Ислам жана Нооруз
Көптөрү Нооруз майрамын Исламга таандык кылышат. Бирок ал Исламга чейин эле белгиленип келген.
Илгертен эле перс элдеринде жазгы күн-түн теңелүү – Нооруз (Навруз, Нейруз); жана күзгү күн-түн теңелүү – Махражан (Мэхрежан) күнүн майрам катары белгилеп келишкен. Бул каада-салт араб элдерине чейин таркап, Куран түшкөн доорго чейин уланып, сахабаларга да белгилүү болгон. Бирок, бул отпарас болгон майрамдар Исламдын рухуна каршы келет экенин Аллахтын Элчиси Мухаммед (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кабар берип, алардын ордуна бир кудайчылыкты чагылдырган, Аллахтын Өзүнө гана сыйынуунун символу болгон – Курман Айт жана Орозо Айт майрамдарын бекитип берген.
Анас ибн Малик (андан Аллах ыраазы болсун) айтат:
«Аллахтын элчиси ﷺ (Меккеден хижра кылып) Мадинага келгенде, Мадина элинин (майрамдап) көңүл ача турган эки күнү бар эле. Аллахтын элчиси ﷺ бул эки күн кандай күн деп сураганда, алар: “Жахилият убагында ойноп, көңүл ачкан (майрамдоочу) күнүбүз”, — деп жооп беришет. Ошондо
Аллахтын Элчиси ﷺ :
≼ Аллах Таала бул эки күндү мындан жакшы эки күнгө алмаштырып берди. Ал Курбан айт менен Орозо айт күндөрү ≽, — деп айтат.
📚 (Абу Дауд: 1134. Сахих хадис)
Хадистин түшүндүрмөсүндө Шейх Азим Абадий айтты:
“Бул эки күн – Нооруз жана Махражан эле… Бул күндөрү аба мээлүүн болуп, күн менен түн теңелет. Жаратылышка назар салып жүргөн алгачкы ойчулдар бул нерсени байкашып, майрам катары белгилешкен сыяктуу. Карапайым адамдар ал ойчулдарды өтө акылдуу деп ишенишкен үчүн, аларды туурап, бул күндөрдү белгилей башташты. Кийин пайгамбарлар келген соң, бул ойчулдардын кылган иштери туура эмес экенин баяндап, акыйкатты орнотушту… Бул күндөрдү сүйүнүч, майрамдык маанай, салтанат менен өткөзүү тыюу салынат. Себеби чыныгы сүйүнүч – Аллахка ибадат кылууда. Аллах Таала айткандай: «Айт: Аллахтын пазилети жана мээрими менен сүйүнүшсүн» (10:58)”.
📚 (‘Аун аль-Ма’буд Шарх Сунан Аби Дауд)
Нооруз майрамына карата белек берүү өкүмү
Мусулман эмес майрамдарга белек берүү күнөө иш деп табылат. Эгер ал майрамда ширк жана куфр аралашкан болсо күнөө үстүнө күнөө. Ал эми ошол куфр майрамды улуктоо максатында белек берген киши – динден чыгат, ыйманынан ажырайт.
Ханафи мазхабынын аалымы Аз-Зайлаий «Табийнул-Хакаик» деген китебинде келтирет:
«Нооруз жана Махржан майрамында белек берүү уруксат эмес, арам болот, керек болсо каапырчылык.
Абу Хафс жана Кабир аль-Ханафи (Аллах аны ырайымына алсын) айтты: “Ким Аллахка элүү жыл ибадат кылып, анан Нооруз күнү, мушриктердин бирине, ал майрамды улуктоо ниетинде бир жумуртка белек кылса – ошол кылган каапырчылыгы үчүн жакшы амалдарынын баары күйүп кетет”.
«Аль-Жамиъ ал-Асгар» китебинин автору айтты: “Бир киши Норуз күнү, ага чейин сатып албаган бир нерсе сатып алса, ал аркылуу ошол күндү мушриктер урматтагандай аздектейм деп ниет кылса, анда ал каапырчылык кылган болот. Ал эми жеп-ичүүнү кааласа, анда ал куфр эмес”».
📚 (“Табийнул-Хакаик”: 6/228)
Жогоруда ханафи аалымдары айтышкандай – Нооруз майрамы үчүн, бир мусулман башка мусулманга белек берүүсү уруксат эмес.
Шейхуль-Ислам Ибн Таймия (Аллах аны ырайымына алсын) айтты: “Кимде-ким каапырлардын майрамдарына арнап мусулманга бир белек берсе, анын белеги кабыл алынбашы керек. Өзгөчө алардын майрамдарынын белгиси болгон белектерди: Рождестводо шам берүү ж.б., же алардын орозосунун аягына туш келген ыйык бейшемби күнү жумуртка, сүт жана козу белек кылуу. О.э. бул майрамдар убагында мусулманга майрам себептүү эч кандай белек берилбеши керек, айрыкча, биз айтып өткөндөй, майрамдарынын белгиси болгон белектерди”.
📚 (Иктида’ ас-Сиратул-Мустаким: 1/227).
Нооруз майрамы тууралуу жеке ой толгоо
Нооруз фарс тилинен نوروز — «Жаңы күн» — дегенди билдирет. Тарыхты карап көрсөк, бул майрам фарс элдеринен чыгып, башка элдер сыяктуу эле бизге да жеткен. Ал учурда алар зороастрийлик динде болуп, отко сыйынышып, оттун үстүнөн секиришчү.
Негизинен, Нооруздун кыргыз элибизге салт жактан да, дин жактан да эч тиешеси жок күн экен.
Эмнегедир азыркы учурда, кече эле Курман айтты майрамдап, “мен мусулманмын, мына орозо кармаймын, рамазан келе жатат” – дегендер да, ноорузду майрамдашып жүргөнүн көрөбүз. Бул кылгандары туура эмес. Күнөө иштерге кошулуу, ага жардам көрсөтүү, күнөөгө тилектеш болууга кирет. Ал эми ал амалы мусулманды куфрга, динден чыгуусуна жол ачат. Себеби ыймандуу адам, эч качан Аллахка ширк кылып, отко сыйынгандардын майрамына кошулбайт. Тескерисинче андан алыс болот.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам салаваты болсун) айткан: «Кимде ким өзүнү бир коомго окшоштурса, ал ошолордон» — деп (Абу Дауд: 3512).
Ошондуктан, оо, мусулман бир туугандар! Ушул күнү өз динибизди таштап, отко сыйынуучуулардын майрамына аралашып, аларга окшоп, алардын амалдарыны кылып калгандан абайлайлы! (Б.А.)
© ИсламЖолу