Кабырдагы сурак тууралуу хадис (Кабырдагы үч суроо)

Адам кабырга коюлганда ага эки периште келип үч суроо сурайт. Периштелердин суроосу тууралуу хадистин тексти.

аль-Бара ибн ‘Азиб  (радияЛлаху анху) мындай деп баяндайт:

«Күндөрдүн биринде биз Пайгамбар менен бирге, (каза болгон) Мадина мусулмандарынын бирин көргө коюуга жөнөдүк. Биз келгенде көр али казылып бүтө элек экен. Пайгамбар отурду жана биз да анын жанына отурдук, башыбызга чымчык конуп алгандай болуп (былк этүдөн да коркуп).

Анын колунда бир чыбык бар эле, аны менен жерди шилеп, кийин башын көтөрүп: «Аллахтан кабыр азабынан коргоо тилегиле!», деп эки же үч жолу айтты да, сөзүн улады: «Момун пенде бул дүйнө менен коштошуп, аркы дүйнө босогосунда турган кезде – ага асмандан жүздөрү апакай, жүздөрү күн сымал периштелер түшүшөт. Алар өздөрү менен Бейиштен кепин жана жыпар жыт алып келишет да, андан көз жеткенчилек жерге олтурушат. Андан соң ага Өлүм Периштеси (алейхис-салам) келип, анын баш жагына олтурат да: “О, таза жан, Аллахтын кечирими менен ыраазылыгына (жолугууга) чык”, — дейт.

Идиштин оозунан (сызылып) агып чыккан тамчы сымал, момундун жаны анын денесинен чыгат жана (Өлүм Периштеси) аны алат. Ал аны алаар менен, периштелер көз ирмемчелик да убакыт калтырбастан, ал жанды анын колунан алышып, ошол кепинге ошол жыпар жыттарга орошот. Андан кийин (момундун) жаны, дүйнөдө табууга мүмкүн болгон эң укмуштуудай жагымдуу мускус жыпар жытындай жыттана баштайт.

 Андан соң периштелер жанды асманга көтөрүп жөнөшөт. Алар (башка) кандай гана периштелер тобунун жанынан өтүшпөсүн, алар: «Бул жакшынакай рух кимдин руху?», — деп сурап турушат. Алар пендени тирүү кезинде аталып жүргөн анын эң кооз ысымдары менен аташып: «Баланчанын уулу Баланча», — деп жооп беришет.

Ошентип биринчи кабат асманга жетишет да, дарбазаны ачышын сурашат, жана дарбаза ачылат. Асмандын ар бир кабатындагы периштелер ал рухту кийинки кабат асманга чейин узатып турушат, ошентип жетинчи кабат асманга жеткенче. Ошондо, Улуу жана Кудуреттүү Аллах: “Кулумдун (амал) китебин жогорку Бейиштеги ’Иллийюнга жазып койгула, ал эми өзүн Жерге кайтаргыла. Себеби аларды мен жерден жараткам, жерге кайра кайтарам жана экинчи ирээт жерден чыгарам”, — деп айтат».

Пайгамбар сөзүн улантты: «Ал денесине кайткан соң, эки периште келишип, аны отургузушуп, сурашат:

— «Раббиң ким?» деп. Ал:«Раббим – Аллах» деп жооп берет.

— «Диниң кайсы?» Ал: «Диним — Ислам» дейт.

— «Силерге жиберилген адам ким эле?». Ал: «Ал – Аллахтын элчиси болчу ».

— «Бул нерсени каяктан билдиң?». Ал: «Мен Аллахтын Китебин окуп, ага ыйман келтирип жана ага ишендим», — деп жооп берет.

Ошондо асмандан бир добуш: “Кулум чын сүйлөдү. Ага Бейиштин төшөнүчтөрүн төшөгүлө, Бейиштин кийимдерин кийиндиргиле, Бейиштин эшигин ага ачып койгула”, — деп жар салат. Ага Бейиштин жеңил шамаалы уруп, жыпар жыттары келе баштайт, жана анын кабыры анын көзү жеткен кеңдике (мейкиндике) дери кеңейтилет.

