Тообо кылуу жана анын шарттары — Шейх аль-Усеймин

❓ СУРОО. Чыныгы тообо кылуу-га бет алып, ибадат аткарган пендени Аллах кечиреби? Ал адамдын бул дүйнө жана акыретте акыбалы кандай болот?

? ЖООП. Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин айтты:

Аллах ар-бир тообо кылган адамдын тообосун кабыл кылат. Эгерде ал, өз тообосунда чынчыл болуп жана беш шартты аткарса.

Тообо кылуу шарттары:

1️⃣ Аллах Таала менен ыкластуу болуу. Күнөөнү Аллах үчүн, ихлас менен таштоо. Адам тообосун бул дүйнө үчүн эмес, же акча үчүн эмес, бир гана калыс Жараткан үчүн кылуусу зарыл.

2️⃣ Адам өз кылгын күнөөлөрү үчүн өкүнүү, капалануусу зарыл. Себеби (кылган жаман иштери учун) өкүнүү, бул ал адамдын чынчылдыгына далил болот.

3️⃣ Кылып жаткан күнөөсүн дароо таштоо. Ошондой эле, эгер башка адамдырга зыяны жеткен болсо, алардын акыларын берүү [уурдаса, аны кайра ээсине кайтаруу ж.б.у.с]

4️⃣ Кайра күнөөгө барбоого бекем чечим чыгаруу.

5️⃣ Тооба кабыл болчу өз убактысында тообо кылуу! Жалпы адам затына тообо кабыл болуу убактысы: күн батыш тараптан чыккан маалга чейин уланат. Ал эми ар-бир адамдын жекече тообосу кабыл болуу убактысы: анын ажалы келгенге чейинки убакыт.

Ошондуктан Аллах Таала айтты: «Ал эми күнөө кылып жүрө берип, качан алардын бирине өлүм келгенде гана «Мен эми тообо кылдым!» дей турган адамдарга жана каапыр болуп өлүп кетүүчүлөрдүн тообалары кабыл кылынбайт. Андай адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз.» (Куран, ан-Ниса 4:18).

Эгерде жогорудагы аталган шарттардын баары аткарылса, анда Аллах Таала ал адамдын тообо кылуу-сун кабыл кылат, кандай гана чон күнөөлөлөр болбосун.

© ИсламЖолу

 

Тообо кылуу тууралуу Курандын аяттары

Аллах Өз Китебинде тообо кылуу тууралуу айтты:

«53. [О Мухаммад], өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган Менин пенделериме айт: «Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллах баардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында Ал- Кечиримдүү, Ырайымдуу!»

54. Раббинерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообонор кабыл болбой) калганга чейин Өзүнө гана (ыклас менен) моюн сунуп калгыла!

55. Жана өзүнөр сезбеген абалда капыстан башыңарга азап келишинен мурун, Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн эң сонун нерсени (Куранды ээрчигиле!)

56. (Ошондо) адам: «Аллах(тын парыздырын аткаруу) жөнүндө жалкоолук кылганым үчүн мага кайгы! Мен (ал парыздарды) шылдыңдагандардан болгон экенмин!» — деп (бушайман чегип) калышынан мурун,

57. Же болбосо, «Эгер мени Аллах туура жолго салганда, такыбалардан болуп (тозоктон кутулуп) калмак экенмин» — деп калышынан мурун,

58. Же болбосо, азапты көргөн чакта: «Эгер мага дагы бир ирет (жашоо мүмкүнчүлүгү) болгондо , Аллахка ыклас менен ибадат кылуучулардан болоор элем!» — деп калышынан мурун (Раббинер тарабынан түшүрүлгөн, Куранды ээрчип, тооба кылып калгыла!)»

(Куран, аз-Зумар 39:53-58 аяттар)

 

Ютубдан көрүү:
https://www.youtube.com/watch?v=1bVnDhCpNi8

 

Share

You may also like...

Добавить комментарий