«ан-Наба» (Кабар) сүрөсү — кыргызча которулушу

ан-Наба’ сүрөсү

Ырайымдуу, Мээримдүү Аллаhтын ысымы менен!

  1. Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда?
  2. Улук Кабар жөнүндө.
  3. Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле.[1]
  4. Жок, андай эмес! Жакында билип алышат!
  5. Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат.
  6. Биз силерге жерди жайылган(төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу?!
  7. Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы?)
  8. Жана Биз силерди жуп-түгөй[2] кылып жараттык.
  9. Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык.
  10. Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык.
  11. Күндүздү жашоо үчүн жараттык.
  12. Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп,
  13. ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык.
  14. Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк,
  15. чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү.
  16. Жана да калың бак-бостондорду.
  17. Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллаh тарабынан) белгиленген убакыт.
  18. Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер.
  19. (Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот.
  20. Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат!
  21. Албетте, тозок күтүп туруучу (жана)
  22. чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун!
  23. Алар анда кылымдар бою турушат.
  24. Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт.
  25. Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы)кайнак суу (менен гана “азыктанышат”)
  26. (Бул – күнөөлөрүнө) ылайык жаза!!!
  27. Алар (Акыреттеги) эсеп – китепке ишенишпеген.
  28. Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан.
  29. Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз.
  30. Эми, (жазаңарды)таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз!
  31. Ал эми, такыбаа кишилерге ийгилик жайы (Бейиш),
  32. бак-бостондор, жүзүмдүктөр,
  33. жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер,
  34. жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен)мелмилдеп турганкеселер бар.
  35. Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалгансөздөрдү угушпайт.
  36. (Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер!
  37. (Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт.
  38. Рух (Жебрейил периште) жана (башка бардык)периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат берген­дер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат.
  39. Бул – чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт.
  40. Биз силерди жакын(да келе турган)азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» — дейт.

_________________________

[1] Кийинки аятта Аллаh Таала мушриктер ишенбеген Кыямат тез эле келип калаарын жана ошол күндө өздөрү «жалган» деген Тозокту өз көздөрү менен көрүп, анык билип алышаарын эки  ирет кайталоо менен айтат.

[2] Эркек-ургаачы

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий