Бул дүйнө мусулман үчүн түрмөбү?

Бул дүйнө момундун түрмөсү каапырдын бейиши – деген хадистин мааниси

Шейх Мухаммад Ибн Солих ибн Усеймин (Аллах ырайымына алсын)

Суроо

Абу Хурайра риваят кылган пайгамбардын (саллоЛлаху алейхи ва саллям) “Бул дүйнө момун мусулмандын түрмөсү жана каапырдын бейиши” деген хадистин мааниси кандай?

Жооп:

Бул хадистин мааниси мындай деп түшүндүрүлөт: Бул дүйнөнүн жыргалчылыктары көп болгонуна, үйлөрү жалтыраганына карабастан. күндөрү бейпилчиликте өтүп жатканына карабастан бул дүйнө момун мусулман үчүн түрмө сыяктуу. Анткени момун жыргалчылыктын эң жакшысын, эң толугун жана эң бийигине жетем деген үмүттө болот.

Ал эми каапыр үчүн бул дүйнө бейиш, себеби ал бул дүйнөнүн жыргалчылыгында жашап акыретти унутат. Аллах Таала алар жөнүндө айткандай болот: “…

Каапырлар болсо, (бул дүйнөдө) пайдалана беришет жана айбандар сыяктуу жеп-ичишет. Алардын орду — тозок!”. (Мухаммад 12).

Эгер каапыр өлсө, ал алдынан тозоктон башка эч нерсени таппайт, андан Аллах сактасын! Каапырды тозок гана күтөт, ошол үчүн бул дүйнөдө кайгы капа, жетишпестик, кыйынчылыгы көп оор жашоо каапыр үчүн бейиш сыяктуу болуп калат.

Анткени ал бул дүйнөдөн акыреттин азабына тозок азабына барат, андан Кудай сактасын! Ошол үчүн каапырга бул дүйнө бейиш сыяктуу..

“Фатхуль-Баарийнин” ээси Ибн Хажар аль-Аскаланий (Аллах мээримине алсын) жөнүндө мындай деп айтылат. Ал өзүнүн мезгилиндеги Мисирдин (Египет) казысы болгон эле. Күндөрдүн биринде ал араба менен адамдар топтолуп турган базардын жанынан бара жатканда аны бир жөөт токтотуп ага айтат, силердин пайгамбарыңар айтты элего “Бул дүйнө момун мусулмандын түрмөсү жана каапырдын бейиши” деп. Ал эми сенин мындай жетишкендикте бай болуп жүрүшүң кандай? — аны менен ал өзүн кембагал кедей жөөт экенин билдирип бул кандай болуп калат дейт?

Анда ага Ибн Хажар (рахимахуллоху) жооп берет:

Мени жана мендеги болгон бардык байлыкты жана кызматкерлерди кандай көрүп турсаң, мунун бары момун мусулманды бейиште күткөн жыргалчылыктардын алдында түрмө сымал. Ал эми сен жана сенин кембагал байкуш болуп жүргөн абалың, тозокко түшкөн каапырдын абалына салыштырмалуу бейиш сыяктуу болуп калат.

Анын айткан жообу жөөткө абдан жагып ал дароо келимени оозуна алып: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад Анын элчиси — деп күбөлүк берет.

 

 Булак : (Фатуа нур ала дарб 111/64)

◉ Ислам жолу

Share

You may also like...