Куран окуунун пайдалары тууралуу хадистер

Куран – бул Аллах Тааланын Сөзү болгондуктан, анын башка сөздөрдөн улуулугу Аллах Тааланын башка макулуктардан улуулугу сыяктуу. Ал эми аны окуу тил сүйлөгөн сөздөрдүн эң жакшысы. Куран окуунун кандай соопчулугу бар?

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнгөндөр жана үйрөткөндөр» (Бухарий)

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Ким Куран окуса ар бир тамгасына он сооп жазылат» (Ибн Аби Шейба «Мусаннаф»)

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Куранды толук бойдон жаттап, андан кийин окуган адамдын мисалы улуу-пакиза периштелердин жамааты менен болгон сыяктуу. Ал эми, аны окууга өзүнө убада берип, ар канча кыйынчылык менен болсо да окуган адамга эки эсе сооп болот» (Бухари, Муслим)

Дагы бир хадисинде мындай деди: «Куран жаттаган адамга (Бейишке түшкөндө) “окуганың даражасында (Бейиштин бийик даражаларына) көтөрүл! Аны дүйнөдө кыраат менен окугандай оку! Сенин ордуң окуган акыркы аятыңдын алдында (өтө бийикте) болот!” деп айтылат». (Тирмизи 2914).

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Куран окугула. Ал Кыямат күнү өз ээлерине шапаатчы болуп келет» (Муслим: 804) 

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Ким Куран окуса, үйрөнсө жана аны менен амал кылса, кыяматта атаэнесине нурдан болгон таж кийдирет. Анын нуру күндүн нурундай жаркын! Жана атаэнесине дүйнө байлыктарынын бардыгынан кымбат эки кийим кийгизилет. Алар (таң калып) «булар эмне үчүн?» деп сурашканда, «балаңар Куранды толук жаттаганы үчүн» деп айтылат» (Хааким) 

Дагы бир хадисинде  мындай деген: «Орозо менен Куран кыяматта пендеге шапаат кылышат» (Ахмад, Хааким)

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Кайсы бир коом Аллахтын үйлөрүнөн биринде чогулуп, Анын китебин тилават кылса (окушса) жана өз ара дарс (сабак) кылып окушса, аларга (Аллах тарабынан) тынчтык-бейпилдик (ас-сакина) түшөт. Аларды (Аллахтын) ырайымы жана периштелер ороп турат. Анан Аллах Таала аларды Өзүнүн алдындагы (эң жогорку) жамаат алдында эскерет» (Абу Дауд)   

(Куран окуунун адептери)

Аллама Ибн Касир Куран окуу адептеринен кээ бирлерин төмөндөгүчө келтирген:

  • Куранды даарат менен гана кармоо жана окуу.
  • Тилаават кылуудан мурда тишин мисвак менен тазалоо.
  • Эң таза кийимдерин кийип, андан кийин тилават кылуу.
  • Кыбылага бурулуп окуу.
  • Тутканак (акыл-эс жоготуу) менен ооруган адамдар аны окубай туруу.
  • Аны сөз менен бөлбөй окуу. Өтө зарыл сөз болсо гана токтотсо болот.
  • Зээнин берип, ойгоо жүрөк менен окуу.
  • Убада (Бейиш) аяттар келгенде Аллахтан ошону суроо.
  • Ал эми коркутуу (Тозоктон) фаяттары келгенде Аллахтан коргоо тилөө.
  • Куранды ачык таштабоо жана үстүнө бир нерсе койбоо.
  • Каарылар кыйкырып окуп, бири-бирине тоскоол болушу да дурус эмес. Базарларда жана башка ызы-чуу жерлерде окубаган жакшы.
  • Анастан (разияллоху анху) пайгамбарыбыздын ﷺ кандай Куран окуганын сурашканда мындай деп жооп берген: “Созуп окуган. Эгер «бисмиллахир-Рахмаанир-Рахиймди» окуса, «бисмилланы» дагы, «АрРахманды» дагы, «арРахиймди» дагы созгон.(Бухарий)

Ар бир адам эгер Аллах үчүн калыс Куран окуса, ага сооп болот. Ал эми, бул окуу зирек жүрөк менен, маанилерине түшүнүү менен болсо, анда сообу он эседен баштап жети жүз эсеге чейин көбөйөт.

Пайгамбарыбыздын ﷺ сахаабалары ар күн сайын белгилүү өлчөмдө Куран окууну адат кылышкан эле. Бирок, эң тез катым кылганы жети күндө окуп чыккан. Катымдын эң аз (тез) мөөнөтү үч күн. Пайгамбарыбыз ﷺ үч күндөн аз мөөнөттө Куран катым кылуудан кайтарган.

Булак:  “Курани Каримдин акыркы 3 бөлүгүнүн тафсири” китеби

? ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий