Такфир фитнасынын себептери ? ??

❓ СУРОО. Көпчүлүк жаштардын такфир[1] фитнасына түшүп калууларынын себеби эмнеде?

❗️ ЖООП. Шейх Мухаммад ибн Хади айтты:

Эң чоң себеп:
1️⃣ илимдин аздыгы
2️⃣ жана акылдын алсыздыгы.

Илимсиздик андай жаштарды — Кудайдан коркпостон туруп — мусулмандарга каршы тез такфир чыгарууга түртөт.

Ал эми акылдарынын аздыгы аларды баатырсынууга, жеңил ойлуулукка, такфир маселесинде ойлонбостон шашкалактыкка түртөт. Мунун себеби: илимдин аздыгы жана акылдын алсыздыгы.

3️⃣ Үчүнчүдөн: дининин тайкылыгы (динди жакшы түшүнбөгөндүгү).

Дини күчтүү болгондо — ушул нерсе үчүн ал Аллахтын алдында жооп берет экенине терең ишенет эле, Пайгамбардын ﷺ «Ким өз бир тууганына “Эй, каапыр!” деп айтса, ал андай эмес болсо – ал ага кайтып келет»[2] деген сөзүн билген болот эле.

Наалат-каргыш айтууну карай турган болсок… Сен мусулман боордошуңа каргыш айтсаң — ал каргыш асманга көтөрүлөт, асман ал сөз үчүн кулпуланган болсо, ал оң жана сол тарабын карайт, эгер эч кандай жол таппаса — ал каргыш — ошону айткан кишинин өзүнө кайтып келет!

‼️ Адамдарга [каргыш айткандын акыбалы ушундай болуп жатса] анда аларга такфир кылгандын акыбалы кандай болот экен?!

Демек, такфирдин себептери:

  • Илимдин аздыгы
  • Акылдын алсыздыгы
  • Диндин тайкылыгы

4️⃣ Жана дагы кээ бир учурларда аалымдардын алсыздыгы да себеп болуп калат.

Фитна көбөйүп турган кезде аалымдар көп-көп айтып эскертип турбагандыгы себеп болот. Эгер мусулмандардын арасында бирин бири каапырга чыгаруу байкалса аалымдарга ал нерсе жөнүндө көп-көп суйлөө, көп-көп айтып баяндоо жана адамдарды ал нерседен кескин түрдө кайтаруу милдет болот. Бир же эки жолу баяндап айтып коюп, жылдап жылдап үн катпай кою жетишсиз! Адамдар бул фитнаны тамак сыяктуу жеп ичип азгырылган кезде, бул фитна адамдарды оттой кылып күйгүзүп жаткан кезде, оо аалым, адамдарга бул фитнаны көп-көп кайталап, баяндап, түшүндүрүп эскертүүң милдет болот. Бул фитнаны адамдар жакшылап билгенге чейин эскерткин, жакшылап түшүнгөнгө чейин эскерткин, бул фитнаны ар тараптан качан адамдар тыйылганга чейин эскерткин, жалган тарагандай эле акыйкат тарамайынча эскерткин!

Аллахтан сак-саламаттык сурайбыз.

? ____________________

[1] Такфир – куфрга чыгаруу; бирөөнү “сен каапырсың” деп каапырлыкта айыптоо.
[2] Бухари, Муслим.

Фетванын оригиналы:

 

Такфир тууралуу:

 

?Автор тууралуу:

Др. Мухаммад ибн Хади аль-Мадхали (1958-ж. туулган, Сауд Аравиясы)

1988-ж. – Сауд Аравиясындагы Имам Ислам университетин аяктайт

1993-ж. – Медина шаарындагы Эл аралык Ислам университетинин магистратурасын эң мыкты деген баа менен аяктайт.

2006-ж. – докторлук даражаны эң мыкты деген таризде жактайт.

Шейх өз учурундагы белгилүү Ахлю-с-Суннанын аалымдарын таалим алган. Алардын ичинде Муфтий Ибн Баз, Ахмад ан-Нажмий, Зейд аль-Мадхали, Хаммад аль-Ансарий ж.б.

Шейх көптөгөн китептердин жана илимий иштердин автору. Бүгүнкү күнгө чейин даават жана сабак берүү жаатында эмгектенет.

Расмий баракчасы: @mohamedmadkhali (Твиттер), www.miraath.net (веб-сайт)

© ИсламЖолу

Share

You may also like...