Кантип күнөөлөрдү таштайм деген кишинин суроосуна жетишээрлик жооп – Ибн Теймия

СУРОО. Дарт денесин толук ээлеп алган киши эмне дары ичет? Иштеринин баары чаташып калган киши эмне айла кылат? Жалкоолук басып алган киши эмне амал жасайт? Тауфикке жетүү жолу кандай? Адашып калган киши кантип жол табат?  Аллахты көздөй бет алайын десе, көңүлү келбейт; Аллахты эстейин десе, ар кандай ойлор басып алаксый берет; ибадатка киришейин десе, мойну жар бербейт.

Каалоосун ээрчиген соң жанагы
Соо экен деп ойлойсуң сен аны
Напсисин ээрчип кеткен себептүү
Таң калычтуу мастын соодой абалы

Сүйүктүүгө (Аллага) жакындасам десе да
Жолу ачылбай алыстап башы катат
Бул ооруунун айынан дос жакыны
Баардыгы оолакташып алыс качат.
Эч кимге кереги жок болгондуктан
Музыкадан чара издеп калып жатат

Өмүр өтүп, таңдар атып, күндөр батат,
Адашуусу күчөгөндөн күчөп жатат
Кор болуп эч ким жардам бере албай
Алсырап жаны кейип түтөп жатат

ЖООП. Шейхуль-Ислам Ибн Теймия (Аллах аны ырайымына алсын) айтты:

Анын дарысы:

Аллахка кайрылуу, дуада дайым болуу, дуаны берилип кылуу. Ал үчүн Шариатта келген дуаларды үйрөнүп алуусу керек.Дуа жооп берилээрине көбүрөөк ыктымалы бар убакыттарды көздөп дуа кылуу. М: түндүн акыркы бөлүгү, азан жана икамат убактылары, саждада, намаздын аягында.Ушул нерсеге истигфарды да кошсун. Себеби ким Аллахтан кечирим сурап, Ага тооба кылса, белгиленген убакытка чейин сонун жакшылыктарды колдонууга мүмкүндүк берет.
Эртели-кеч жана жатаарда айтылчу зикр-дуалардан күчү жетишинче айтып, ага бекем болсун.
Ага тоскоол болчу жолтоолорго сабыр кылсын. Ошенте турган болсо, сөзсүз Аллах ага дем берип, жүрөгүнө ыйманды жазып турат.
Беш убакыт намаздын шарттарын жана парз амалдарын, жүрөгү жана денеси менен толук аткарууга көңүл бурсун. Намаз – диндин тиреги.  

“Лаа хавля ва лаа куввата илля биЛляхи-ль-Ъалиййи-ль-Ъазыым” анын адаты болуп калсын. Ал себептүү оорду көтөрүүгө, коркунучтарды айланып өтүүгө, акыбалын жакшыртууга Аллахтан күч алат.  

Дуа кылуудан эч тажабасын. Себеби пенде дуанын жообун шаштырып, “мен дуа кылсам да, дуам кабыл болбой жатат”, — демейинче, анын дуасы кабыл болуп турат.  

Анан билсин, чыдамкайлыктан (сабырдан) кийин жеңиш, кайгыдан кийин сүйүнүч, кыйынчылыктан кийин жеңилдик келет.   Пайгамбар болсун, же андан төмөнүрөөк инсан болсун, чоң жакшылыкка жетүү үчүн сөзсүз сабыр кылышчу.

Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!

📚 Булак: “Жамиъ аль-Масаил ли Шейхи-ль-Ислям”: 7/446.

Share

You may also like...