🇺🇸 КАБАР. 2025-жылдын башында Лос-Анджелес шаарында токойлор өрттөнүп, ал адамдар жашаган райондорго чейин таркап, өрт азыркыга чейин токтобой келет. 14000 үй-курулуш өрттөлдү, жалпы чыгым $200 млрд. ашты, адамдардын арасында өлгөндөр бар.
💥 Кырсыктар — адамдардын күнөөсү себептүү болот.
Аллах Таала айтты:
“Кандай гана балээ силерге жетпесин, бул колдоруңар менен тапкандын кесепети. Аллах көбүн кечирет” (42:30)
🔥 От – Аллахтан адамдарга тиги дүйнөнүн, Тозоктун оту тууралуу эскертүү.
“Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы? Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби?! Аны Биз (адамдарга) эскерме ирээтинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн жараттык” (56:71-73).
Жүрөгүндө ыйман бар адам, келген балээ-кырсыкта тооба кылып, Аллахка кайтат.
Каапырлар болсо, балээ Аллахтан экенине дагы деле ишенбейт. Керек болсо асман бөлүнүп баштарына түшүп жатса да. Аллах Таала айтат:
“Эгер алар асман тилке-тилке болуп түшүп келе жатканын көрүшсө да, «Бул түрмөктөлгөн булуттар», — деп коюшат” (52:44).
❗️ Канча деген Аллахтын акыйкат экендигинин аят-белгилери жашообузда өтүп жатат, момундар андан пайда алышат, ыймандарын бекемдешет; ал эми ишенбегендер дагы деле ишенбей жүрө беришет.