Такфириттер

Суроо: Мусулман мамлекеттеринин башчыларын каапыр деп айтып жана такфир кылган бала менен сүйлөшүп олтурсам болобу?

ЖООП. Бул аябай орчундуу суроо! Мусулман мамлекеттеринин башчыларын каапыр деп билген адам менен олтуруу жөнүндө. Алардын арасынан аалымдарды да каапырга чыгаргандары бар. Жадагалса карапайым калкты да каапырга чыгаргандары бар.

Бул такфирчилердин бири, бир өлкөдө болуп калып мындай деп айткан. Азыркы учурда жер бетинде адамдардан мен, аялым жана индиядагы бир кишиден башканы мусулман деп тааныбаймын. Мындан да башка дөөрүгөн кептерин кезиктирсе болот. Эй Алланын кулу! мен сага кайрылып айтаарым. Эгер ал киши эскертүүңдү кабыл кылбаса, андан алыс болгун! Андан пайда жок. Алардын ооруусу сага да жугуп калуу коркунучу бар. Өз напсисин ээрчигендер менен бирге олтуруудан Алла Таала тыйган. Бул напсисин ээрчигендердин эң  жамандары, алар Хавариж менен такфириттер.

Булардын тилинен жада калса Алланын элчиси ﷺ  дагы азап тарткан Хунайн согушунан кийин олжолорду бөлүштүүрүүдө Пайгамбар ﷺ каршы чыгышкан. Ошол убакыттан бери ушул күнгө  чейин башкаларды каапырчылыкка  чыгарып келишет, жана кыямат күнүнө  чейин чыга беришет.

Пайгамбарыбыз ﷺ: Ар бир кылым жаңырган сайын чыгышып жеңиле беришет. Акырында  дажжал арасынан чыгып ага биригип калышат. Булардан алыс болгун! Сак болгун! Булар чыныгы душман. Алар азыркы күндө  бардык тайпалардан эң коркунучтуу. Эмнеге?! Кайсыл себептен, эмнеси менен эң  кооптуу?! Ким жооп берет?! Себеби алар кылган иштерин, чакырыктарын эмнеге таандык кылышат? Исламга таандык кылышат. Алар чындыгында Исламды талкалап жатышат. Алар мусулмандардын биримдигин бөлүп жарууда.

Булар жихад деп өздөрү  түзүп алган нерсеси бар, ошол ойдун артынан канча мусулмандардын канын төгүп, мүлктөрүн  адал кылып алышат. Сен айткан кишиң, эгер насаатты угуп акыйкатка мойун сунса, анда ага акыйкатты баяндап түшүндүр. Аалымдарга барууга багыт бергин. Ал эми сени укпай,өзүнүкүн бербей жүрө турган болсо, анда ал кишиден алыс болгун, арстандан качкандай качкын!

Аны өз жайына таштагын! Себеби ал кишиде вирус бар, сага жугуп калуу коркунучу бар Алла Таала айтат : “Эгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыкка каршы сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө  кирмейинче, алардан алыс бол.Эгер шайтан унуттурган болсо, эстегениңден кийин заалым коомдор менен отурба!”

Алла Таала айтат : Ал Күнү  заалым эки колун тиштеп: «Атаганат,пайгамбар менен жолду кармаган болсом кана! Шорум курусун-ай! Баланчаны дос кылбай эле койсом болмок экен!  Ал мени, мага келген зикирден адаштырды! Шайтан инсанды жардамсыз таштап коёт турбайбы!» дешет  (Фуркан 27-29)

Бул такфиристерден алыс болгун! Себеби алардын шубухаттары өтө  коркунучтуу.Аларда (такфириттер) такыр илим деген нерсе жок. Адал менен арамды ажырата алышпайт. Булардан алыс болгула! Сак болгула! Алар менен бирге олтурбагыла!

Бул адамдардан бир шубухасы жүрөгүңө кирип кетсе дүйнөңдү  жана акыретиңди курутасын.

 

Шейх Солих Ас-Сухайми (хафизаху Аллах)  

Сауд Аравия мамлекетиндеги  чоң  аалымдардын бири.

 

Которгон : © ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий