Коомдук толкундоолор (фитна) учурунда мусулман кандай болуш керек?

Имам аль-Бухари «Сахих» жыйнагы: «Фитналар» бөлүмү

Фитна — баш аламдандык, толкундоолор, сыноо, азап ж.б.

Фитна тууралуу хадистер.

💥 Абу Хурайра (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

سَتَكُونُ فِتَنٌ، الْقَاعِدُ فِيهَا خَيْرٌ مِنَ الْقَائِمِ، وَالْقَائِمُ فِيهَا خَيْرٌ مِنَ الْمَاشِي، وَالْمَاشِي فِيهَا خَيْرٌ مِنَ السَّاعِي ، مَنْ تَشَرَّفَ لَهَا تَسْتَشْرِفْهُ، فَمَنْ وَجَدَ فِيهَا مَلْجَأً أَوْ مَعَاذًا فَلْيَعُذْ بِهِ

  «Фитналар болот. Ал кезде турганга караганда отурган жакшыраак болот, чуркаганга караганда баскан жакшыраак болот. Ага (фитналарга) башын баккан, кирип кетет. Ошондуктан ким андан жашына турган жер же баш паана таба алса, ошону пайдалансын» (Бухари: 7081),
б.а. канчалык фитнадан алыс болсо, ошончолук саламаттыкта калат.

⚡️ Аз-Зубайр ибн ‘Ади риваят кылат: “(Убагында) биз Анас бин Маликке (радиаЛлаху анху) барып, ага аль-Хажжаждан көргөн кордуктарыбызды айтып даттандык эле, ал:

اصْبِرُوا ؛ فَإِنَّهُ لَا يَأْتِي عَلَيْكُمْ زَمَانٌ إِلَّا الَّذِي بَعْدَهُ شَرٌّ مِنْهُ حَتَّى تَلْقَوْا رَبَّكُمْ، سَمِعْتُهُ مِنْ نَبِيِّكُمْ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ.

 «Чыдагыла, силерге кандай заман келбесин, кийин сөзсүз андан да жаманыраагы келет жана бул силер тээ Раббиңерге жолукканга чейин (ошондой боло берет). Мен бул сөздөрдү Пайгамбарыңардан ﷺ  укканмын» — деди” (Бухари: 7068).
   аль-Хажжаж ибн Юсуф (714-жылы өлгөн) — Омеййад халифасы Абд аль-Малик ибн Марвандын (685-705) Ирактагы жана Хижаздагы башкаруучусу. Тарыхта өтө залым жана катаал эмир катары таанылган.

🗡 Абу Хурайра (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

لَا يُشِيرُ أَحَدُكُمْ عَلَى أَخِيهِ بِالسِّلَاحِ ؛ فَإِنَّهُ لَا يَدْرِي لَعَلَّ الشَّيْطَانَ يَنْزِعُ فِي يَدِهِ ، فَيَقَعُ فِي حُفْرَةٍ مِنَ النَّارِ

«Силерден эч ким өз бурадарына курал кезебесин, ал билбейт, балким шайтан анын колун буруп коёт, ошентип Тозоктун бир чуңкуруна түшүп калат» (Бухари: 7072),
б.а., шайтан анын колун бурадарына каршы багыттап, натыйжада ал аны өлтүрүп алып, тозокко түшөт.

📛 Ибн Масуд (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

سِبَابُ الْمُسْلِمِ فُسُوقٌ، وَقِتَالُهُ كُفْرٌ

   «Мусулманды сөгүү – күнөө (фасуук), ал эми ага каршы согушуу – каапырчылык (куфр)» (Бухари: 7076).

⚔️ Абу Бакрата (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

إِذَا تَوَاجَهَ الْمُسْلِمَانِ بِسَيْفَيْهِمَا، فَكِلَاهُمَا مِنْ أَهْلِ النَّارِ  قِيلَ فَهَذَا الْقَاتِلُ، فَمَا بَالُ الْمَقْتُولِ ؟ قَالَ : » إِنَّهُ أَرَادَ قَتْلَ صَاحِبِهِ

   «Эки мусулман кылычтары менен кездешсе, (өлтүргөн да өлгөн да), экөө тең тозокко түшүшөт». Сурашты: “Өлтүргөн киши (кылмышы үчүн), ал эми өлгөнүчү, ал эмне кылды?”. Айтты:«Ал да тигини өлтүрөюн деген (ниети үчүн)» (Бухари: 7083).

