Карантин деген Шариатта барбы? — Шейх Раслян

Шейх Мухаммад Ибн Саид Раслян айтты:

Жалгыз бир Аллахка мактоолор болсун. Акыркы пайгамбар (Мухаммед) пайгамбарга салават-саламдар болсун. Андан соң:

Инфекциянын жайылышын токтотуучу маанилүү шариат себептеринин бири — карантин.

Бир шаарда чума жана эпидемия чыкканда мусулман эмне кылыш керектигин Пайгамбар ﷺ айтып кеткен.

Усама ибн Зейд (радияЛлаху анхума) айтат,Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

«Чума – Бани Исраилдин (же силерге чейинки адамдардын)бир бөлүгүнө жиберилген азап эле.Эгер ал бир жерде бар экен деп уксаңар – ал жерге барбагыла,ал эми силер турган жерден чыксаал жактан качып чыкпагыла» (Бухари, Муслим).

Мына, адамдар инфекция ж.б.у.с. ооруларга карата ушундай чараларга (азыр) барып калышты. Алар “карантин” ж.б. деп бардык жактан азыр ызылдап жатышат.

Бирок Пайгамбар ﷺ аны (эчак) айткан. Эң кыска, эң түшүнүктүү кылып айткан:

«Эгер ал бир жерде бар экен деп уксаңар…», б.а. бул оорууну.

Аалымдар айтышат: “Чума” (тоъун) дегенге бардык эпидемиялык жугуштуу оруулар кирет (коронавирус ж.б.), — деп.  Демек алар, “чума” сөзүн (Шариат жагынан талкуулоодо), медицина берген аныктама менен эле чектелишкен жок.

Ананчы! (Чуманын) себептери, симптомдору, медицинада айтылган дарылоо жолдору бар. Ал белгилүү бир нерсе. Ал эми (Шариат өңүтүнөн алганда) “Чума – деп бардык эпидемиялык жугуштуу оорулар айтылат”, — дешти (аалымдар).

Пайгамбар ﷺ айтып жатат: «Эгер ал бир жерден чыкканын уксаңар – ал жерге барбагыла…». Аллах Таала сени бул оорудан сактасын! Анын мааниси: “эгер сен турган жерде саламатчылык болуп, башка жерде эпидемия чыкты делсе, ал жакка барба”, «… ал эми силер турган жерден чыкса, ал жактан качып кетпегиле».

Бул нерседен биз билебиз, инсан Аллахка туура тобокел кылуу керектигин. Себеби бул жерде Пайгамбар ﷺ көңүлүбүздү акыйдага тийиштүү бир маселеге буруп жатат.

🦠 Ал эми «…ал жактан качып кетпегиле» деген Пайгамбардын ﷺ сөзүндө, медицинага тийиштүү бир чоң маселе турат. Себеби инсан ооруну ташып жүрүүчү болуп, (башында) өзүнө эч кандай симптомдор байкалбай, симптомдор бир канча убакыттан кийин гана чыгышы мүмкүн. Сыртынан дени сактай көрүнөт, өзүн ооруга чалдыккан жокмун деп ишенет, бирок чындыгында илдетке жолукканы анык. Анан ошол ооруну адамдардын арасында таркатып жүрө берет. Балким оору жок шаарга кирип, эпидемия аякта да тарашына себеп болот.

Бирок Пайгамбар ﷺ аны жакшы ишенимге (акыйдага), жана Аллахка тобокел кылууга кайтарып жатат: «… Ал эми силер турган жерден чыкса, ал жактан качып кетпегиле».

Демек, адамды карантинге жайгаштыруу деген эмне?

Жооп: бир нече процедуралардан турган иштерди аткаруу:

— Үйдөн чыкпоо;

— Башка кишилерден алыстоо;

— Оорунун симптомдору жок экендигин улам текшерип, тастыктап туруу;

— Симптомдор байкалса дароо врачка кайрылуу.

Ал эми эпидемиялык иликтөө деп — оорунун очагын аныктоо үчүн  колдонулган чаралардын топтомун айтабыз,

о.э. анын жайылуусуна башка дагы кандай себептер таасир этип жатат аныктоо,

о.э. оору жуккан адамдарды аныктоо,

о.э. оорунун таралуу жагдайларын жана жолдорун аныктоо.

