Балдарды тарбиялоо үчүн ата-энеге он насаат

Аллах Таала айтты:
13. Бир кезде Лукман баласына насаат кылып, [мындай] деди: «О, балам [ибадатта] Аллахка шерик кошпогун! Чындыгында ширк кылуу — чоң зулумдук!
14. Биз инсанга ата-энесине [жакшылык] кылууну осуят (өкүм) кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен [курсагында] көтөрүп жүрөт. [Төрөлгөн соң] аны [көкүрөктөн] ажыратуу [убактысы] эки жыл. [О, инсан!] Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!
15. [О, Инсан!] Эгер сенин ата-энең сени өзүң билбеген нерселерди мага ширк келтирүүгө мажбурласа — аларга моюн сунбагын! [Бирок бул] дүйнөдө ал экөөнө жакшы мамиледе бол! Мага тооба кылган адамдарды ээрчигин! [Өлгөндөн] кийин Мага кайтасыңар. Анан Мен силерге эмне иш кылганыңардын кабарын билдиремин.
16. О, уулум! Чынында ал [сен жасаган жакшы же жаман иш] сары кычы өсүмдүгүнүн данынчалык [майда] нерсе болуп, чоң аска таштын ичинде [калып калган] же болбосо, асманда же жердин түбүндө болсо да Аллах аны таап келе алат. Аллах [абдан] Кылдат, [бардыгынан] Кабардар.
17. О, уулум! Намазды [ар дайым] окуп жүр, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтар жана өзүңө жеткен машакатка сабырдуу бол! Чынында бул нерселер бекем ниет менен аткарылчу иштерден…

(Куран, Лукман сүрөсү)

Балдарды тарбиялоо үчүн насаат
(же Лукман сүрөсүнөн ☝️ алынган кээ бир сабактар)

Шейх Абдурразак аль-Бадр айтты:

Чексиз Мээримдүү жана Боорукер Аллахтын ысымы менен. Ааламдардын Раббиси Аллахка бардык мактоолор болсун. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Ал жалгыз жана Анын эч бир шериги жок экенине мен күбөлүк беремин. Жана Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси экенине күбөлүк беремин. Ага, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына Аллахтын салават-саламдары болсун.

О, Аллах! Бизге пайдалуу нерсени үйрөт, үйрөткөн нерсеңден бизге пайда бере жана илимибизге илим кош! Биздин иштерибиздин баарын туурала жана бизди өзүбүздүн напсибизге көз ирмемчелик убакытка да тапшыра көрбө. О, Аллах! Биздин напсилерибизге такыбачылыгын бер, аларды (б.а. биздин напсилерди) тазала, Сен аларды тазалоочулардын эң жакшысысың, Сен алардын Валиййисиң жана Мавлясысың[1]

Андан соң:

? Аллах Таала бул “Лукман” сүрөсүнүн аяттарында бир улуу инсан тууралуу эскерди. Ал кишиге даанышмандык бергенин, ага үгүт-насаат кылуунун туура жолун үйрөткөнүн эскерди. Ошондой эле Лукман өз уулуна айткан акыл насаатын, бизге үлгү болушу үчүн, бул окулуп жаткан аяттарда эскерди. Ошондуктан балдарын жакшы өстүрүп-тарбиялаш үчүн ата-энелер, тарбиялоочулар ушуга көңүл бурушсун. Аталган берекелүү аяттардан алынган сабактардын ичинен мен эң негизги он насаатка гана токтолоюн.

?1️⃣ Даанышмандык (хикмат) деген эмне?

Даанышмандык — бул ар бир нерсени өз ордуна коё билүү. Бул Аллах Тааладан пендеге берилген бир белектир. Аллах Өзү каалаган гана пендесине даанышмандуулук тартуулайт. Ошондуктан пенде дайыма Аллах Таалага жүзүн буруп, багынып, жалынып-жалбарып өзүн төмөн алып моюн сунган абалда буйруктарын аткаруусу керек.

Aлбетте жакшылыктардын баары Аллахтын колунда, Аллах аны Өзү каалаган пендесине багыштайт. Аллах улуу пазилеттин Ээси.

?2️⃣ Таухид

Эң маанилүү жана улуулугунда талаш болбогон насаат – Таухид (Биркудайчылык) жана Ихлас, б.а. Жалгыз бир Аллахтын Өзүнө гана сыйынуу, амалдарды Ага гана арноо; жана ширктен тазаланып андан алыс болуу насааты.

