Чоң Аалымдар Кеңеши, ЭПИДЕМИЯ таркалган учурда, ЖУМА жана ЖАМААТ намаздарына катышуу тууралуу фетва чыгарды

🇸🇦 КАБАР. Сауд Аравиясы.

Чоң Аалымдар Кеңеши, ЭПИДЕМИЯ таркалган учурда, ЖУМА жана ЖАМААТ намаздарына катышуу тууралуу фетва чыгарды
( قرار رقم 246 سنة1441هـ)

Бул фетвада Чоң Аалымдар Кеңеши айтат:

① Ооруган кишиге, Жума жана жамаат намаздарына келүү, тыюу салынат.

Пайгамбар ﷺ айтты: «Оорукчан төөлөрү бар киши, соо төөлөрү бар кишинин жанына малын алып келип, сугарбасын» 📔 (Бухари: 5771; Муслим: 2221).
Пайгамбар ﷺ айтты: “Эгер силер бир жерде чума бар деп уксаңар, ал жакка кирбегиле. Ал эми ал силер жашаган жерде жайылса, анда, качып ал жерди таштап кетпегиле!” 📚 (Бухари: 3473; Муслим: 2218).

② Ким атайын органдар тарабынан санитардык изоляцияга киргизилген болсо, ал аны аткарууга милдеттүү жана Жума менен жамаат намаздарына катышпайт.

Ал киши намаздарын үйүндө же изоляция болгон жеринде окуйт.
Шарид ибн Сувейд ас-Сакафи (радияЛлаху анху) риваят кылат: «Сакиф уруусунан бир жамаат [ант бериш үчүн] келген эле, жана алардын ичинде ала [лепра] оорусуна чалдыккан бирөө бар экен. Пайгамбар ﷺ ага “Кайтып кете бер! Биз сенин антыңды кабыл кылдык”, — деп айттырып, киши жөнөтөт» 📚 (Муслим: 2231).

③ Ким зыян көрүүдөн чочуласа же өзү башкаларга зыян келтирүүдөн корксо, анда ага Жума жана жамаат намаздарына катышпай коюу уруксат.

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Өзүңө да, башкаларга зыян бербе» 📔 (Ибн Мажа: 2340).

Бардык учурларда, ким Жумага катышпаса, төрт рекет пешим окуйт.

Ошону менен эле бирге, Чоң Аалымдар Кеңеши, ар бир адамга атайын органдар тарабынан коюлган инструкцияларга баш ийүүнү сунуштайт. Ошондой эле, Аллахтан коркууну жана Ага дуба менен кайрылып, ушул балээнин кетишин суроону сунуштайт.

🖊 Чоң аалымдар кеңешинин төрагасы:
Муфтий Шейх Абдульазиз Аали Шейх

📡 Булак: SaudiaTV расмий мамлекеттик телеканалалы.

https://t.me/islamjolu/3724

Share

You may also like...