Палестина бул согуштан эмне тапты

Мээримдүү жана Ырайым төгүүчү Аллахтын ысымы менен!

♻️ Окуялардын кыскача баяндамасы

2023-жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС кыймылы Израилдин территориясына ракета атып, жакынкы шаарларына басып кирген. Натыйжада 1200 израилдик киши өлүп, 253 киши туткунга алынган.

Эртеси 8-октябрь Израил ХАМАСка каршы жөн эле операция эмес, бирок толук кандуу согуш жарыялайт. Израилге кол салгандарды түп тамыры менен жоготуп, туткундагыларды азат кылуу максатын көздөйт.

Ошондон баштап Израил аскер күчтөрү абадан да, жерден да Палестинанын Газа тилкесине күнү-түнү чабуулун токтотпойт: асмандан бомбаларды жаадырып турат, жерден аскерлери тинтүү-тазалоо операцияларын жүргүзүп турат. Адамдар жашаган үйлөр, мектептер, ооруканалар, жолдор талкаланат. Хамастын мүчөлөрү адамдар жашаган райондордо да жашынып жүрүшөт, алардын ошол жерде уюк-пунктары бар деген божомол менен тынч жаткан калктын үстүнө бомбаларды түшүрөт.

Бул Палестина-Израил конфликти тарыхта эң ири деп каралды.

Согуш иштери азыркыга чейин уланып келүүдө.

❓ Бул согуштан Палестина эмне тапты?

Палестина тараптан (2025-февраль статистикасы боюнча):

  • 50 миңден ашуу киши өлдү, анын 70% аялдар менен жаш балдар;
  • 100 миң киши жарадар болду;
  • 2 миллионго жакын эл көчүп кетүүгө мажбур болду (80% ашык калк);
  • Газа тилкесинин 66% инфраструктурасы жараксыз деп табылды (үйлөр, ооруканалар, мектептер, жолдор ж.б.)
  • Газаны Израил толук блокада кылгандыктан сырттан гум.жардам кирбей, тамак-аш кризиси күч алды, адамдар же үйү жок, же тамагы жок отуруп калышты;
  • Ж.б.

💡 Согуштан алынган сабак

Мусулман бир ийинден эки жолу чагылбайт ≽ — дейт Пайгамбар ﷺ шариф хадисинде. Келиңиздер, мындай чоң согуштан мусулмандар пайда таптыбы же зыян таптыбы анализ кылып көрөлү жана кийинкиге ибарат алалы.

Бул жерде жөөттөрдүн мыкаачылыгы, таш боордугу жана мусулмандарга карата душмандыгы тууралуу сөз болбойт

Себеби:

🔥Аллах Таала алар мусулмандарга эң катуу, жеткен душман экенин мурда эле баяндап койгон: ≼ Жөөттөр менен мушриктердин ыйман келтиргендерге баарынан өткөн кас душман экенин көрөсүң ≽ (Куран, аль-Мааида 5:82).

🔥 Жөөттөр өзүлөрүнүн пайгамбарларын өлтүрүп жатышса, керек болсо биздин пайгамбар Мухаммадды ﷺ да жок кылалы деп бир нече ирээт аракет жасашса – анда башка кишилерди өлтүрүү булар үчүн кеп деле эмес! Аллах Таала айтты: ≼ Андай болгону алар Аллахтын аяттарына капырчылык кылып, пайгамбарларды да жазыксыз өлтүрүшкөн. Алар (Аллахтын буйруктарына) каршы чыгып, чектен ашкандары үчүн ушундай болду ≽ (Куран, аль-Барака 2:61).

 🔥 Жөөттөр Аллахка берген маңыздуу убаданы бузган үчүн алардын жүрөгүн мерез кылып таштаган. Ошондуктан миң-миң жаш балдардын өлгөнү, энелердин ыйлаганы, майыптардын кокуйлаганы буларды көзүнөн бир тамчы болсо да жаш чыгарып койбойт, балким ошол нерсеге булар ыраазы. Аллах Таала айтты: ≼ Берген убадаларын бузгандыгы үчүн аларды каргышка калтырдык, жүрөктөрүн да катырып таштадык ≽ (Куран, аль-Мааида 5:82).