Ал нерсе (б.а. эпидемиялык иликтөө) атайын дайындалган команда керектүү маалыматтарды топтоп алуу үчүн, (коомдун) бардык мүчөлөрүнөн – көмөктөшүүнү талап кылат.

Ал эми санитардык изоляция менен карантиндин айырмасы болсо, санитардык изоляция – бул инфекция бар учурунда, вирус жуккан же жукканга окшогон адамды, атайын санитардык жерлерде же жагдайларда, инфекция андан башка кишилерге жукпаштыгын алдын алуу үчүн, башка соо адамдардан бөлүп коюу.

Ал эми карантин – медицина адистери белгилеп койгон мөөнөткө чейин бул соо адамдардын иш-аракеттерин бир канча убакытка чектөө.

Карантин жана санитардык изоляция, коомдун бардык мүчөлөрүнө оору тарап кетүүсүнө бөгөт койгон, эффективдүү иш-чаралардан деп эсептелет.

Карантинди милдет катары киргизүүнү алгач Ислам дини буюрган.

Изоляция жана карантин, инфекция жана вирустук оруулардын эркин таралышынан сактаган, эң маанилүү эки себеп делет.

Карантин аркылуу, ары бери жүрүү эркиндигин чектөө көздөлөт. Чектөө, таркалып жаткан ооруга чалдыгуу мүмкүнчүлүгү бар, ар бир жандыкка коюлат. Карантин белгилүү бир убакытка киргизилет. Анын узактыгы, ошол оорунун инкубациялык периодунун эң узун мөөнөтүнө барабар болот.

Оорунун инкубациялык периоду – бул ооруну жуктуруп алгандан тартып, симптомдору ачык көрүнгөнгө чейинки мөөнөт. Эгер карантинге киргизилген кишинин соо экендиги тастыкталса, карантин токтотулат. Болболсо изоляцияга киргизилет.

—————————————

(Ооба), илгертен, кээ бир адамдар, бирөөнү жугуштуу илдет менен ооруп калганын билип калышса, оору жукпасын деп андан алысташат эле. Ошондой эле эпидемия жүрүп жаткан

шаарга же чөлкөмгө кирүүдөн да сезденишет эле.

Бирок, эпидемия жүрүп жаткан жерден соо киши дагы чыкпаш керектигин алар билишкен эмес.  Себеби инфекция оорусун ташыган “бактерия” деген нерсе бар экенин, (илгери) билишкен эмес. “Микроб” бар экенин, “инкубациялык период” бар экенин  билишкен эмес.

Ошондуктан сыртынан соо көрүнгөн адамдын (ичинде оору болуп), ал “инкубациялык мөөнөттө” же айыгуу процессинде экенин, же ошол инфекцияга иммунитети бар болуп,бирок чындыгында микробдорду ташып жүрөт экенин, же (өзү ташыбаса да) денесинде курт-кумурскалар бар болуп, алар микробдорду ташышы мүмкүн экенин билишкен эмес. М: чума бактерияларын алып жүргөн бүргөлөр, же келте (тиф) бактерияларын алып жүргөн биттер.

Бул нерсе (илгери) белгилүү эмес эле. Бирок, Аллахтын элчиси ﷺ пайгамбарчылык нуру менен, микробдорду медицина ача электен, инфекциялык оорулардын “инкубациялык периоду” болоорун эч ким биле электен он эки кылымдан ашык убакыт мурун — ооруну кантип алдын алууну, о.э. карантинди баяндап кеткен: эпидемия болуп жаткан жерге барбагыла жана ал жерден чыкпагыла, — деп.

Демек, кирген киши инфекцияга чалдыкпасын деп ал жакка кирүү болбойт. Сыртынан соо көрүнгөн киши, оорунун башка жерлерге таркашына себеп болуп калбасын деп ал жактан качып чыкса да болбойт. Бул хадисти Бухари жана Муслим “Сахих” жыйнактарында риваят кылышат.