Ошондуктан, Лукман бизге көрсөткөндөй — баардык нерсе таухидден башталат, таухид баарынан алдын турат. Ал баласына кайрылып, маанилүү жана баалуу болгон осуяттарын ширктен кайтаруудан баштап: “Оо, уулум! Аллакка шерик кошпогун!…” дейт.

Демек, ата-энелер, тарбиячылар жана мугалимдер ушул жолду карманышып, таалимдеги эң биринчи жана эң чоң маани бериле турган маселе бул – Таухид экенин билишсин. Чындыгында, Таухид менен Ыклас — Аллах Тааланын дининин негизи, жана бардык пайгамбарлардын дааватынын маңызы (аларга Аллахтын салават-саламдары болсун).

?3️⃣ Баланы үйрөтүү — насаат түрүндө болсун

Бул улуу аяттардан алынган үчүнү пайда: сабактар жана кеңештер — насаат (ваъз) — түрүндө болуусу зарыл.

Насаат – бул жакшы иштерге, аларга берилчү сооп-пазилеттерин кошо эскерүү менен үндөө; жана арам-жаман амалдарды эскерткенде, ошону менен бирге анын акыбети жана жазасы бар экенин айтуу. Себеби үгүттөлүп жаткан киши муну түшүнүүсү керек. Жөн эле тыйып коюу жетишсиз, бирок ага зыяндуулук жана жаман натыйжаларын жакшылап түшүндүрүү зарыл. Ошол үчүн Улукман баласына “Оо, балам, Аллахка ширк кылбагын! Ширк деген — бул чоң зулум!” деп, уулуна ширктин зыяндуулугун, ал эч бир талашсыз эң чоң адилетсиздик экенидигин баяндап жатат.

?4️⃣ Бала ата-эненин кадырын билип чоңойсун

Балдарды тарбиялоонун негиздеринин бири – балдар ата-эненин кадыр баркын билүүсү. Тарбияда бул аябай керек. Бала кичинекейинен атасы ким, апасы ким экенин байкап жүрсүн, б.а. атанын баалуулугун жана ордун түшүнсүн, эненин баалуулугун жана ордун түшүнсүн. Ал эми бул түшүнүккө – ата-эне тарабынан балдарга кылынган жакшылыктарды аларга эскертип туруу менен – жетсе болот:

Энеси аны кыйналып боюнда көтөрүп, кыйналып төрөдү. Аны [боюнда] көтөрүү жана [сүттөн] ажыратуу убактысы отуз ай≽ (Куран, аль-Ахкоф 46:15).

Бул аят бизге ата-эне кандай бийик даражада турат экенин сүрөттөп жатат.

Бала жаш чагынан ата-энени сыйлоо, аларды кадырлап барктоо эмне экенин билип чоңойсун. Эгерде бала ата-энесинин баркын билбей чоңойсо — анда тентек, бейбаш, ата-энесине ак, мамилелерди үзгөн, ата-эненин акысына көңүл бурбаган, алардын алдындагы милдетин аткарбаган бала болуп өсөт.

?5️⃣ Бала Акыр Кыямат Күнгө ыйман келтирип чоңойсун

Бешинчи сабак ал – акыреттеги жашоону жана Аллах Тааланын алдына барууну эскертүү. Бул напсилерди оңдоодо жана адамдарды тарбиялоодо эң приоритеттүү негиздерден. Бул нерсе дайыма болуусу керек, мейли, жакшылыкка үндөөдө болсун, мейли арам иштерден тыйууда болсун.

Аллах айтты: “[Өлгөндөн] кийин Мага кайтасыңар” (31:15).

Адам акыры барчу жерин унутпасын. Ал аны дайыма эстеп жүрүүсү керек. Ошол үчүн аалымдар айтышат, Кыямат күнүнө ыйман келтирүүнүн эки тепкичи бар:
1) милдеттүү ыйман,
2) бекемделген ыйман.

Экөөнүн айырмасы:
* Милдеттүү түрдө болчу ыйман жок болсо – эч амал жана ишеним кабыл болбойт. Кимде ким Акырет күнүнө шектенсе – ыймандан чыкты, каапыр болду. Кимде ким Акыретке шектенсе – ал шектенүүсү динден чыгаруучу каапырчылык жана бүт амалдарын жок кылат. Аятта айтылгандай: “Алар Акыретке ыйман келтиришпейт” (41:7). Кимде ким Кыяматтын акыйкатына күмөндөнсө — анда ал динден чыгаруучу, бардык амалдарды жок кылуучу каапырчылык (куфр) кылды делет.

