Багымдат намазы жана ага тура албай жаткандарга эскертүү

Ким намазын уктап калса же эсинен чыгарып койсо, эсине түшкөн кезде дароо окусун. Намаздын мындан башка каффаарасы, б.а. өтөөмү жок

Шейх Сулейман Рухейли (хафизахуЛлах) айтат:

Ушул нерсе (таң намазына тура албай калуу) алгачкы салихин адамдарга (сахаба, табийин андан кийинки имамдарга) айтылса, алар муну мүмкүн эмес деп санашаар эле.

Аллах колдоо көрсөткөн момун пенде түндүн акыркы бөлүгүндө, Аллах каалаганча түнкү намаз окуудан жана Аллахты зикр кылуудан үлүшү болуу үчүн, таң намазынан алдын ойгонот.

Адам өз напсисин ушул нерсеге (түнкү намазга турууга) үйрөтүп, адат кылып койсо, анда бул өмүрдө эле Бейиш тапкан болоор эле.

Азыркы кезде, биз жеке тааныган Аллахтын кулдары, түндө таттуу уйкудан туруудан, даарат алуудан жана түндүн акыркы бөлүгүнөн баштап таң намазына чейин намаз окуудан – лаззат жана ырахат табышат. Өздөрүнүн бул ишин үлкөн-чоң бакыт деп санашат.

Ошондуктан ар бир мусулманга таң намазына ойгонуу – парз. Ал эми ал эркек киши болсо, ага таң намазына туруу жана аны жамаат менен бирге азан айтылган жайларда, мечиттерде окуу парз болот. Ал эми аялдарга таң намазын өз убактында окуу милдет.

Момун адам таң намазына ойгонууга себептерди алуу кажет. М: таң намазына уктап калуучуудай даражада түндө ойго жүрбөө дегендей.

Оо, биртуугандар, көңүл  бургула!

Аалымдар айтышат: «Эгер адам түндө намаз окууга ойгонгон болсо, андан соң ошол турганы себептүү Багымдат намазына уктап калып, намаз убактысын өткөрүп алаарын өзүнүн акыбалынан билген болсо, анда ага ошол убакытта тахажжудга туруу уруксат этилбейт». Аллахка сыйынып түндү уйкусуз өткөзүүнүн өзү таң намазына уктап калууга алып баргандыгы үчүн уруксат эмес болсо, анда сыйынуу деп эсептелбеген (балким, күнөөлөр жасап) таң намазына уктап калгандар туралуу эмне десе болот?!

Ошондой эле адам таң намазына жардамчы куралдарды (будильник ж.б) себеп ирээтинде алса жакшы.

Ал эми бул себептердин бардыгын алгандан кийин да, Багымдат намазына уктап калса жана анын бул иши адатка айланып кетпесе, анда ал адамдын үзүрү бар. Атайын эмес уйку айыпталбайт.

Хадисте келгендей: «Ким намазын уктап калса же эсинен чыгарып койсо, эсине түшкөн кезде дароо окусун. Намаздын мындан башка каффаарасы, б.а. өтөөмү жок» (Бухари: 597; Муслим: 684).

Ал эми ким намазга турууга бейкапар болуп, намаздын убактысын өткөрүп алса, анда анын эч бир үзүрү жок.

Оо, Аллахтын кулдары!
Намазга бейкапар адам турасында кээ бир аалымдар өтө  катуу сөздөрдү айтышкан: «Кимде-ким, таң намазына турууга себептерди албастан, таң намазын атайын өткөзүп алса, ал адам динден чыккан каапыр болот»,- дешкен. Жагдай өтө катерлүү, өтө коркунучтуу.

Оо, Аллахтын кулдары!
Баарыбыз намазды улуктап, жогорку деңгээлде кадырлап-барктап, ага өзгөчө  маани берип дайындануубуз керек.

Себеби намаз – биздин амалдардын эң маанилүүсү, эң жакшысы ж’а баардык амалдарыбызды ийгиликке жетелөөчү улуу бир амал. Ошондуктан, ким ага кам көрүп, ага катуу маани берсе, андан башка амалдарга да олуттуу маани берүүчү болот. Ал эми ким ага бейкапар болсо, андан башка амалдарга да бейкапар болот.

Аллах жакшыраак билүүчү.

Share

You may also like...