🔥Жөөттөр Аллахтын каргышына калган коом. Алардын зыяндары аябай көп.

Эми ушуларды билген соң, “жөөттөр бизге бомба жаадырды, баланча миң кишибизди өлтүрдү, дүйнөлүк коомчулук бизди карап койгулачы” ж.б. деген сөз – бекер сөз. Себеби жөөттөр ушуну кылат, алар ушундай, башкача болуусу мүмкүн эмес! Тээ Муса пайгамбардын доорунан бери кандай гана кылыктарды кылып келишти, эмне деген кылмыштарга батышты – Куранда айтылган.

Бул жерде кеп, өзүбүз – мусулмандар тууралуу болууда

Аллах Таала бизге алтындай динди берди, ошол ДИНДИ ТУУРА карманышсын деп Пайгамбарды ﷺ жөнөтүп, ал болсо бизге динди майда-чүйдөсүнө чейин үйрөтүп, толук жеткизди – ушул жолдон тайбагыла деп кетти.

Ислам дини – универсалдуу дин, анда бардык нерсе айтылган. Мисалы кантип ажатканага кириш керек, кантип тазалануу керек, кантип жуунуу керек ж.б. да хадистерде баяндалган. Эгер ушул кичинекей нерсени да Шарият бизге үйрөтүп кетсе, анда канткенде адам бактылуу болот, канткенде мамлекет өнүгөт, канткенде саясат алдыга жылат, канткенде эл жакшы жашайт – социалдык, саясий, маданий маселелердин чечими кантип айтылбасын?! Албетте, анын баары Куран-Хадистерде кенен баяндалган.

Анын ичинде согуш жүргүзүү маселелери: ким согушат, качан согушат, ким менен согушат ж.б. толук баяндалган.

Кеп, биз ошол Шарияттын илимин албай жатпайбызбы. Өзүбүз, мусулмандар. Куран окубайбыз, хадистерди окубайбыз, аалымдардан барып суроо сурабайбыз, алардын алдына барып тизе бүгүп насаатын укпайбыз. Аларды эски чалдар, а өзүбүздү “соверменный” деп ойлойбуз. Бул чоң ката!

💥 Проблема: көп мусулмандардын назары Батышка бурулган – Батыш өнүгүүнүн кайсыл жолу менен кетсе, биз да ошондой болушубуз керек, — деп ойлошот.

Болбосо ал Батыш учурунда жуунуу, тазалануу деген эмне билбей жүргөндө, мусулмандар аларга тазалык жана маданият кандай болот үйрөтүшкөн. Батыштан балдар келип мусулман университеттеринен илим алып, агарып-көгөрүп кетип турушкан. Кордова, Багдад…

Пайгамбар ﷺ айткан: ≼ Силер сөзсүз силерге чейинкилердин жолун (адатын) изине из кылып ээрчийсиңер. Керек болсо тикен куйрук кескелдириктин ийнине киришсе, силер дагы киресиңер ≽. Айтышты: “О, Аллахтын Элчиси! Жөөттөр менен христиандар (тууралуу айтып жатасызбы)?”. Айтты: ≼ Алар болбосо анан ким?! ≽ (Бухари: 3456; Муслим: 2669).

Наадан илими жок коом, адал-арамды ылгабай дүйнө жагынан өнүккөн башка бир коомду көргөндө – ушундай болом деп туурап ээрчип кете берет

Азыр көпчүлүк мусулманмын дегендерде чыныгы Таза Ислам жөнүндө түшүнүк жок. Исламды түркөйлүк деп элестетип алышкан, же мистикалык бир ритуалдар менен гана чектелет деп. Намаз окушса, орозо кармашса дагы – анын маанисин терең түшүнүшпөйт, намазда окуп жаткан сөздөрүн маанисин билишпейт.

Же тескерисинче динди аша чабуу, фанатизм менен карманышып – Исламдын ортолук (васатия) принцибин карманышпайт, б.а. далилдер менен, адилеттүүлүк менен.

Мына, ушунун баары илимсиздиктен. Мусулмандар Шарият тууралуу илим албай калышты, алса да бурмаланган китептерди окуп, дин тууралуу ишенимдеринде жана динди практикалык карманууда ширк жана бидааттар толтура.

Газа шаарындагы Эль-Ремал району. 2023-жыл 9-октябрь.

⚔️ Исламда Жихад түшүнүгү

Жихад – Аллах үчүн күрөш жүргүзүү. Жихад куралдуу жана куралсыз болот.

Куралсыз жихад – адамдын өзү напси жана шайтаны менен күрөшүүсү, жаман мүнөзүн оңдоп жакшы адеп-ахлакка умтулуусу, айлана-чөйрөсүндөгүлөргө туура таалим берип, динге даанышмандуулук менен чакыруусу.

Куралдуу жихад капырларга карата кылынат.

Жихад эки түрдүү болот: 1) коргонуу,  2) басып кирүү.

Коргонууда мусулмандар өз мекенинде кирип келген каапыр душманга каршы салгылашышат. Басып кирүүдө – мусулмандар башка каапыр мамлекетке, диндин таркалышына тоскоол болуп, мусулман өлкөсүнө коркунуч жаратышса, өзүлөрү чабуул жасашып алдын ала душмандын мизин кайтарышат. М: Манас эпосундагы ЧОҢ КАЗАТ сыяктуу.

Исламда жихад ибадат деп эсептелет

Ибадат болсо, демек, бардык эле шариятта келген ибадаттар сыяктуу анын эң негизги эки шарты бар: ыкластуулук жана сүннөткө шайкеш келүүсү.

🔸 Ыкластуулук – Аллахтын ыраазычылыгы үчүн гана аткарылуусу. Мени мактасын, баатыр десин, өз улутум үчүн өч алам ж.б. деген ураандар жарабайт, ал ыклас эмес.

Абу Муса (радияЛлаху анху) айтат: «Пайгамбарга ﷺ бир адам келип (отурбай туруп мындай) суроо берди: “Эй Расулулла, Алланын жолунда согушуу деген эмне? Айрымдарыбыз каарыбыз келгендиктен согушабыз, айрымдарыбыз болсо (өз жакындарыбыз үчүн) айыгышып согушабыз[1]”. Ал (суроо берген адамга) өйдө карап мындай деди: “Алланын сөзү баарынан жогору болушу үчүн согушкан (адам) мына ошол Алла Тааланын жолунда болот”» (Бухари: 123; Муслим: 5028), б.а. Аллахтын динин жер жүзүндө тургузуу үчүн.

🔸 Сүннөткө шайкеш келүүсү – шариятта келген жихаддын шарттары толук болуусу.

Жихаддын шарттары кандай?

❶ Биринчи шарт – согуш мусулман падышасы, мамлекет бийлик башчысы тарабынан жарыялануусу. Эгер падыша согушуудан баш тартса – анда эч кандай согушуу жок. Жеке адам же бир топ өз алдынча аскердик аракеттерди жүргүзө албайт, бир жерди жардырып, адамдарды өлтүрүп аны жихад деп айта албайт. Ал жихад эмес, баш аламдандык болот. Жихад – бийлик башчысынын уруксаты менен жүргүзүлөт.

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты: «Эл башчы – калкан: согуш анын артынан туруп жүргүзүлөт жана аны менен коргонулат» (Бухари: 2957; Муслим: 1841). ат-Тахави (рахимахуЛлаху) айтты: “Ажылык жана жихад – мусулмандардын эл башчыларынын жетекчилигинин астында кылынат, алар такыба же фасык болушса да. Бул Кыямат Күнүнө чейин сакталчу милдет. Эч бир нерсе аны жокко чыгара албайт” (аль-Акыйда ат-Тахавия: 77).

