Бул айды улуктагыла. Аллах Таала айтты: “Ким Аллахтын ыйык кылган нерселерди урматтаса – бул, Раббисинин алдында өзүнө жакшы” (Куран, аль-Хажж сүрөсү: 30-аят)

Аллахтан корккула, о, Аллахтын пенделери!

Билгиле, эң туура сөз – Аллахтын сөзү, эң туура жол – Мухаммед Пайгамбардын ﷺ жолу. Эң жаман иштер – динге киргизилген жаңылыктар; ар бир жаңылык – бидаат. Жамаатты бекем тутунгула! Аллахтын Колу Жамаат менен. Ким бөлүнсө – бөлүнүп барып Тозокко түшөт.

Булак: http://www.alfawzan.af.org.sa/node/14030

Хутбаны окуган: Шейх Солих аль-Фаузан
Ахлю-с-Суннанын учурдагы эң көрүнүктүү аалымдарынын бири, “Чоң уламалар уюмунун” жана “Фетва берүү боюнча туруктуу Комитеттин” мүчөсү (Сауд Аравиясы).

Хутбаны көчүрүп алуу үчүн бул жерди басыңыз.  MP3 4.2 Mb

Ютубдан көрүү: https://www.youtube.com/watch?v=xSOlQyEXNXE

© ИсламЖолу

Share

You may also like...