Чыныгы жашоо акырет жашоосу

Чыныгы жашоо акырет жашоосу

Мухаммад Солих ибн Усеймин (Аллах ырайымына алсын) айтты:

Солих амалдарды жасаган момун адам гана бул дүйнөдө жакшы жашоого жана акыретине чоң соопго ээ боло алат.

Аллага касам ичип айтамын Эгер ыйман келтирип соолих амал кылбаган падышалардын, алардын балдарын жана байлардын балдарынын жашоосуна жакшылап карап жана ошондой эле ыйман келтирип солих амалдарды кылгандардын жашоосун жакшылап карасан, экинчилери бейпилчилик жашоодо көнүлү ток көкүрөктөрү кенен кең пейилдикте бактылуу өмүр сүрүп атканын көрөсүн!

Анткени бүткүл асмандардагы жана жердеги казыналар Аллахтын колунда Ал Өзү камсыздайт.

Аллах Таала айтты: “Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп жакшы иштерди кылса, анда Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз”. (Нахл сүрөөсү, 97-аят).

Ошондой эле момун мусулмандын сооп амалдарды чын жүрөгү менен сүйүп ага маани берип, Аллах Тааланын насибине жана маңдайга жазган тагдырына ыраазы болуп аткарганын көрөсүң. Эгер момунга жакшылык келсе, ал, Аллахка шүгүр кылат, ал эми анын жашоосунда кыйынчылык келсе, ал ага сабыр кылып өзүнүн өткөн кылган иштери үчүн Аллахтан кечирим сурайт. Себеби кыйынчылык ага анын күнөөлөрү үчүн келгенин билет, ошол үчүн момун мусулман Аллах Таалага кайтат.

Пайгамбар (саллоЛлаху алейхи ва саллям) айткан: “Момундун жашоосу кандай таң калыштуу, андай нерсе бир гана момундан башка эч кимге берилген эмес, эгер жакшылык келсе ал, Аллахка шүгур келтирет, жана ошол нерсе анын өзү үчүн жакшылык болот. Ал эми анын башына кыйнчылык келсе, ага сабыр кылат, жана ошол нерсе ал үчүн жакшылык”, Пайгамбар (саллоЛлаху алейхи ва саллям) чындыкты айткан.

Демек Аллах Тааладан берилген нээматтардын ичинен адамдар үчүн эң жакшысы бул – дин. Анткени дин аркылуу инсан өзүнүн дүйнө жашоосун жана акырет жашоосун оңдойт.

Акыкайкатта чыныгы жашоо бул –акырет жашоосу, буга далил Аллах Тааланын аль-Фажр сүрөөсүндө келген : “(Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт”. (Фажр сурөөсү 24 аят).

Бул дүйнө эч нерсеге арзыбайт, чыныгы жашоо бул — акырет жашоосу. Кимде ким акырет үчүн амал кылса, ал бул дүйнөдө бактылуу жашоодо болот. Ошол үчүн момун мусулман сооп (солих) амалдарды аткаруу менен эки дүйнөдө тең бактылуу жашоого жетишет: бул дүйнөдө жана акырет жашоосунда.

Ал эми каапыр бул дүйнөдө жана акыретте жоготууга учурагандардан болот “…Айт: «Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирген адамдар чыныгы зыян тартуучулар! Көңүл бургула: Анык зыян тартуу — ушул!” (Зумар сурөөсү 15 аят).

Булак : Аамма жүзүнүн тафсири (1/77)
◉ Ислам жолу

Share

You may also like...