Кайсыл учурда шайтан тамакка аралашат?

? Пайгамбардын ﷺ тарбиялоо жол-жобосу. Балдарыңарды дасторконго отурганда бисмиллах-ты айтуу адебине тарбиялоодо ушул ыкмаларды колдонсоңуз пайдасы көп болот, Аллах кааласа!
? Хузейфа (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:

≼ Аллахтын элчиси ﷺ менен тамакка бирге отурган кезде – ал колун сунуп, биринчи баштамайынча – биз колубузду сунчу эмеспиз.
Күндөрдүн биринде аны менен чогу дасторкондо отурганыбызда – бир кичинекей кыз [шашып] келди. Бирөө аны айдап келе жаткандай түрү бар эле. Ал колун тамакка сунган кезде Пайгамбар ﷺ аны колдон шап кармады. Андан бир аз өтпөй бир бедуин [шашып] келип калды. Бирөө аны айдап келе жаткандай түрү бар эле. Расулаллах ﷺ аны да колдон шап кармап, айтты:
Аллах Тааланын ысымы айтылбаган тамакты Шайтан өзү үчүн адал деп көрөт. Ал (шайтан) тиги кичинекей кызды алып келип, [тамакты] өзүнө адыл кылгысы келди, ал эми мен болсо анын колун кармап алдым. Андан кийин мына бул бедуинди алып келип, өзүнө адал кылайын деди – мен анын да колун кармап алдым. Менин жаным Анын колунда болгон Затка (б.а. Аллахка) ант, чындыгында анын (шайтандын) колу [азыр] ал экөөнүн колу менен бирге менин колумда турат”.
Андан соң [Пайгамбар ﷺ] “Бисмиллях”ты айтып [тамактан] жеди≽

? (Муслим: 2017)

ХАДИСТЕН АЛЫНГАН БИСМИЛЛАХ СӨЗҮНӨ ТИЕШЕЛҮҮ ПАЙДАЛАР

Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин айтты:

1⃣ ❓ Эгер адамдар жамаат менен тамак жеп башташкан болсо, “бисмилла”ны бир киши айтуусу – калгандар үчүн жетиштүү болобу? ❗Жооп: Эгер бирөөсү “бисмилла” деп ичинен айткан болсо — бул жетишсиз, себеби андан бөлөктөрү ал сөздү угушкан жок. Ал эми сыртынан айтып, баардыгынын атынан деп ниет кылса — ошол жетиштүү деп [кээ бир аалымдар] айтышат. [Башка бир аалымдар болсо] “абзели: ар бир адам өзү бисмиллахи деп айтуусу керек” дешет. Эң толугу жана эң жакшысы ушундай кылуу.

2⃣ Эгер [балдарыңыздын] бирөө тамакка отуруп, бирок сиз андан “бисмиллях” деп айтканын укпасаңыз – Аллахтын атын атамайынча сиз анын колунан кармап туруңуз. Себеби Расулалла ﷺ тиги экөөнө “Бисмиллях деп айткыла” деп буйрук берген жок, [жөн гана унчукпастан] алардын колун кармап турду: аларга ошол нерсе эскертме болуп, бул окуяны эстеп, келечекте “бисмиллаах” деп айтууну унутпай жүрүүлөрү үчүн.

3⃣ Тамак алдын бысмылда айтылдыбы же жокпу – тактоо.
Туурараагы: тамак алдын бысмылданы айтуу – милдет, парз болуп эсептелет. Эгер инсан “бисмиллахи” деп айтпаса – ал Аллах Тааланын алдында күнөөкөр болот; жана эң чоң душман – шайтан – аны менен тамагын кошо жешкенине ыраазы болгон болот. Ошол себептен бисмиллях’ты айтуу милдет (парз). Ал эми тамак алдын айтууну унутуп, ортосунда эстеп кетсең – анда “бисмилляхи авваляху ва аахыроху” деп айт.

? Шарх Рияд ас-солихин (4/192) ?

© ИсламЖолу

Share

You may also like...