Анын алдына сулуу жүздүү, чырайлуу кийинген, жагымдуу жыпар жыттанган киши келип, мындай дейт: “Сүйүнчү болсун! Сени кубанткан нерсе бар. Бул – сага убадаланган күн!”, — дейт. Анда ага момун кайрылып: “Сенин жүзүңөн жакшылык нурданат го! Кимсиң сен?”, — деп сурайт. Ал: “Мен сенин сооптуу амалдарыңмын”, — дейт. Ошондо ал: “Кудайым, Сааттын (Кыяматтын) келүүсүн тездетчи, үй-бүлөмө жана байлыгыма (эртерээк) барайын”, — деп айтат.

Качан капыр пенде (хадистин башка риваятында «күнөөкөр» делет) бул дүйнө менен коштошоордо, акырет босогосунда турган кезде, ага асмандан капкара орой жүздүү периштелер түшөт. Алар өздөрү менен Тозоктон одуракай (жаман) кездеме алып келишет да, андан көз жетээрлик жерге олтурушат. Андан соң ага Өлүм Периштеси келип, анын баш жагына олтурат да: «О, ыпылас жан! Аллахтын каарына жана кыжырына учуроого чык», — дейт. Ошол ирмемде капырдын жаны анын бүт дене боюна таркап кетет. Ал (Өлүм Периштеси), ным жүндүн арасынан тикенекти тартып чыккан сыяктуу, анын жанын (денесинен) сууруп алат.

Ал аны алаар менен, периштелер көз ирмемчелик да убакыт калтырбастан, ал жанды анын колунан алышып, ошол жаман кепинге орошоот. Андан кийин ал, дүйнөдө табууга мүмкүн болгон өлүктүн эң сасык жытындай жыттана баштайт.

Андан соң периштелер жанды асманга көтөрүп жөнөшөт. Алар (башка) кандай гана периштелер тобунун жанынан өтүшпөсүн, алар: «Бул ыплас рух кимдин руху?», — деп сурап турушат. Алар пендени тирүү кезинде аталып жүргөн анын эң жаман ысымдары менен аташып: «Баланчанын уулу Баланча», — деп жооп беришет.

Ошентип биринчи кабат асманга жетишет да, дарбазаны ачышын сурашат, бирок ал ачылбайт», — депАллахтын Элчиси бул аятты окуду: «Аларга асман дарбазалары ачылбайт жана тээ ийненин көзүнөн төө өтмөйүнчө алар Бейишке эч кире алышпайт» (Куран, 7: 40)

Пайгамбар сөзүн улантты: «Ошондо Улуу жана Кудуреттүү Аллах айтат: «Анын (амал) китебин жердин түбүндө болгон Сижжинге жазгыла».

Андан соң аны (рухту) жерге ыргытып жиберишет. Бул жерде Пайгамбар бул аятты окуйт: «Ким Аллахка шерик келтирген болсо, ал асмандан кулап түшкөн  жана аны (жырткыч) куш тытып же болбосо шамал алыстарга учуруп кеткен сыяктуу» (Куран, 22: 31)

— анан айтты:

«Анын руху денесине кайтат. Ага эки периште келип, аны отургузуп, сурашат:

— «Раббиң ким?». Ал: «М-ммм… Билбейм…», — деп айтат.

— «Диниң кайсы?». Ал: «М-ммм… Билбейм…», — деп айтат.

— «Силерге жиберилген адам ким?». Ал: «М-ммм… Билбейм…», — деп айтат.

(Хадистин башка версиясында кошумча айтылат:

Бирок ал атын атай албайт, ошондо периштелер:

— «Ал Мухаммад!» деп катуу үн катышат. Ал:

— «М-ммм… Билбейм. Мен болгону адамдар ошентип айткандарын гана укчумун» деп кобурайт.

— «Сен билбедиң, жана аны ээрчибедиң!» дешет)

Ошондо асмандан добуш: «Ал жалган айтты! Ал үчүн оттон болгон жай төшөгүлө, ага Тозок дарбазасын ачкыла», — деп жарыя кылат.

