Саждада окулуучу дуа зикирлер

Саждада адам баласы көп-көп дуа кылуусу керек. Себеби ал жерде дуалар кабыл болот. Пайгамбар (саллАллаху алейхи уа саллам) айткан :
أقرب ما يكون العبد من ربه وهو ساجد ، فأكثروا الدعاء
Роббисине кулу эн жакын болгон убакыт сажда учуру, ошондуктан көп дуа кылгыла.
(Муслим 966)

Хузайфа ибн Яман (Аллах андан ыраазы болсун) сахаба айтат : Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) сажда кылганда “Субхана Роббия аль-Аала — деп үч жолу айтаар эле. (Сахих Муслим 1297)

سُبْحَانَ رَبِّيَ الأَعْلَى

Субхана Роббия аль- Аа`ла

Мааниси : Роббим ар кемчиликтен Таза жана Бийик

 

 

Аиша энебиз айтат: Пайгамбар (саллАллаху алейхи уа саллам) ……. саждада ушул дуаны көп айтаар эле.

سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي

Субхананака Аллахумма роббана уа бихамдика, Аллахумма игфир ли (Бухари 761 Муслим 484)

Мааниси : Аллахым Сен Бийиксин, Тазасың.Сага Мактоолор болсун мени кечире көр.

 

 

Аиша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат : Пайгамбар (саллАллаху алейхи уа саллам) руку саждада айтаар эле :

سُبُّوحٌ قُدُّوسٌ رَبُّ الْمَلائِكَةِ وَالرُّوحِ
Суббуухун куддуусун роббул малааикати уа арруух
(Муслим 487)

Мааниси : Периштелердин жана Жебрейилдин Роббиси ар кемчилик айыптардан Таза -Улук.

 

 

Абу Хурайра ( Аллах андан ыраазы болсун) сахаба айтат : Пайгамбар (саллАллаху алейхи уа саллам) сажда кылган учурда айтаар эле :

اللهُمَّ اغْفِرْ لِي ذَنْبِي كُلَّهُ دِقَّهُ وَجِلَّهُ، وَأَوَّلَهُ وَآخِرَهُ وَعَلَانِيَتَهُ وَسِرَّهُ
Аллахумма игфир ли занби куллаhу диккаhу уа жиллаhу, уа аvvалаху уа ахираhу уа аланиятаhу уа сираhу.
( صحيح: أخرجه مسلم 483

Мааниси : Оо Аллах, күнөөмдун, азын дагы көбүн дагы, башкысын жана акыркысын, ачык кылганды дагы сыр кылганды дагы бардыгын кечире көр.

 

Али ибн Аби Толиб ( Аллах андан ыраазы болсун) сахаба айтат : Пайгамбар (саллАллаху алейхи уа саллам) сажда кылган учурда айтаар эле :

اللَّهُمَّ لَكَ سَجَدْتُ، وَلَكَ أَسْلَمْتُ، وَبِكَ آمَنْتُ، سَجَدَ وَجْهِي لِلَّذِي خَلَقَهُ وَصَوَّرَهُ فَأَحْسَنَ صُورَتَهُ وَشَقَّ سَمْعَهُ وَبَصَرَهُ، تَبَارَك أَحْسَنُ الْخَالِقِينَ

Аллахумма лака сажадту, уа лака асламту, уа бика ааманту, сажада уажхи лиллази халакаху уа саvvараху Фа ахсана суратаху уа шакка сам аху уа басараху, табарака Аллаху ахсана Ал-хааликиин. (Ибн Маажа 1044)

Мааниси : Оо Аллах, Сага сажда кылдым, Сага моюн сундум, Сага ыйман келтирдим. Жаратып сөлөкөт берип, эң чырайлуу жаратып, ага угуу жана көрүү сыпатын берген Ыйык Жаратуучу Аллахка жүзүм сажда кылды.

 

رَبِّ اغْفِرْ لِي مَا أَسْرَرْتُ وَمَا أَعْلَنت

Роббигфирли ма асрарту уа ма аّланту
أخرجه النسائي (2/220
Мааниси : Оо Роббим менин жашыруун жана ачык кылган күнөөлөрүм кечире көр.

 

اللهُمَّ أَعُوذُ بِرِضَاكَ مِنْ سَخَطِكَ، وَبِمُعَافَاتِكَ مِنْ عُقُوبَتِكَ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنْكَ لَا أُحْصِي ثَنَاءً عَلَيْكَ أَنْتَ كَمَا أَثْنَيْتَ عَلَى نَفْسِكَ
Аллахумма ауузу биридоока мин сахатика, уа бимуфатика мин укубатик. уа аузу бика минка ла ухси санаан, кама анта аснайта ала нафсика.
(أخرجه مسلم 486)

Мааниси : Оо Аллах, Сенин ыраазылыгың менен каарындан коргоном, кечиримиң менен азабындан коргоном. Мен сени менен ( жазаңдан) сактооңдү сураймын. Мен Сени ылайыктуу Өзүңдү мактагандай кылып мактай албайм.

www.islamjolu.kg

Share

You may also like...