Ыйман өсүп — төмөндөп турабы?

ЫЙМАНДЫН ӨСҮШҮНӨ КУРАНДАН ДАЛИЛДЕР

Аллах Таала айтат: “Чынында, ыймандуу адамдарга Аллах эскертилгенде жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт.  Жана алар Раббисине гана тобокел кылышат” (Куран, аль-Анфаль: 2)

Аллах Таала айтат: “Ал эми момундар (душман) жамааттарды көргөндө: «Бул бизге Аллах жана Анын элчиси убада кылган нерсе. Аллах жана Анын элчиси чындыкты сүйлөштү» дешти. (Душмандын көптүгү, келген сыноо) алардын ыймандарын жана (Исламга) моюн сунууларын гана көбөйттү” (Куран, аль-Ахзаб: 22)

Дагы айтты: (Аллах) алардын ыймандарынын үстүнө (дагы) ыйманды көбөйтүп бериши үчүн  момундардын жүрөгүнө бейпилдик түшүрдү. Асмандар менен жердин аскерлери Аллаhтын колунда. Аллах Билүүчү, Даанышман” (Куран, аль-Фатх: 4)  ж.б. буга окшош көптөгөн аяттар

ЫЙМАНДЫН ӨСҮШҮНӨ ХАДИСТЕН ДАЛИЛДЕР:

Абу Саъид аль-Худри риваят кылат Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: “Бейиш ээлери Бейишке, Тозок ээлери Тозокко киргенден кийин Алла Таала айтат: «Жүрөгүндө дандын салмагындай ыйманы барды чыгаргыла», анан аларды карарган абалында чыгарышат да “Өмүр” деген дарыяга ыргытышат. Алар жээктеги дан сыяктуу өсүп чыгышат. Анын ийри жана сары болуп (жерден) өсүп чыгышын көргөн эмес белең?” (Бухари: 22)

Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: “Ыйман 70 тен ашык бутакча. Эң жогоркусу Ля иляхи илляЛлаху (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок) деп айтуу, эң төмөнү жолдон зыян нерсени тазалоо. Уяттуулук да ыймандын бир бутакчасы” (Бухари: 9, Муслим: 35)

Ибн Масъуд риваят кылат Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: “Мага чейинки үммөттөргө Аллах кандай гана пайгамбар жибербесин ага өз үммөтүнөн шакирттер (хаварий) жана достор (сахаба) чыккан. Алар (пайгамбарынын) сүннөтүн кармап, көрсөткөндөй иш кылышчу. Кийин алардын артынан ушундай урпактар келишти кылбаганын сүйлөшөт, буйрулбаган нерсесин кылышат (б.а. динге бидаат киргизишет жана буйруктарды так аткарбай күнөөгө батышат). Ким буларга колу менен каршылык кылса – ал момун, тили менен каршылык кылса – момун, жүрөгү (ниети) менен каршылык кылса – момун. Бирок мындан ары дандын салмагындай болгон да ыйман жок” (Муслим: 50)

Абу Умама риваят кылат Аллахтын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: “Ким Аллах үчүн сүйсө, Аллах үчүн жек көрсө, Аллах үчүн берсе, Аллах үчүн бербесе – ыйманын толуктаптыр” (Абу Дауд: 4683)

Абу Хурайра риваят кылат Аллахтын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: “Момун мусулмандардын арасында ыйманы эң толугу – адеп-ахлагы эң жакшысы” (Абу Дауд: 4683)

ЫЙМАНДЫН ӨСҮШҮНӨ САХАБАЛАРДЫН СӨЗДӨРҮ

Умар ибн Аль-Хаттаб айтты: “Эгер Абу Бакрдын ыйманы менен Жердеги адамдардын ыйманын салмактаса – Абу Бакрдын ыйманы оорураак болот” (Байхаки “Шуъаб аль-Ийман”: 1/69, асардын сахихтигин хафиз аль-Ираки «Тахридж аль-Ихья» 1/52 китебинде жана шейх аль-Альбани тастыкташты)

Умар өзүнүн досторуна айтчу: “Келгиле ыйманыбызды көтөрөлү!” башка риваяттарда “Келгиле ыймандашалы!” (Байхаки “Шуъаб аль-Ийман”: 1/69; Ибн Батта “аль-Ибана”: 2/847)