Куранда келген “Аллах жолунда мал-жаныңар менен согушкула” деген буйрук биринчи кезекте бийлик башчыларына айтылууда. Алардын уруксатысыз өз алдынча аскердик иштерди жүргүзүү болбойт.

❷ Экинчи шарт – согуш жүргүзүүгө жетиштүү жана күчтүү куралдардын болуусу.

Аллах Таала айтты: «Аларга (душманыңарга) каршы колуңардан келген бардык күч-кубатты жана жабдыкталган аттарды даярдап койгула! Аны менен Аллахтын жана өзүңөрдүн душманыңар  жана да Аллах гана билип, силер билбеген башка адамдар корккондой кыласыңар» (Куран, аль-Анфаль 8:60).

Азыр мусулмандардын колунда душман корко тургандай курал барбы?! Алар чоң-чоң ракеталар менен келе жатса, алдына мынтык же таш менен чыгуу аларды коркута алабы?! Тескерисинче, аларды күлдүрөт да!

Ошондой эле Пайгамбар ﷺ  Меккеде болгон чагында Аллах мусулмандарга жихадды парз кылбады. Себеби күчтөрү жетпейт эле. Бирок сабырдуулукту парз кылды. Качан Мединага көчүп, мусулмандарда күч пайда болгондо – ошондо гана куралдуу жихад буйругу келди.

Ыйман жана такыбачылык – жеңиштин себептеринен

Курал менен бирге, момундардын ыйманы күчтүү болуусу лазым. Таухид жана Сүннөттү карманган, ширк менен бидааттан четтеген, чоң күнөөлөрдөн арылган болуусу. 

Качан үммөттө күнөө көбөйгөндө Аллах Өз нусратын алардан алып коёт, душманга жол ачып коёт. Душман мусулман жерлерин басып, элдерин кордоосу – бул Аллахтын алардын күнөөлөрүнө карата бул дүйнөдөгү жазасы жана тобо кылышсын деп эскертүүсү.

Аллах Таала убада кылып айткан:

   «Чындыгында Аллах ыймандууларды коргойт» (Куран, аль-Хаж 22:38).

   «Ыймандууларга жардам бериш Биздин милдет» (Куран, ар-Рум 30:47).

Аяттан маалым болгондой, ыймандууларга гана Аллахтын жардамы тиет. Ал эми ыйманга каршы келген күнөөлөр болгон учурда Аллахтын жардам тууралуу убадасы аткарылбайт.

Аллах Таала айтты:

Аллах силердин араңардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды аткарган адамдарды жер жүзүнө мураскер кылууну убада берди, мурдагы (ушундай) кишилерди мураскер кылганы сыяктуу. Жана аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү, коркунучтарынан кийин (анысын) тынчтыкка алмаштырып берүүнү (да убада берди жана мындай шарт койду:) «Менин Өзүмө гана ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт». Ким ушундан кийин каапыр болсо, ошолор чыныгы бузукулар” (Куран, ан-Нур 24:55).

Бул аятта Аллах үч убада берди жана анын аткарылышына үммөттөн үч шарт талап кылды. Убадасы – жер жүзүндө аларга бийлик берүүсү, динин бекем кылуусу жана коопсуздук берүүсү. Койгон талаптары – ыйман менен салих амалдар, таухидди толук орундоо жана ширктен толук четтөө.

Эми азыркы үммөттүн акыбалын карасак – өзүн мусулманмын деп бирок диндин эч нерсесин аткарбаган адамдар көппү? Толтура! Динди карманам дегендердин арасында Таухидди билбей, ширктен четтебей: мазарларды жана күмбөздөрдү улукташып, арбактарга сыйынышкан, олуяларды ортомчу кылышкан, амулет жана көз мончокторду илишкен, көзү ачыктарга барышкандар көппү? Көп! Диний амалдарда фыркаларга бөлүнүп, бидааттарды ээрчип, ынтымак-биримдик жок. Ал эми шахваний күнөөлөрдү айтпай эле кой: арак, зына, уурулук, киши өлтүрүү, риба… Бардыгы бар. Анан кантип ушул үммөткө ызат жана жеңиш келсин. Ойлонуп көрөлүчү!