* Ал эми бекемделген ыйман — ал дайыма жүрөктү коштоп, адамдын ар бир амалында кошо жүрөт. Пенде ибадатын Акыреттеги соопко жетүү үчүн аткарып калат. Аятта айтылат: “Ал эми, кимде-ким Акыреттик соопту каалап, ыймандуу болуп, аракетин ошого арнаса — алардын аракеттери кабыл алынган” (17:19). Ошондой эле пенде күнөө ишти кылууда же Аллахка моюн сунуудан алыстаганда — жүрөктөгү анын ыйманы ага эскертүү берет. Ошол үчүн адам Аллахтын алдына баруусун, кайра тирилүүсүн, эсеп-кысап, жаза болуусун, өзүн Аллахтын астында тураарын эстеп жүрүшү керек.

?6️⃣ Жаштайынан баланы намазга тарбиялоо

Алтынчы сабак – тарбияда балдарды кичинекейинен намазга үйрөтүү керек.

Балдар жаштайынан намаз менен чоңоюшу зарыл. Аларга Аллахтын дининдеги намаздын ордун баяндап, аларды жаштайынан көндүрүү лазым.

Хадисте келет: “Балдарыңар жети жашка толгондо намазга буйругула (үйрөтө баштагыла), ал эми он жашка келгенде ургула [тарбия ирээтинде, намаз окубагандыгы үчүн]” (Абу Дауд: 495).

Ошол себептен Лукман баласына “Оо балам, намаз оку” деген насааты эң биринчи сөздөрүндө келет. Баласына намаз окууну насаат кылды. Ал эми намаз окуу (икоомат ас-солят) дегендик – аны калтырбастан өз убагында, бүт шарттарын жана рүкүндөрүн аткарып, толук көңүл буруп аткаруу.

?7️⃣ Мурокоба

Көптөгөн ата-энелер тарбия процессинде кетирүүчү ката: балага Аллахтан коркуу керек экендигин, анын жүрөгүнө Аллах Таала аны көрүп турат экенидигин (мурокоба) эскертүүгө [көңүл бурушпагандыгы].

Ошол үчүн Лукман өз баласына кайрылып айтат: “Оо, уулум! Чынында ал (сен жасаган жакшы же жаман иш) сары кычы өсүмдүгүнүн данынчалык (майда) нерсе болуп, чоң аска таштын ичинде же болбосо, асманда же жердин түбүндө болсо да — Аллах аны таап келе алат. Аллах [абдан] Көрөгөч [бардыгынан] Кабардар” (31:16).

Көпчүлүк ата-энелер балдарын коркуткусу же бир нерседен тыйгысы келсе, аларга “Мен артыңдамын”, “мен сени көрүп жүрөм” “Мен…, мен…” деген сөздөрдү айтышат.

? Бул туура эмес ыкма. Бул тарбиялоонун ката жолу.

Тескерисинче, баланы Аллах Таала баарын көрүп билип турат экендигин эскертүү менен өстүрүш керек, балаңа минтип үйрөт: “Эгер сен бир күнү жалгыз калып калсаң, жалгыз калдым дебегин, тескеричинче “Мени көзөмөлдөгөн зат бар” деп айтып жүр”.

Ошол үчүн Лукман баласына ушул улуу ыймандын данын септи. “Оо, уулум! Чынында ал (сен жасаган жакшы же жаман иш) сары кычы өсүмдүгүнүн данынчалык (майда) нерсе болуп, чоң аска таштын ичинде же болбосо, асманда же жердин түбүндө болсо да — Аллах аны таап келе алат. Аллах [абдан] Көрөгөч [бардыгынан] Кабардар” (31:16).

?8️⃣ аль-Асма аль-Хусна

Аллах Тааланын көркөм ысымдарын (аль-асма аль-хусна) жана Улуу Сыпаттарын таанып-билүү жана балдарга жашынан аларды үйрөтүү. Балдар Аллах Тааланы жана Анын Ысым-Сыпаттарын билип чоңоюлары керек.

Педагогикалык процессте Аллах Таалага ыйман келтирүүнүн жана Анын Ысым-Сыпаттарын үйрөнүүнүн таасири өтө чоң, мейли ал моюн сунууда болсун, мейли күнөөдөн кайтарууда болсун.

