Мурабаха деген эмне жана ал жол менен банк ж.б.у.с. жерлерден соода кылса болобу?
Мурабаха – сатуучу товарды канчага алганын, ага канча кошуп жатканын ачык айтып, бөлүп төлөө (рассрочка) жолу менен соода кылуу.
Мурабахада ҮЧ тарап катышат: акчасы жок, акчасы бар жана товары бар тарап.
Акчасы жок акчасы барга келип товар алып берүүсүн сурайт. Акчасы бар товарды сатып алып, аны кайра акчасы жок тарапка үстүнө өзүнүн баасын кошуп рассрочкага сатат.
Мурабаханын шарттары:
1- Мурабахада эки соода жүрүп жатат: товарды сатып алуу жана товарды кайра сатуу. Экөө бири-бирине байланбоосу, б.а. эркин жана өз алдынча жүрүүсү керек.
2- Эки соода эркин жүрөт экенинин белгиси – акчасы жок тарап соодасынан баш тартуу укугуна ээ болгону: акчасы бар тарап товарды сатып алган соң, аны заказ берген акчасы жок тарапка сунуштаганда, андан баш тартып койсо – аны аласың деп мажбурлай албайт.
3- Эки соода өз алдынча жүрөт экенинин белгиси – акчасы бар тарап товарды сатып алганда өзүнүн менчиги катары каттайт: кыймылсыз мүлк болсо бардык документтерин өзүнө алат, квартира болсо толук бошотот ж.б.; кыймылдуу мүлк болсо өзүнүн складына, кампасына же сата турган жерине алып келип коёт. Кийин акчасы жокко сатканда анын менчигине өткөзүп берет.
Мунун пайдасы акчасы жок тарап рассрочканы убагында төлөй албай жатканда көрүнөт. Ага товар алып берген тарап, андан акчасын доолайт, товарды кайтарып бер деп эмес. Себеби ал товардын баасын (акча) карыз болот, товардын өзүн эмес.
4- Пеня жок. Рассрочка белгилүү мөөнөткө берилет. Төлөй албай калса, аны талап кылууга акчасы бар тараптын укуга бар. Бирок товардын баасы карыз деп эсептелет. Ошондуктан аны төлөй албай жатса ага пеня жазуу болбойт. Же күтөт же казы-сотко кайрылуу аркылуу чечет.
Мурабаха – уруксат этилген адал соода, эгер шарттары аткарылып, туура жүргүзүлсө.
Мурабаханын эрежелери бузулуп, арам соодага айланган учурлардын мисалдары:
1. Эки сооданын бири-бирине байланып калуусу.
2. Анын белгиси – акчасы бар тарап товарды сатып алуудан мурун акчасы жок тарап менен келишим түзүп, менден сөзсүз ушул товарды сатып аласың деп макулдашып коёт. Акчасы бар товарды сатып алганда, аны заказ берген тарап аны алууга мажбур.
Андан тышкары мындай келишим – соода жүрдү дегенди билдирет (عقد لازم). Ал эми Пайгамбар ﷺ адам өзүндө жок товарды сатуудан тыйган, б.а. алгач келишимди бекитип соодага кол алышып, анан башка жерден товарды сатып алып келип клиентке сатууну.
3. Акчасы бар тарап товарды өзүнүн менчигине өткөзбөстөн дароо заказ берген тараптын атына каттоосу. Эмнеге арам? Бул кадимки эле банктан кредит алып, ага буюм сатып алып, кийин ай сайын банкка проценти менен акчасын кайтарууга эле окшош (потребительский кредит). Эч айырма жок. Болгону бул жерде банк акчаны сиздин колуңузга бербестен, товар алчу жерге которуп койду. Калганы ошондой эле.
Эскертүү! Кээ бир соода борборлору банкка сатылган товарды банкка өткөзбөстөн же товардын акчасын толук албастан “бул товар банкка тиешелүү, биз жөн гана аны өкүл (вакиль) катары сатып жатабыз”, — деп айтышат. Чындыгында банк аны алдын ала сатып алган эмес, ал дагы деле дүкөндүн өзүнүн менчиги. Мындай схема Шариатка карата айла амал кылуу экени көрүнүп турат! Мындай нерсе сүткорлук деп эсептелет!
4. Пеня жазуу. Убагынан өтүп кетсе ар бир айга пеня жазылып, ал көбөюп турат. Кээ бир банктар бул үстөкө-босток түшкөн пайданы кайрымдуулук жакка жумшайбыз дешет, бирөөлөргө садака жардам катары.
Эмнеге арам? Себеби: 1) Карыздан үстөккө-босток пайда түшсө – бул риба деп эсептелет. Рибанын бардык түрү арам. Адам аны өзү пайдаланабы же бирөөгө береби, карыздын үстүнө кошумча пайда көрсө – бул арам деп эсептелет. 2) Аны садакага жумшаган күндө да рибанын күнөөсү аны менен тазаланып калбайт. 3) Садака ыктыярдуу, Аллах үчүн кылынган ибадат. Рассрочканы төлөй албай жаткан кишини “пеня бер, аны биз садака кылабыз” деп мажбурлоо болбойт. Ал бергиси келсе өзү каалаган жакка, каалаган өлчөмдө бере берет, банкка байланбастан. 4) Муктаж адамдарга беребиз дешет, балким клиент өзү биринчи муктаждыр (убагында рассрочкасын төлөй албай жатканына караганда). Анда пеня албай эле коюшпайбы!
Арам мурабаха менен адал мурабаханын айырмасы (кыскача)
АДАЛ МУРАБАХА | АРАМ МУРАБАХА |
Эки соода жүрөт: банк товарды сатып алуусу жана товарды кайра кардарга сатуусу. Экөө бири-бирине байланбоосу керек. | Эки соода бири-бирине байланып, бири-биринен көз каранды болуп калса. |
Кардар заказ берген товардан баш тарта алат, аны аласың деп банк мажбурлабайт. Соода эркин жүрөт. | Клиент товардан баш тарта албайт. Себеби банк келишим аркылуу аны байлап койгон. Баш тартсаң штраф төлөйсүң деп. |
Товарды банк сатып алганда өзүнүн менчиги катары каттайт. Кийин кардарга сатканда толук анын менчигине өткөзүп берет. Кардар банкка акча карыз болот, товар эмес. | Банк товарды өзүнүн менчигине өткөзбөстөн дароо заказ берген тараптын атына каттаса. |
Пеня жок. Клиент рассрочкага алган товардын акчасын убагында төлөй албай жатса – ага айып пул жазылбайт. Анын акыбалы оңолмоюнча банк күтөт же казы-сот аркылуу чечет. | Пеня бар. Убагынан өтүп кетсе ар бир айга пеня жазылып, ал көбөюп турат. |