Чума (طاعون) тууралуу хадистер

Хабиб ибн Аби Сабит айтат, Ибрахим ибн Аби Ваккас айтты, Усама ибн Зейд   Саад аттуу кишиге Пайгамбардын ﷺ  бул хадисин айтып жатканын эшиттим:

«Эгер чума бир жерде бар экен деп уксаңар – ал жерге кирбегиле, ал эми силер турган жерден чыкса ал жактан чыкпагыла». Мен айттым: “Ал Саадга ушул хадисти айтып жатканын угуп, андан тыйган жоксуңбу?”. Айтты: “Ооба, (тыйган жокмун)”. Хадисти Бухари жана Муслим риваят кылышты.

Амир ибн Саад ибн Аби Ваккас өзүнүн атасынан риваят кылат, ал Усама ибн Зейдден сурап жатканын уктум дейт: “Аллахтын элчисинен ﷺ чума тууралуу эмне уктуң эле?”. Усама айтты: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

«Чума – Бани Исраилдин (же силерге чейинки адамдардын) бир бөлүгүнө жиберилген азап эле. Эгер ал бир жерде бар экен деп уксаңар – ал жерге барбагыла, ал эми силер турган жерден чыкса ал жактан качып чыкпагыла».

Ошондой эле Абдуллах ибн Амир ибн Раби’ден риваят кылынат, Умар (радияЛлаху анху) Шам жергесине аттанып чыгат. Сарх (Сарг) деген жерге келгенде Шамды эпидемия каптаптыр деп угат. ‘Абдуррахман ибн ‘Ауф ага айтат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтканын:

«Эгер ал бир жерде бар экен деп уксаңар – ал жерге барбагыла, ал эми силер турган жерден чыкса, ал жактан качып чыкпагыла». Анан Умар (радияЛлаху анху) Сархка кирбей кайтып кетет. Сарх – Шамдын Хижаз менен чектешкен тарабындагы айыл.

Хадис китептеринде, Умар ибн Хаттабдын (радияЛлаху анху) доорунда болуп өткөн Шамдагы бул эпидемия – чума экендиги айтылат. “Эммаус” чумасы деп аталган бул оору, 18-хижрий жылы болуп өткөн. Бухари жана Муслим бул окуяны кененирээк баяндашат:

Абдуллах ибн Аббас (радияЛлаху анхума) риваят кылат, Умар ибн Хаттаб (радияЛлаху анху) Шамга чыкты дейт. Сарх деген жерге келгенде аскер башчылары Абу ‘Убейда ибн аль-Жаррах жана анын жолдоштору, Умарды тосуп чыгышат. Алар Шам жеринде эпидемия жүрүп жаткандыгынан кабар беришет.

     Ибн Аббас айтты: “Умар айтты: Мага алгачкы мухажирлерди чакыргыла”. Аларды чакырып, Шам жергесинде вирус жайылганы тууралуу кеңеш өткөзөт. Пикирлер кайчы чыгып, кээ бирлер айтышат: “Бара жаткан ишиңен артка кайтпа (шаарга кире бер)”. Кээ бирлер болсо: “Сени менен адамдар жана сахабалар бар, аларды вирус болуп жаткан жерге алып барба”, — дешет. (Умар) айтат: “Мени жөн койгула”.

     Андан соң ансарларды чакырттырат. Мен аларды чакырган соң, (Умар) алар менен да кеңеш курат. Бирок алар да мухажирлерге окшоп, кайчы пикирге түшүшөт. (Умар) айтат: “Мени жөн койгула”.

     Андан соң: “Мекке ачылышына (фатх) чейин динди кабыл кылган Курайштын аксакалдарын мага чакыргыла”, — дейт. Мен аларды чакырдым жана алардын арасында эч талаш болгон жок, баары (бирооздон) айтышты: “Адамдар менен кайта артка кайт, жана аларды бул ооруга алып кирбе”.

     Анда Умар адамдарга жар салат: “Таң эртең менен мен жолго аттанам, силер дагы (жолго даярдангыла)”. Абу Убейда ибн аль-Жаррах айтты: “Аллахтын тагдырынан качып жатасыңбы?”. Умар айтты: “Сенден башка бирөө бул сөздөрдү айтканда кана, о, Абу Убейда! Ооба, Аллахтын тагдырынан (башка бир) Аллахтын тагдырына качып жатабыз. Айтчы мага, сенин төөлөрүң болуп, алар, бир тарабы чөптүү, экинчи жагы такыр коктуга түшүшсө, жана сен аларды чөптүү жерине оттогону айдап барсаң – бул Аллахтын тагдыры эмеспи? Же сен аларды такыр жерине айдап барсаң – бул да Аллахтын тагдыры эмеспи?”.

      (Ибн Аббас) айтты: Анан Абдуррахман ибн Ауф келет, өзүнүн иштери менен бир жакка кеткен эле. Ал айтат: Мен бул тууралуу бир нерсе билем. Аллахтын Элчиси ﷺ минтип айтканын эшиттим эле:

«Эгер ал бир жерде бар экен деп уксаңар – ал жерге барбагыла, ал эми силер турган жерден чыкса ал жактан качып кетпегиле». Айтты: (аны уккан) Умар Аллахка мактоо айтып, (бул жерден) кетип калды.

Ислам жана заманбап медицина карантин тууралуу

Бул кереметтүү хадистерден, ар кандай вирустук орууларга каршы турууда, Пайгамбар ﷺ “карантиндин” негиздерин айтып кеткендигин көрөбүз.

(Бүгүнкү) медицина илими айтып жаткан нерселер да ушуга шайкеш келүүдө. Бул – Пайгамбардынﷺ  доорунда практикалык мүмкүнчүлүктөр (аз) болгонуна карабай (ал ушул нерселерди айтып кетти)!

Кийин, жугуштуу илдеттердин бактериялары аныкталганда гана, о.э. ар бир оорунун инкубациялык мөөнөтү, аны диагноздоо жолдору, анын өтүшү жана таралышы аныкталганда гана, кээ бир ооруларга каршы эмдөөлөр чыгып, ал прививкалардын күчү жана таасир мөөнөтү аныкталганда гана – ар бир инфекциялык ооруга карата изоляциянын жана карантиндин так мөөнөтү белгиленип, изоляцияга ким отургузулат, карантинге ким кирет жана анын түрлөрү аныкталды.

Эгер (анын баарын аныктаганга) заманбап илимий каражаттар жетишпесе, карантин — өз ичине болушунча көп адамды, болушунча көп жерди камтуусу керек.

Ал эми Улуу Пайгамбарыбыз ﷺ чума жана эпидемиялык ооруларга тийиштүү маселелерде таалим кылып кеткен.

Исламда айтылган карантин: бул – ооруу таркап кетпесин деп, сыртынан соо көрүнүп, шаардан чыккан кишилер, вирустук бактерияларды жугузуп алган, же оору жуккан (кене-бит сыяктуу) жандыктарды алып жүргөн болуп калбасын деп – вирус болуп жаткан жерден чыгууну тыйганы, таза жерлерди вирустан коргоп жатканы.

Бул карантин, мусулмандарды балээнин маңдайына таштап салуу дегенди билдирбейт. Ислам дини гигиена эрежелерин, тазалыкты сактоого, жугуштуу илдетке чалдыккандардан алыс болууга чакырат.

Бирөө суроо бериши мүмкүн:

“Чума тууралуу бардык нерсе изилденип, изоляция менен карантинтин эрежелери түзүлгөн соң, медицина эрежелеринин негизинде, саламаттыкты сактоо органдарынын уруксаты менен шаардан чыкса – согуштан качкан деп эсептелеби?”.

     Жооп: “Жок, антип эсептелбейт”. Илгери эле, ан-Навави “Сахих Муслимге” берген шархында айткан: “Чума бар шаарга кирбөө, ал бар жерден качып чыкпоо (керек). Бирок, жүйөөлү себеп болсо чыгуу уруксат. Бул айткан нерселерибиз, — дейт Навави, — биздин мазхаб – б.а. шафии мазхабы – жана көпчүлүк аалымдардын мазхабы. Кады Ийад айтты: көпчүлүк аалымдар ушул пикирде болушкан…”.