Ибн Масъуд дуасында айтчу: “Аллахумма зиднии иймаанан ва йакыынан ва фикhан (О, Аллах, менин ыйманымды, йакынымды жана дин түшүнүгүмдү көбөйт)” (Байхаки “Шуъаб аль-Ийман”: 1/73; Табарани: 9/105, асардын иснады жакшы)

ЫЙМАНДЫН КӨБӨЙҮШҮНӨ АХЛИ-С-СУННАНЫН ААЛЫМДАРЫНЫН СӨЗДӨРҮ

Малик ибн Анас: “Ыйман – бул сөз жана амал, көбөйөт жана азаят” (Ибн Абд аль-Бирр “аль-Интика”)

Имам Шафи айтты: “Ыйман – бул сөз жана амал, көбөйөт жана азаят” (“Манакиб аш-Шафиъий”: 1/387)

Имам Шафи айтты: “Эгер ыйман бир бүтүн нерсе болуп, көбөйбөй же азайбай турса – бардык адамдар бирдей болуп, бири биринен артыкчылыгы болмок эмес, ал эми артыкчылык деп айтылган жерлер маанисиз болуп калмак. Ошондуктан ыйманы толугураак пенделер башкаларга караганда Бейиште бийигирээк даражаларда болушат, ыйманы алсыздар күнөөлөрдү кылып жүргөндүктон Тозокко киришет” (“Манакиб аш-Шафиъий”: 1/393)

Имам Ахмад айтты: “Ыйман – бул сөз жана амал, көбөйөт жана азаят. Бул тууралуу төмөнкү хадисте айтылат: «Момун мусулмандардын арасында ыйманы эң толугу – адеп-ахлагы эң жакшысы (Абу Дауд: 4683, Ахмад: 2/250)»” (“Манакиб аль-Имам Ахмад” 1/173, 1/153 жана 1/168)

Имам Ахмад айтты: “Биз айтабыз: Ыйман – бул сөз жана амал, көбөйөт жана азаят, — деп. Эгер адам зына жасаса же арак ичсе ыйманы азаят” (Абдуллах ибн Ахмад “ас-Сунна”: 1/307)

Имам Авзаъий айтты: “Ыйман – бул сөз жана амал, өсөт жана азаят. Ким ыйман өспөйт жана азайбайт деп ойлогон болсо андан абайлагыла, себеби ал бидаатчы” (Ажурий “аш-Шариъа”)

Ибн Батта айтты: “(Аллахты) таануу, Ага моюн сунуу менен ыйман өсөт, кайдыгерлик жана күнөө менен ыйман пасаят. Мына ушул нерсе менен Куран түшурүлгөн, ушул нерсеге Сүннөт шайкеш келет жана ушул нерсеге үммөттүн имамдары ижмаъ (бир пикирге макулдашуу) кылышты” (Ибн Батта “аль-Ибана”: 2/832)

Ыйман өсөт жана азаят деген сөздөрдү Муаз ибн Жабал, Абу Дарда, Абу Хурайра, Умар ибн Абдуль-Азиз, Алкама, Мужахид, Суфян Саури, Ибн Мубарак, Ибн Уйейна ж.б. сахаба, табаин, аалымдар айтып келишкен. Ибн Аби Шейба “Аль-Ийман” китебинде, Байхаки “Шуъаб аль-Ийман” китебинде бул далилдерди чогултуп жазышкан. Байхакинин китеби кыргыз тилине которулуп “Ыймандын 70 бутагы” деген ат менен жарык көрдү.

 

Алынган булак:

  • “Акоид аль-Аимма аль-Арбаъа (4 мазхабтын имамдарынын акыйдасы)”. Автор: Мухаммад бин Абдуррахман аль-Хумеййис. 

© ИсламЖолу

Биздин контактылар:
www.islamjolu.kg
www.telegram.me/islamjolu
www.facebook.com/islamjolu
www.twitter.com/islamjolu
www.ok.ru/islamjolu
www.vk.com/islamjolu
www.my.mail.ru/community/islamjolu
www.instagram.com/islamjolu
+996-550-106363 (WhatsApp, Telegram)

Share

You may also like...

Добавить комментарий