Эмне үчүн балээ келет? — Күнөөнүн кесепети 🥀

⚡️ Аллах Таала айтты: «Силерге кандай гана балээ-апаат жетпесин, ал колуңар кылган (күнөөңөр) себептүү…» (Куран, аш-Шуура 42:30).

☁️ Аллах Таала айтты: «Жерде жана деңизде (ар кандай) апааттар пайда болду, адамдар жасаган күнөөлөрү себептүү. Аларга кылмыштарын(ын азабынын бир бөлүгүн) таттырыш үчүн. Кана эми (Туура Жолго) кайтышса!» (Куран, ар-Рум 30:41).

🦠 Аллах Таала айтты: «…Ошондон соң Биз заалымдарга бузукулук кыл­гандары үчүн асмандан азап түшүрдүк» (Куран, аль-Бакара 2:59).

🍂 Аллах Таала айтты: «Ким Аллаhка жана Анын элчисине каршы чыкса, [билип алгыла] чынында, Аллаhтын азабы катуу!» (Куран, аль-Анфаль 8:13).

☄️ Аллах Таала айтты: «…Эч бир шексиз Биз аларга (Кыямат Күнү болчу) чоң азапка чейин, жакыныраак (төмөнүрөөк) азапты да таттырабыз, алар (күнөөлөрүнөн) кайтышсын деп» (Куран, ас-Сажда 32:21).

🥀 Аллах Таала айтты: «Эгер айылдардын элдери ыйманга келип, такыба болушса, Биз аларга асман-жердин берекелерин ачып коймокпуз. Бирок, алар Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, кылмыштарына жараша кармадык (азап-жаза бердик)» (Куран, аль-А’раф 7:96).

💥 Аллах Таала айтты: «(Мурунку заманда) нечендеген айыл-шаар (элдери) Раббисинин жана Анын пайгамбарларынын буйругунан баш тартышты. Анан Биз алар менен катуу эсептешип, жагымсыз азаптарга салдык» (Куран, ат-Талак 65:8).

🔥 Аллах Таала айтты: «Бардыгын өз күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылдык: Кээ бирөөсүнө таш-жамгыр жаадырдык, кээ бирөөлөрүн ачуу айкырык кыйратты, кээ бирөөсүн жерге жуткурдук жана кээ бирин (сууга) чөктүрдүк. (Демек) Аларга Аллаh зулум кылбады. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты» (Куран, аль-‘Анкабут 29:40).

🌪 Аллах Таала айтты: «(Эй, адамдар) асмандагы Зат (Аллах) силерди жерге жуткуруп жиберүүсүнөн (тап-такыр) тынчсыңарбы?! Капысынан ал (жер) чайпалып кетсечи?! Же болбосо, силер, асмандагы Зат үстүңөргө таш учурган катуу шамал жиберишинен амансыңарбы!? Жакында Менин эскертүүм кандай экенин билип аласыңар!» (Куран, аль-Мульк 67:16-17).

Аллах Таала айтты: «Айт: “Жер жүзүн кезгиле жана (өзүңөргө окшогон) күнөөкөрлөрдүн акыбети эмне болгонун көрүп алгыла”.   Сен алардан капа болбо жана айлакерликтеринен сыгылба.  Алар: «Эгер чынчыл болсоңор, бул убада (азап) качан?» дешет. Айткын: «Шаштырып жаткан нерсеңердин кээ бири балким аркаңардадыр (жакын калгандыр)» (Куран, ан-Намль 27:69-72).

@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

Share

You may also like...