Бейиште Аллах Тааланы көрөбүзбү? Аллахты көрүү.

Шейх Абдурраззак Аль — Бадр (Аллах аны Өз коргоосуна алсын)

«Жакшылык кылган адамдарга эң сонун нерсе жана кошумчасы бар» (Куран, Йунус 10:26).

Сахих хадисте келтирилгендей, бул аятка Пайгамбарыбыз ﷺ түшүндүрмө берип, айткан экен: “Эң сонун нерсе (аль-Хусна)” — бул Бейиш.

Пайгамбарыбыз ﷺ аяттагы «кошумча» деген сөзгө түшүндүрмө берип ﷺ айтты: «Аллах Таала Бейиш ээлерине кайрылып: «О Бейиш ээлери! Менин силерге даярдап койгон убадам бар. Ал убадамды эми аткарам”. Анда бейиш ээлери: “Сен биздин жүзүбүздү агарткан жоксуңбу? Сен бизди Бейишке киргизген жоксуңбу? Сен бизге бул, бул нерселерди берген жоксуңбу?” — дешет. Аллах парданы ачат, ошондо Бейиш ээлери Ааламдардын Падышасын өз көздөрү менен көрүшөт».

Мына ушул чоң жыргалчылык. Эң улуу бактылуулук. Бейиш ээлери өз Раббисин көрүү менен көздөрү суктанышат. Бул Бейиш ээлерине болгон эң чоң бактылуулук. Ал Рообилерин өз көздөрү менен көрүүлөрү.

Пайгамбарыбыз (алейхис-солату уас-салаам) айтат: «Чындыгында силер өз Раббиңерди Кыямат күнү — түн ичинде толгон айды көргөндөй көрөсүңөр. Аллах Тааланы көрүүгө, силерге эч нерсе тоскоол боло албайт» (Аль-Бухари: 7434, Муслим: 633)

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий