Коронавирус: Мусулман менен мусулман эместин айырмасы — Шейх Раслян

Шейх Мухаммад Саид Раслян (Аллах аны ырайымына алсын) айтты:

Жашоого тийиштүү бардык нерсеге, анын бар же жок болуусуна — адамдардын бирөөсү да аралаша албайт.
Ажалы жеткен гана адам өлөт.
Ошондой эле тирүү жандыктын тирүү болушуна Ааламдардын Раббиси Аллах гана тирүүлүк берет.
Бул тирүү жандыктардын (кандай жана канча экенин) Аллах гана билет.

Бүгүнкү ааламдын акыбалына ой жүгүртүп көрчү.
Элинин саны жагынан жердеги эң чоң мамлекет – Кытай Республикасы, корккон, үрөйү учкан абалда, алапайын таппай түндөрүн өткөзүп жатат!
Аны коркууга салган душманы ким?
Түнү тынчын алып, күндүзү жашоо бербеген?
Элди үйлөрүн таштап, төгөрөктүн төрт бурчуна качууга аргасыз кылган? Өлүмдөн качууну каалашабы?… Бирок кайдан!

Бул кайсыл курал?
Ошол миллиарддаган адамдарга таасир этип жаткан бул эмне деген курал болду экен?
Бул миллиарддаган кишилерге бир гана атомдук же андан чоң бир курал менен гана таасир берүүгө болот деп бирөө ойлошу мүмкүн эле.
Бирок Аллах Тааланын аскерлеринин арасында эң майда болгон, бир тирүү жандык бар.

Вирус – жалпысынан айтканда, тирүү жандыктардын эң эле кичинеси. Керек болсо химиялык курамы боюнча да ошондой.
Көбүн эсе, бул вирусту көрүү үчүн аны 250 миң эсе чоңойтуу керек. Биздин көз көрө алуусу үчүн, аны микроскоп менен мына ушундай чоң өлчөмдө чоңойтуу керек.
250 миң эсе, 500 миң эсе!

Вирус… Аларды жана бүтүндөй ааламды коркутуп жаткан…
Ал себептүү порттор жабылган…
Ал себептүү аэропорттор жабылган…
Ал себептүү (мамлекеттен мамлекетке) сапарлар тыйылган…
Ал себептүү (кезексиз) каникул жарыяланган…
Андан сактануу үчүн миллиарддаган акчалар сарпталып жаткан…
бул (вирус) көзгө көрүнбөйт!
Ал каяктан келип жугаарын да эч ким билбейт!
Себеби Аллах – каалаганын кылат жана ал Улуу Жаратуучу!
«Раббиңдин аскерлерин Өзүнөн башка эч ким билбейт» (Куран, аль-Муддассир 74:31).

Мына, Аллах бул вирусту аларга жиберип койду.
Анын аты, латынчадан которгондо “Таажы”.
“Корона” латынчадан “таажы” деп которулат.
“Корона” деп аталган шоколад бар эмеспи, ошонун таңгагынан таажынын сүрөтүн көрсөң болот.
Себеби аны чоңойткондо таажыга окшош болот экен.

Бул коркуткан, үркүткөн…
Үрөйдү учурган бул душман…
Болжол менен 500 миң эсе чоңойткондо гана көзгө көрүнөт,
акыркы заманбап өтө так микроскоптун астында.
Эми алар ушул нерседен ушунча коркушууда!

Сен бул нерсени угуп жатасың. Сени бул нерсе коркутуудабы?
Бул жугуштуу оорууга окшогон нерселер тоъун (чума) өкүмүндө болот экенин мусулман жакшы билет.
 Сен турган шаарда ал пайда болсо, ал жерден кетүүгө болбойт.
 Башка шаарда пайда болсо, ал жакка кирүүгө болбойт.
 Ким ал ооруу себептүү өлсө шейит кетет. Мына, мусулман ушундай.

Ал эми кайра тирилүүгө ыйман келтирбеген “өлүктөр” (каапырлар) үчүн, ааламдын Жаратуучусуна ишенбеген коммунисттер ж.б.у.с. атеисттер үчүн жашоо өлүм менен аяктайт, (уланбайт деп ойлошот эмеспи).
Ошондуктан алар (өлүмдөн) корушат жана жашоого өтө сугалак келишет.

Ал эми мусулман пендеси…
Мына, Муаз (радияЛлаху анху). Шам жергесин Эммаус чумасы каптаганда, Муаз ал жердеги аскердин башчысы эле. Чума ага да жугат. Ооруга чалдыккан жарасын өөп, көзүнө коюп, айтчу экен:
“О, Аллахым! Бул ооруда Муаздын үй-бүлөсүнүн үлүшүн жалгыз гана Муазга энчилебе (б.а. башкаларга да бер)”
Анан, баласы да ооруп калат.
Себеби чумадан өлгөн киши шейит кетет.