Шейх Мухаммад Салих аль-Усеймин айтты: “Азыркы доордо кылыч ж.б. куралдар менен жихад кылуу мүмкүн эмес. Себеби мусулмандардын ага күчү да, ыйманы да алсыздык кылат жана жеңиштин чыныгы себептери аткарылбай келүүдө. Ошондой эле мусулман өлкөлөрү эл аралык тынчтык келишимдерге кол коюшкан. Демек, азыркы жихад бул – илим жана даанышмандуулук менен даават кылуу, адамдарды Исламга чакыруу” (аль-Фатава 18/388).

Газа шаарынын аль-Туффа конушу. 2025-жыл 4-апрель. Мектеп абадан бомбаланган соң эң азы 31 киши, анын ичинде балдар өлгөн.

Мусулмандардын биримдиктүү болуусу – жеңиштин себептеринен

Аллах Таала айтты: “Бардыгыңар Аллахтын жибин (динин) бекем кармангыла жана бөлүнбөгүлө” (Куран, Алу Имран 3:103).

Аллах Таала айтты: “Аллах менен Анын элчисине моюн сунгула, талашып-тартышпагыла! Антсеңер, алсыз болуп, кайратыңар жоголот. Сабыр кылгыла! Аллах сабырдуулар менен!” (Куран, Анфаль 8:46).

Мусулмандардын арасында талашып тартышуу башталса – алар душманынын алдында алсыздап, душман жеңил басып кирет экенин баяндоодо. “кайратыңар жоголот” дегендин тафсиринде аль-Ахфаш (рахимахуЛлах) айтты: “Мамлекетиңер жоголот”.

❸ Үчүнчү шарт – душмандын саны эки эседен аз болуусу. Эки эседен көп болсо согуш жүргүзүлбөйт.

Аллах Таала айтты: «Силерден жүз киши сабырдуу болсо эки жүздү жеңет, силерден миң болсо Аллахтын уруксаты менен эки миңди жеңет. Аллах сабырдуулар менен!» (Куран, аль-Анфаль 8:66). Демек, мусулман адам эң болбоду дегенде эки душманга тең келе ала турган күч-кубат жана даярдыкта болушу керек.

❹  Төртүнчү шарт – согушканы жаткан душман менен мусулмандардын арасында тынчтык келишими болбоосу. Эгер келишим бар болсо мусулмандар аны аткаруулары керек.

Аллах Таала айтты: «Чынында, ыйман келтирип, (диндерин сактап калуу  үчүн  Меккеден Мединага) хижрат кылган жана Аллах жолунда мал-жандары менен жихад кылган мусулмандар менен, аларга (Мединадагы өз үйлөрүнөн) орун-очок берип, ансар – жардамчы болгондор бири-бирине жакын-дос. Ал эми, ыйман келтирсе да, хижрат кылбаган адамдар болсо, качан хижрат кылмайынча силерге эч нерседе дос боло алышпайт. Эгер алар силерден дин иштеринде жардам сурашса, жардам берүү мойнуңарда милдет. Ал эми, силер менен (өз ара согушпоо жөнүндө) убада-келишими бар болгон коомго каршы жардам сурашчу болсо, анда жардам бербейсиңер. Аллах эмне иш жасаганыңарды Көрүүчү» (Куран, аль-Анфаль 8:72).

Мааниси: Исламды кабыл кылган чет жактагы айрым мусулмандар Мединага хижрат кылууларынан баш тартып, бирок силерден дин жаатында жардам сурашса – силер жардам бергиле, себеби алар силердин диндеш бурадарларыңар. Бир гана, силер тынчтык келишимин түзгөн коомго каршы жардам сурашса, келишимди аткаруу үчүн,  аларга жардам бере албайсыңар. Жардам бересиңер эгер ошол тынчтык келишими бузулганын ачык жарыялап, эки тарап тең бирдей маалымдалган болсо.

