❗️ Күйөөсү ИГИЛ террористтик уюмуна кирип кетиптир…

Шейх Убайд аль-Жабирийдин адашкан террордук топторго, каршы берген жообу.

СУРОО. Урматту шейх! Аллах сизди жакшылыктар менен сыйласын! Чет өлкөлөрдүн биринен карындашыбыз суроо берип жатат: Жолдошу ИГИЛ деген террордук топко кошулам деп андан кайтарган аалымдарды тилдеп согуп, аялынын насаатын кабыл кылбайт экен. Сиздин насаат беруунузду суранууда? Аллах сизди жакшылык менен сыйласын.

ЖООП. Шейх Убейд аль-Жабири айтты:

1️⃣ Биринчиден: Эгер ага чындыгында жетишээрлик деңгээлде насаат кылынып андан баш тарткан болсо, «хулуъ» {сураганга} акың бар. Эгер кудретиң жетсе «хулуъ» сурагын.

(Хулуъ — аял өз башын бошотуу үчүн күйөөсүнө мен сага баланча акы төлөймүн анан менин талагымды бересиң деп шарт койсо, буга күйөөсү макул болсо бул келишим хулуъ болуп аталат).

2️⃣ Экинчиден: Эгер мамлекет террордук топторго каршы күрөшсө, анда жолдошуңду укук коргоо органдарына кабарлайсың. Же аларга кабарлай ала турган мусулман бир туугандарыңа айтууң керек.

Мына ушул эки нерсе менен, ин шаа Аллах, мойнуңдагы жоопкерчиликтен кутуласың.

Оригиналы бул жерде.

МР3 түрүндө көчүрүп алуу.

 

 

ИсламЖолу Ютуб каналынан көрүү.

 

 

 

@islamjolu
Telegram / FB / VK / Ok / Twitter

 

Share

You may also like...