Шииттердин секталары тууралуу кыска сөз — Шейх Ибн Баз

❓ СУРОО. Урматтуу Шейх! Шииттер бизден эмне маселелерде айырмасы бар экендигин билүүгө өтө зарбыз. Сураныч, алар эмне нерселерге ишенээрин (акыйдасын) баяндап бересизби? Аллах жалпыбыздын көөнүн [илим нуру] менен нурдантсын!

❗️ ЖООП. Муфтий Шейх Абдулазиз Ибн Баз (рахимахуллооху) айтты:

Шииттердин секталары өз ичинен көптөгөн фыркаларга бөлүнөт. Кыска убакыттын ичинде ал секталар тууралуу айтып өтүү оңойго турбайт.

Ал эми кыска сөз менен айтып өтсөк — алардын кээ бирлери каапыр болушат. М:

— алардын арасында “О, Али!” деп Алиге сыйынгандар бар; Фатимага, Хусейнге ж.б. сыйынгандар бар.

— алардын арасында: “Жебреил периште аманатка кыянат кылган”, б.а. пайгамбарчылыкты Алиге бергендин оордуна Мухаммадка берип койгон — деп айтышкандары бар.

— алардын арасында  “имамиттер” [башкача аталыштары] “рафидиттер”, “он эки имамчылар”[1] дегендери бар. Алар Алиге сыйынышат, “биздин имамдар периштелерден жана пайгамабрлардан жакшыраак” – деген сөздөрдү айтышат.

Шииттердин секталары көп: алардын ичинде каапыры жана каапыр эмеси болот.

Шиялардын эң “жеңили” — Алини үч сахабадан (Абу Бакр, Умар жана Усман) өйдө коюшкандары. Мына ушулар каапыр эмес, бирок ката кетирүүчүлөр болуп эсептелинет. Себеби, Али төртүнчү, ал эми Абу Бакр, Умар жана Усман ага караганда жакшыраак болуп саналат. Кимдир бирөө Алини бул үчөөнө караганда жакшыраак десе — анда ал ката кетирген болот, сахабалардын бир ооздон чыккан пикирине (ижма’) каршы чыккан болот, бирок ал каапыр эмес.

Шиялар ар кандай катмарлардан (табакат) жана бөлүктөрдөн (аксам) түзүлгөн. Ким кааласа аалымдардын алар тууралуу айтылган сөздөрүн карап чыксын. М: Мухи-Ддин аль-Хатибге тиешелүү “аль-Хутут аль-Ариидо” китеби, Шейхуль-Ислам Ибн Теймия’нын “Минхаж ас-Сунна” китеби,  Ихсан Ильхи Зохирдин “аш-Шия вас-Сунна” китеби ж.б.у.с. Бул боюнча көптөгөн китептерде алардын адашуулары жана жамандыктары баяндалган. Аллахтан саламаттык тилейбиз!

? “Имамиттер”, “он эки имамчылар” жана “нусайриттер” — аларды “рафизалар” деп да коюшат — Шииттердин ичинен эң жийиркеничтүү фирка болуп эсептелет.

Рофидиттер (араб.  رفض”Рофадо” баш тартуу) деп аталганынын себеби: Зейд ибн Али[2] улуу эки сахаба – Абу Бакр жана Умар – тууралуу жаман сөз айтууга макул болбой койгондо шииттер андан жүз буруп, аны таштап, андан баш тартышат. Ошондон бери аларды Рафидиттер, б.а. Зейдден баш тарткандар деп калышкан.

? Ошондуктан өзүн Исламга тийиштүү кылган ар бир кишинин сөзүнөн эле “ии, ал мусулман экен” деп коюу жарабайт. Ким мусулманчылыкка өзүн тийиштүү кылса анын ишин карайбыз: эгер жалгыз Аллахка сыйынса, Пайгамбарга ыйман келтирсе жана ал алып келген нерсеге ээрчисе – ал мусулман; ал эми өзүн мусулманмын деп коюп бирок Хусейнге сыйынса, Фатимага сыйынса, Бадавиге, Айдаруска ж.б.у.с. сыйынса – ал мусулман болуп эсептелбейт. Аллахтан сак-саламаттык тилейбиз!

↪️ Ошондой эле кимде ким динди жамандаса же намазын таштаса — ал өзүн мусулманмын десе дагы ал мусулман деп эсептелбейт. Ошондой эле динди шылдыңдаса же намазды, зекетти, орозону, Пайгамбарды ﷺ  шылдыңдаса, Пайгамбарды жалганчы же наадан десе, “ал динди толук жеткизген жок” деп айтса — мунун баары каапырчылык болуп эсептелинет. Аллах Тааладан сак-саламаттык тилейбиз!

? Булак: Муфтий Шейх Ибн Баздын расмий сайты

 

[1] Азыр көпчүлүк шииттер – рафидиттер болушат, б.а. буларда эң көп таркалган фирка Рафидия сектасы.

[2] Зейд ибн Али ибн аль-Хусейн ибн Али ибн Абу Толиб – Алинин (радияллооху анху) тукумунан чыккан чоң аалым. Өз убагында ага шииттер келип “Абу Бакрга жана Умарга душманчылыгыңды көрсөт, ошондо биз сага жардам беребиз!” дешкенде, Зайд аларга “Жок! Мен ал экөөнө сүйүүмдү гана көрсөтөм” деп жооп берет. “Анда биз сенден баш тартабыз (рофд)” дешет. Мына ошондон бери аларды рофизалар же рофидттер деп калышкан (Сияр Аълям ан-Нубаля: 5/390)

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...