❓ Палестина жихаддын шарттарына туура келүүдөбү?

Эми, ынсап көз менен жогоруда Шарият койгон жихад шарттарына Палестина туура келүүдөбү карайлы. Албетте, ондон бирине да туура келбейт экенин көрөбүз:

❌ куралдуу күчтөрү өтө алсыз, душманга салыштырмалуу жокко эсе десек болот;

❌ андан маанилүүсү, ыйман-такыбачылык күчү жок, эли күнөөгө баткан, Таухид-Сүннөткөп каршы келген көп амалдарды аткарышат, ар кандай ырым-жырым ширк бидааттарга ишенишет;

❌ мусулмандардын арасында биримдик жок – эл ар кайсыл партияларга бөлүнгөн (ар бири өзүндө болгон нерсе менен кубанат). Андан да жаманы ар кандай диний секта-тайпаларга бөлүнүшкөнү. Бардыгы бирдиктүү Куранды карманышпайт;

❌ бирдиктүү мамлекет башчысына баш ийүү деген жок – ар бир партия өзүнүн таасири көбүрөөк таркаган аймакта өкүм жүргүзүп, өз алдынча эле согуш баштай беришет.

Ушундан кийин “Эмнеге Аллах палестиналыктарга жардам бербей жатат?” – деген суроого жооп өзүнөн-өзү келет.

✅ Канткенде Палестина мусулмандары ийгиликке жете алышат?

Жогорудан келип чыгат, мусулмандар жеңишке жетишүү үчүн эмне кылыш керек:

  • Эң алгач Ислам тууралуу тастыкталган булактардан илим алуу, динди үйрөнүү:
    • биринчи Аллахтын жалгыздыгын тааныткан – Таухидди үйрөнүү,
    • аны менен бирге күнүмдүк милдет болгон Даарат, Гусул, Намаз өкүмдөрүн үйрөнүү;
  • Андан соң ошол илимге шайкеш амал кылуу, чектен чыкпастан жана шалаакылык кылбастан;
  • Күнөөлөрдөн, арамдардан тыйылуу – алгач күнөөлөрдүн эң чоңу болгон Ширктен, анан Бидааттан. Ошондой эле шахваний күнөөлөр зина, арак, риба ж.б.
  • Бардыгы болуп Куран-Сүннөттүн айланасында биригүү, бөлүнүүдөн сактануу;
  • Ошондой эле мамлекет башчысына жакшылык иштерде баш ийүүдө биригүү, аны колдоо.

Мына, ушуларды аткарышса, Аллахтын жардамы өзүн күттүрбөй келет. Пенделер жаман акыбалдарын жакшыга өзгөртөлү дешсе, алгач күнөөлөрүн сооптуу иштерге өзгөртүүлөрү керек!

🤲 Кантип биз Палестина мусулмандарына жардам бере алабыз?

Мусулмандын эң чоң куралы – дуа. Биз палестиналык мусулман бурадарларыбызга Аллахтан ыйман-хидаят, туура жол, салих амал, тобо тилөө менен жардам бере алабыз. Аларга ошону менен бирге аманчылык, элине ынтымак, мамлекетине биримдик сурап, ички-сырткы душмандардын куулуктарынан Аллах Өзү сактасын деп.

Кимдин мамлекет деңгээлинде гум.жардам уюштурууга кудурети болсо, материалдык көмөк чогултуп жана аны тиешелүү жерлерге жеткидей кылып көзөмөлдөп жардам берсе болот. Жеке адамдар жардам берем десе ишеничтүү, тастыкталган, мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынган уюмдар аркылуу жардамын жиберсе болот.

Аллах билүүчүрөөк!

Аягында бардык мактоолор Аллахка болсун!

Анын акыркы элчиси Мухаммадга салават-саламдар болсун!


[1] Бул жерде өз уруусу, туугандары же дагы бир жүрөккө кымбат нерселер үчүн гана согушуу назарда тутулууда.

Share

You may also like...