حُذَيْفَةَ بْنَ الْيَمَانِ يَقُولُ : كَانَ النَّاسُ يَسْأَلُونَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنِ الْخَيْرِ، وَكُنْتُ أَسْأَلُهُ عَنِ الشَّرِّ مَخَافَةَ أَنْ يُدْرِكَنِي، فَقُلْتُ : يَا رَسُولَ اللَّهِ، إِنَّا كُنَّا فِي جَاهِلِيَّةٍ وَشَرٍّ، فَجَاءَنَا اللَّهُ بِهَذَا الْخَيْرِ، فَهَلْ بَعْدَ هَذَا الْخَيْرِ مِنْ شَرٍّ ؟ قَالَ : » نَعَمْ «. قُلْتُ : وَهَلْ بَعْدَ ذَلِكَ الشَّرِّ مِنْ خَيْرٍ ؟ قَالَ : » نَعَمْ، وَفِيهِ دَخَنٌ «. قُلْتُ : وَمَا دَخَنُهُ ؟ قَالَ : » قَوْمٌ يَهْدُونَ بِغَيْرِ هَدْيِي، تَعْرِفُ مِنْهُمْ وَتُنْكِرُ «. قُلْتُ : فَهَلْ بَعْدَ ذَلِكَ الْخَيْرِ مِنْ شَرٍّ ؟ قَالَ : » نَعَمْ، دُعَاةٌ عَلَى أَبْوَابِ جَهَنَّمَ، مَنْ أَجَابَهُمْ إِلَيْهَا قَذَفُوهُ فِيهَا «. قُلْتُ : يَا رَسُولَ اللَّهِ، صِفْهُمْ لَنَا. قَالَ : » هُمْ مِنْ جِلْدَتِنَا ، وَيَتَكَلَّمُونَ بِأَلْسِنَتِنَا «. قُلْتُ : فَمَا تَأْمُرُنِي إِنْ أَدْرَكَنِي ذَلِكَ ؟ قَالَ : » تَلْزَمُ جَمَاعَةَ الْمُسْلِمِينَ وَإِمَامَهُمْ «. قُلْتُ : فَإِنْ لَمْ يَكُنْ لَهُمْ جَمَاعَةٌ وَلَا إِمَامٌ ؟ قَالَ : » فَاعْتَزِلْ تِلْكَ الْفِرَقَ كُلَّهَا، وَلَوْ أَنْ تَعَضَّ بِأَصْلِ شَجَرَةٍ حَتَّى يُدْرِكَكَ الْمَوْتُ وَأَنْتَ عَلَى ذَلِكَ «.

🔥 Хузейфа ибн Йаман айтты: Адамдар Аллахтын Элчисинен ﷺ жакшылык тууралуу сурашат эле, мен болсо жамандык тууралуу сурачумун, ошол нерсе мага жетип келбесе экен деп. Айттым: “О, Расулаллах, биз жахилияда элек, жамандыкта элек, бирок Аллах бизге ушул жакшылыкты алып келди. Эми, ушул жакшылыктан кийин жамандык болобу?”. (Пайгамбар ﷺ): «Ооба», — деди. “Ал жамандыктан кийинчи? Жакшылык болбу?”, — деп сурадым. Ал: «Ооба, бирок толук эмес», — деди. Мен: “Анын кемчилиги эмне?”, — десем, айтты: «Менин жолумду (хадйу) карманбаган коом. (Алардын иштеринин) кээ бирин жактырасыңар, кээ бирин жактырбайсыңар». Айттым: “Бул жакшылыктан кийин жамандык болобу?”. Айтты: «Ооба. Жаханнам эшиктеринин алдындагы чакыруучулар. Ким аларга жооп берсе, алар аны тозокко ыргытышат». Мен: “Алардын сыпаттарын бизге айтып бериңиз”, — дедим. Ал: «Өзүбүздүн эле катардагы, биздин тилдеги адамдар», — деди. “Ал нерсеге туш болсом, эмне кыл дейсиз?”, — десем, айтты: «Мусулмандардын жамаатын жана эл башчысын карман», — деди. “Алардын жамааты да, эл башчысы да жок болсочу?”, — десем: «Анда, ал тайпалардын бардыгынан алыс бол, керек болсо дарактын тамырын тиштеп алууга туура келсе да (ошендой кыл), качанга дейре сага өлүм келсе, сен ошол акыбалда бол», — деди (Бухари: 7084).
   “Менин жолумду карманбаган коом”, — деп Шариатка ылайык башкарбаган эл башчыларды айтып жатат.

🏔 Абу Саид аль-Худри (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

يُوشِكُ أَنْ يَكُونَ خَيْرَ مَالِ الْمُسْلِمِ غَنَمٌ، يَتْبَعُ بِهَا شَعَفَ الْجِبَالِ وَمَوَاقِعَ الْقَطْرِ ، يَفِرُّ بِدِينِهِ مِنَ الْفِتَنِ

   «Жакында, мусулмандын эң жакшы малы койлор болуп калат. Аларды алып тоолордун кырларында, жаан жааган жерлерде жүрүп калат. Динин сакташ үчүн фитналардан качып» (Бухари: 7088).

🎇 Ибн Умар (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

إِذَا أَنْزَلَ اللَّهُ بِقَوْمٍ عَذَابًا، أَصَابَ العَذَابُ مَنْ كَانَ فِيهِمْ، ثُمَّ بُعِثُوا عَلَى أَعْمَالِهِمْ

  «Аллах кайсы коомго жаза жиберсе, ал андагылардын баарын кыйратат, (бирок) кийин кылган иштерине жараша тирилтилет» (Бухари: 7108),
б.а. эгер коомдо күнөө иштер көбөюп, акыл-эстүү жана такыбалары андан адамдарды тыйышпаган болсо, азап келип бардыгын бирдей күм-жам кылат, бирок Акыр Кыяматта ар бири кылып жүргөн ишине жараша тирилтилет – жакшы адамдардын акыбети жакшы, жамандардыкы жаман болот.

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

Share

You may also like...