     Андан соң ан-Навави айтты: “…Уламалар айтышат: Бул нерсе мааниси жагынан Пайгамбардын ﷺ төмөнкү сөздөрүнө жакындашып кетет: “Душман менен жолугууну самабагыла, Аллахтан (андан) арылууну тилегиле, ал эми жолугуп калсаңар – анда сабыр кылгыла”.
     Хадистен алынчу сабактар:
— жаман нерселерден жана анын себептеринен сактануу;
— балээ келгенде Аллахтын тагдырына моюн сунуу”
(ан-Навави “Шарх Муслим”)

Аллахтан саламатчылык, (балээлерден) арылтуусун сурайбыз!

Бирок, вирустук илдетке чалыккандардын көбү – өзүлөрү жана туугандары – изоляция жана карантинден качышып, аны жышырышып, атайын органдарга бул тууралуу билдирүүдөн баш тартуулары мүмкүн.

Ошондуктан, Ислам, ар бир мусулманды өзүнө өзү жоопкерчиликтүү жана эсеп-кысап кылуучу кылды, саламаттыкты сактоо нормаларын аткаруусун талап кылды, баш ийүүгө үндөп, тоң моюндук кылуудан кайтарды, жана карантинге ыраазы болуп, эпидемия болуп жаткан чөлкөмдөн чыкпаган болсо, аны сактаган кишиге
– Аллах жолундагы күзөтчүнүн (муробит) сообу берилет деди.
– Ким ал оорудан көз жума турган болсо шейиттин сообу берилет деди.
– Ал эми изоляция жана карантинден безгендин жазасы, Ыйык Согуштан (жихад) качкандай болот деди.

Бул нерсе, чума сыпатталган хадисте ачык айтылган. Пайгамбар ﷺ  чуманы сыпаттап айтты:

«Төөлөрдүн без шишиктерине окшош шишик. Ал жерден чыкпаган киши – шейиттей болот. Андан качкан согуштан качкандай болот».

Пайгамбар ﷺ айтты:
«Аны менен өлгөн ар бир мусулман – шейит». Хадисти Ахмад ж.б. сахих иснад менен риваят кылышты.

Исламда шейит даражасы берилет, алгач:

  • Аллах жолунда согушуп өлгөнгө. Бул шейиттиктин эң бийик даражасы.
  • Андан соң, ким намысын жана малын коргоп өлсө.
  • Андан соң, ким зулумдук, душманчылык менен өлтүрүлсө.
  • Андан соң, ким кырсыктап: сууда чөгүп өлсө, же күйүп өлсө, же чумадан өлсө.

Албетте, мунун баары, өзүн-өзү атайын өлтүргөн, өлүм келээрден мурун өзүн жанын кыйган кишиге тиешелүү эмес. Шейит болоюн деп, ушул нерселерге атайын барууну,

(дин эмес, керек болсо) акылдуу адамдар да туура эмес дешет.

—————————————

Карантинди илимий түрдө милдеттүү киргизүүнү – алгач Ислам айткан,
о.э, бактериялар табылып, карантиндин пайдасы аныкталганга чейин, карантин оорунун башка жаңы жерлерге жайылуусун тосот экенин билишкенге чейин эле көп кылым алдын – эпидемия болуп жаткан жерден чыкпоону да алгач Ислам айткан.
О.э. Ислам алгач айтып кеткен нерселердин ичинде – хадистерде айтылган чума, бүгүнкү күндө ошол ысым менен белгилүү эпидемиялык оорунун өзү экени.

🧬 Демек, хадистер менен заманбап медицина, чума ж.б. эпидемиялык илдеттерде бири-бирине дал келет экенин көрөбүз.
О.э. сахихтиги жана мааниси тастыкталган башка хадистерге дагы, далилденген илимий фактылар дал келет экенин көрөбүз.

Аллахтын салават-саламдары Пайгамбарыбыз Мухаммедге, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына болсун.

📲 Булак: Шейх Расляндын расмий сайты (https://youtu.be/yV27ijk-Jcw)

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

Share

You may also like...