Сирияда бийлик алмашты. Жаңы бийлик кимдин колунда?

🇸🇾 КАБАР. 8-декабрда Сириянын оппозиция күчтөрү борбор шаар Дамасска кирип, бийликти алмаштырышты. Учурдагы президент Башар Асад өлкөдөн качып чыкты.

Оппозициянын эки жумадан бери уланып келе жаткан Асаддын күчтөрүнө карата куралдуу тирешүүсү, алгач Алеппо, Хама, Хомс сыяктуу чоң шаарларды алуусу менен башталып, аягы өлкөнүн диктатору Башар Асаддын кетиши менен аяктады. Натыйжада 25 жылдан бери өлкөнү титиретип кармап келген режим урады, түрмөдөн миңдеген кишилер эркиндикке чыгышты, көчөдө элдер сүйүнүп, бири-бирин куттуктап жатышты.

💣 2011-ж. “Араб жазы” толкунунун артынан, Сирияда да революция чыгып, ал граждандык согушка айланган. Он жылга созулган бул согушта миллиондон ашык жаран жабыр тартып, өлгөнү өлүп, майып болушуп, чет өлкөлөргө кетүүгө мажбур болушкан.

Эми, бул бийлик төңкөрүшүн Сириянын эли чоң майрам катары кабыл кылууда. Элдер майдандарга топтолуп, тирандын кетишин майрамдап жатышат.

📌 Майрамдан кийин…

1) Азыркы бийликтин кетишине сырткы күчтөрдөн (чоң мамлекеттерден) ким кызыктар (же ким жардам берди)? Белгилүү болгондой сириялык режимди Орусия жана Иран колдоп келген. Эми…

2) Азыркы бийликти кетирген оппозициялык күчтөрдү Абу Мухаммад аль-Жуланий аттуу киши жетектөөдө. Ал “Хаят Тахрир аш-Шам” тобуна тийешелүү. Белгилүү болгондой аль-Жуланий убагында “аль-Каида” террористтик топтун мүчөсү болгон, такфир идеологиясын колдогон.

3) 2011-ж. Сирияда граждандык согуштун артынан ИГИЛ террористтик тобу пайда болуп, дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды “Шам жерине Халифат тикелөөгө” чакырып ураан салган. Миңдеген кишилер, анын ичинде кыргызстандыктардын канчасы да бул азгырыкка алданып, ал жакка барып алышып – кээ бирлери үй-бүлөлөрү менен – эч натыйжа чыкпай, түрмөлөргө камалып, өлтүрүлүп, аялдары жесир, балдары жетим калып, аягында 🇰🇬 Кыргызстандын бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып канчасын кайра өлкөбүзгө алып келген.

4) Эми Сириядагы расмий бийликке такфирий радикалдык күчтөр келген соң, ошол сценарий кайталанбайбы❓ Кепилдик жок.

Диктатордук режим ураган соң Сириянын алдында өнүгүп кетүүгө чоң мүмкүнчүлүк турат. Биз да сириялыктар менен кошо сүйүнүп, Аллахтан бул элге жана жерге ийгилик берүүсүн тилейбиз 🤲

📛 Ошону менен бирге булардын алдында чоң коркунуч турат: куралдуу ар кыл радикалдык топтордун көптүгү, алардын азыртадан Интернетке чыгара баштаган экстремисттик ойлору – булардын багытын кабарлап, кабатыр кылууда.

📲 https://t.me/islamjolu/5023

Устаз Бакай Мамбетказиев акыркы Сирия окуялары тууралуу (https://youtu.be/Gj8h-srHVyg)
Share

You may also like...