Ошол үчүн балдарга Аллах Тааланын Ысым-Сыпаттарын таанытып, аларды эскертип, маанилерин түшүндүрүү керек. Ким Аллахты эң көп тааныса, ошончолук такыба болот, ошончолук ибадатында бекем болот жана ошончолук күнөөлөрдөн алыс болот.

?9️⃣ Амр ма’руф нахий мункар

Балдарды үйрөтө турган эң чоң маселелердин дагы бири — көңүл бургула ❗️ балага жакшылыкты үйрөтүү менен бирге ошол жакшылыкка башкаларды чакырууну дагы үйрөтүү керек❗️

“Эгер сен даават кылбасаң, сага даават кылышат” – демекчи.

Эгер бала сооп амаладарды аткаруучу болуп чоңойсо жана ошол эле убакта ошол сооп амалдарга башкаларды чакырса — пайда алат. Мүмкүн ал досторуна айтса, досторунун арасынан жакшылыкка ээрчүүчүлөр табылып, анын себебинен туура жолго түшөөр. Канчалаган жаш балдар өздөрүнүн досторунун насааттарынын айынан туура жолго түшүшкөн!

Экинчиден, кылган дааваты балага чеп-коргон сымал болуп берет. Эгер ал бала башкаларга үгүт-насаат кылуусу менен белгилүү болсо — жок дегенде жаман адамдар андан алыс болот — эгер, ал баладан пайдаланышпаса да.

?? Баланы жакшы адеп ахлак ээси болууга тарбиялоо

Акыркы, онунчу пайда “жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу” — жаштарды адеп-ахлакка, жакшы мүнөздүү болууга тарбиялоонун маанилүүлүгү. Себеби бала туура акыйда, туура ибадат менен бирге жакшы адеп ахлак ээси болсун.

????? ????? ?????

Бул — улуу аяттан алынган КЭЭ БИР пайдалар гана. Бул темага байланыштуу “Лукман Хакимдин окуясынан алынчу пайдалар” ? аттуу басылып чыккан эмгегим бар. Ал китептин негизине Хаиль (Сауд Аравиясы) шаарында өткөн лекция коюлган эле.

 

? Берешен жана Улуу Арштын Ээси болгон Аллах Тааладан, Анын көркөм ысымдары жана улуу сыпаттары аркылуу сурайбыз: баарыбызга үйрөткөн нерселерден пайда алуубузду жана илимибиздин көбөйтүүсүн, жана бүткүл иштерибизди оңдошун жана бизди өзүбүзгө бир көз ирмемчелик убакытка да таштабашын тилейбиз.

Лукмандан Аллах ыраазы болсун жана Бейиште даражасын көтөрсүн. Жана Аллах Таала олуяларын, салих пенделерин эмне менен сыйласа аны дагы ошондой кылып сыйласын. Аны жана бизди пайгамбарлар, чынчылдар, шейиттер, солихиндер менен Бейиш бакчаларында чогултсун. Аталгандар кандай сонун жандоочтор!

? О Аллах, бүткүл иштерибизди оңдогун жана өзүбүздү өзүбүзгө бир көз ирмемчелик убакытка да таштабагын. Оо, Аллах, Оо Рабби! Сенин кооз ысымдарың жана бийик сыпаттарың менен сурайбыз: урпактарыбызды диндар перзенттерден кыл. Оо Аллах аларды оңдогун, аларга такыбалыкты, түз жолуңду тартуула жана аларды фитналардан, жамандыктардан, бузуку чакыруучулардан сакта. Оо Аллах, солих пенделериңди сактаган нерсе менен биздин балдарыбызды да сакта. Оо Аллах биздин урпактарды намаз окуучулардан кыл!

Оо, Ааламдардын Роббиси, Сага жакын салих пенделериңди Өзүңө дос тутуп жаман нерселерден сактагандай балдарыбызды да Өзүңө жакын дос тутуп жамандыктардан сактай көр!

Оо, Аллахым бизди жана биздин урпактарды ачык жана жашыруун болгон фитнадан сактануучулардан кыл.

 


[1] Валийй, Мавля – араб тилинде “камкордук кылуучу”, “өз кепилдигине алуучу”, “иштерди башкаруучу”, “жардам берүүчу”, “коргоочу” деген маанилерди түшүндүрөт — котормочудан

MP3 форматында көчүрүп алуу 3.5 Мб

 

 

Ютубдан Видео форматта көрүү 720 HD

 

 

 

@islamjolu
Telegram / FB / VK / Ok / Twitter

Share

You may also like...