Ага Тозоктун ысыгы менен шамалы келет, жана анын кабыры ушунчалык кысылат, анын кабыргалары бири-бирине кирип калат. Анын алдына жүзү суук, чирик сасыган, жийиркеничтүү кийимчен киши келип:

«Мен сага сени кайгыга батырган нерсени кабарлайм. Бул – сага убадаланган күн», — дейт. Ал андан: «Жүзүңөн жамандык көрүнөт! Кимсиң сен?», — деп сурайт. Ал: «Мен – сенин бузуку жаман амалдарыңмын», — дейт. Ошондо ал (күйүнүч менен): «Кудайым, Сааттын (Кыяматтын) келүүсүнө жол бербе!», — дейт».

(Хадистин башка версиясында кошумча айтылат:

Андан соң колуна, эгер аны менен тоону урчу болсо чаң кылып чачып жиберчү барскан (оор балка) кармаган көзү сокур, кулагы дүлөй жана тилсиз желдет жиберилет ага. Ал ошол (оор балка) менен жазалануучуну урат, ал чаңга айланып кетет. Аллах аны кайрадан мурунку калыбына келтирет. Ал аны кайра дагы урат, ал өкүрүк чыгарат жана аны адамдар менен жиндерден башка макулуктардын баары угат. Андан соң ага Тозоко дарбаза ачылат, ага өрттүү орун төшөлөт)

(Ахмад: 18534, 4/284. Сахих)

(Ахмад 4/284, Абу Дауд 2/281, ан-Насаи 1/282, Ибн Маджах 1/496, ал-Хаким 1/37, ат-Таялиси 753.

Хадистин сахихтигин тастыктаган имамдар: ал-Байхакъи, «Шу‘б аль-Иман»да (1/300); Абу Ну’айм, аль-Хаким, аль-Асбахани, Ибн Таймийя «Маджму‘ аль-Фатауа» (5/439) жана «Талбис аль-Джахмийя» (6/182); Ибн аль-Къайим «Тахзиб ас-Сунан» (13/89) жана «ар-Рух»да; ас-Суюти «Шарх ас-Судур» (91); Ахмад Шакир «Умдат ат-Тафсир» (2/22); аль-Албани «Сахих ат-таргиб уат-тархиб» (№ 3558); «Тахридж мишкат аль-масабих» (1573); жана «Ахкам аль-Джанаиз»де (198); жана Мукбиль аль-Вади‘и «ас-Сахих аль-Муснад мин асбаб ан-Нузуль»да (№ 150).

عن  البراء بن عازب  قال :  خرجنا مع النبي ﷺ في جنازة رجل من الأنصار، فانتهينا إلى القبر ولما يلحد، فجلس رسول الله ﷺ، وجلسنا حوله، كأن على رءوسنا الطير، وفي يده عود ينكت في الأرض، فرفع رأسه فقال : » استعيذوا بالله من عذاب القبر «. مرتين أو ثلاثا، ثم قال : » إن العبد المؤمن إذا كان في انقطاع من الدنيا، وإقبال من الآخرة، نزل إليه ملائكة من السماء بيض الوجوه، كأن وجوههم الشمس، معهم كفن من أكفان الجنة، وحنوط من حنوط الجنة، حتى يجلسوا منه مد البصر، ثم يجيء ملك الموت عليه السلام حتى يجلس عند رأسه، فيقول : أيتها النفس الطيبة، اخرجي إلى مغفرة من الله ورضوان «. قال : » فتخرج تسيل كما تسيل القطرة من في السقاء، فيأخذها، فإذا أخذها لم يدعوها في يده طرفة عين حتى يأخذوها، فيجعلوها في ذلك الكفن وفي ذلك الحنوط، ويخرج منها كأطيب نفحة مسك وجدت على وجه الأرض «. قال : » فيصعدون بها، فلا يمرون — يعني بها — على ملأ من الملائكة إلا قالوا : ما هذا الروح الطيب ؟ فيقولون : فلان بن فلان. بأحسن أسمائه التي كانوا يسمونه بها في الدنيا، حتى ينتهوا بها إلى السماء الدنيا، فيستفتحون له فيفتح لهم، فيشيعه من كل سماء مقربوها إلى السماء التي تليها، حتى ينتهى به إلى السماء السابعة، فيقول الله عز وجل : اكتبوا كتاب عبدي في عليين، وأعيدوه إلى الأرض ؛ فإني منها خلقتهم، وفيها أعيدهم ومنها أخرجهم تارة أخرى «. قال : » فتعاد روحه في جسده، فيأتيه ملكان فيجلسانه، فيقولان له : من ربك ؟ فيقول : ربي الله. فيقولان له : ما دينك ؟ فيقول : ديني الإسلام. فيقولان له : ما هذا الرجل الذي بعث فيكم ؟ فيقول : هو رسول الله ﷺ. فيقولان له : وما علمك ؟ فيقول : قرأت كتاب الله، فآمنت به وصدقت. فينادي مناد في السماء أن صدق عبدي، فأفرشوه من الجنة، وألبسوه من الجنة، وافتحوا له بابا إلى الجنة «. قال : » فيأتيه من  روحها  وطيبها، ويفسح له في قبره مد بصره «. قال : » ويأتيه رجل حسن الوجه، حسن الثياب، طيب الريح، فيقول : أبشر بالذي يسرك، هذا يومك الذي كنت توعد. فيقول له : من أنت، فوجهك الوجه يجيء بالخير ؟ فيقول : أنا عملك الصالح. فيقول : رب أقم الساعة حتى أرجع إلى أهلي ومالي «. قال : » وإن العبد الكافر إذا كان في انقطاع من الدنيا، وإقبال من الآخرة، نزل إليه من السماء ملائكة سود الوجوه، معهم المسوح، فيجلسون منه مد البصر، ثم يجيء ملك الموت حتى يجلس عند رأسه، فيقول : أيتها النفس الخبيثة، اخرجي إلى سخط من الله وغضب «. قال : » فتفرق في جسده، فينتزعها كما ينتزع السفود من الصوف المبلول، فيأخذها، فإذا أخذها لم يدعوها في يده طرفة عين حتى يجعلوها في تلك المسوح، ويخرج منها كأنتن ريح جيفة وجدت على وجه الأرض، فيصعدون بها، فلا يمرون بها على ملأ من الملائكة إلا قالوا : ما هذا الروح الخبيث ؟ فيقولون : فلان بن فلان. بأقبح أسمائه التي كان يسمى بها في الدنيا، حتى ينتهى به إلى السماء الدنيا، فيستفتح له، فلا يفتح له «. ثم قرأ رسول الله ﷺ : » { لا تفتح لهم أبواب السماء ولا يدخلون الجنة حتى يلج الجمل في سم الخياط }، فيقول الله عز وجل : اكتبوا كتابه في سجين، في الأرض السفلى. فتطرح روحه طرحا «. ثم قرأ : » { ومن يشرك بالله فكأنما خر من السماء فتخطفه الطير أو تهوي به الريح في مكان سحيق }، فتعاد روحه في جسده، ويأتيه ملكان فيجلسانه، فيقولان له : من ربك ؟ فيقول : هاه هاه، لا أدري. فيقولان له : ما دينك ؟ فيقول : هاه هاه، لا أدري. فيقولان له : ما هذا الرجل الذي بعث فيكم ؟ فيقول : هاه هاه، لا أدري. فينادي مناد من السماء أن كذب، فأفرشوا له من النار، وافتحوا له بابا إلى النار. فيأتيه من حرها وسمومها، ويضيق عليه قبره حتى تختلف فيه أضلاعه، ويأتيه رجل قبيح الوجه، قبيح الثياب، منتن الريح، فيقول : أبشر بالذي يسوءك، هذا يومك الذي كنت توعد. فيقول : من أنت، فوجهك الوجه يجيء بالشر ؟ فيقول : أنا عملك الخبيث. فيقول : رب لا تقم الساعة «.

مسند أحمد 18534

حكم الحديث: إسناده صحيح رجاله رجال الصحيح

Share

You may also like...