Динибизде көп нерсе бар. Эгер биз улуу Ислам динибиз окуткан нерселерди аткарганыбызда — Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ВОЗ), Жер жүзүндөгү Саламаттык сактоо министирликтеринин инструкцияларына муктаж болбойт элек.

Биздин улуу Ислам динибизде, Ааламдардын Раббиси Аллах, бизге ушуга окшогон жугуштуу оорулардан сактануунун жолун көрсөтүп койгон.
(Мисалы), ажатканада оң колду колдонбогула деп Ислам динибизде айтылат!
Ал (оң кол) саламдашуу, тамак ичүү, алуу-берүү сыяктуу жакшы иштерге арналат.
Ал эми сол кол нажас-ыплас нерселерди кармоого иштетилет.

(Азыркы учурда) учурашып жаткандарыбыз дагы сүннөткө ылайык эмес болуп жатат.
Эгер сүннөттү карманганыбызда, шариат себептери аркылуу Аллах бизди көптөгөн балээлерден сактаган болоор эле.
Көрүшкөндө (кучакташуу) адат болуп калды, өзгөчө египеттиктерде. Бирөө менен учурашса аны кучактап, өзүнө кысып, далысынан таптап коёт. Ушунтип керек болсо бир топко тура беришет.
Бул сүннөттөн эмес.
Бул (кучакташып учурашуу) сапардан келген адам менен көрүшкөндө уруксат. Ошондо да мындай түрдө эмес.
Мына, Жафар (радияЛлаху анху) Эфиопиядан келгенде,
Пайгамбар ﷺ аны тосуп алуу үчүн, шашкандан изарын сүйрөп, чыгып, аны кучактады, чекесинен өптү.

Сахабалар жолукканда кол алышып эле учурашышкан.
(Элестетсеңиз), киши киши менен күнүнө беш же андан көп жолу жолугуусу мүмкүн. Жолуккан сайын өзүнө кысып,
бетине шилекейин чачыратып,
ичине дем алып отурса,
өзүндөгү нерсени ага “көчүрүп” коёт!
Мындай (учурашуунун) динге тиешеси жок.
Мындай (учурашуунун) сүннөткө тиешеси жок.
Күчүң жетсе сүннөттү карман. Ал эми бул – жаман адат.
Бул нерсенин динге кыпындай да тиешеси жок!

Диний эрежелер көп: (мисалы) суу ичейин десең, сүннөт менен ич.
Пайгамбар ﷺ идишке дем алган эмес.
Пайгамбар ﷺ суусундукту үч ууртап ичкен.
Бисмилляны айтып анан ичкен, бирок идишке демин чыгарган эмес.
Андан соң “аль-Хамди лиЛлях”ты айтып, кийинки ууртамды кылчу.
Себеби, адам чаңкаганда, көп суу ичиши мүмкүн, бир ууртам сууга каныкпай, дагы ичиш үчүн, идишке дем алуусу ыктымал.
Бирок, пайгамбарлардын төрөсү болгон Мухаммед пайгамбардын ﷺ сүннөтү аркылуу, Аллах Таала инсанды бул кыйынчылыктардан арылтты.

Динде эрежелер көп! О, менин сүйүктүүлөрүм.
Эгерде биз аларды Эгебиздин Китеби жана Пайгамбарыбыздын сүннөтүнө шайкеш кармансак,
Ааламдардын Раббиси Аллах бизди сактайт эле, алгач динибизди, андан соң дүйнөбүздү.
Мына, чыныгы сактоо деген ушул.

Адам өз жүрөгүн абайлоосу керек, жүрөгүнө бир ширк ишеним кирип кетпесин деп.
(мисалы) ширкке тийиштүү коркуу.
Чыныгы коркуу бир гана Аллахтан болот.
Ким (акыйдасын) түздөсө, эч кимден коркпой калат.
Эгер адам Аллахтан бөлөк бирөөдөн корксо, демек жүрөгүндө ооруу (адашуу) бар экен.
Имам Ахмаддан: “Адам адамдан коркобу?”, — деп суралганда, ал айтты: “Адам адамдан бир гана жүрөгүндө ооруу (адашуу) болгон үчүн коркот”. Адам Аллахтан бөлөк бирөөдөн бир гана жүрөгүндө ооруусу (адашуусу) бар үчүн коркот.
(Албетте), тагдырда жазылган нерсе сөзсүз аткарылат!

Аллахтан сурайбыз: бизди (жамандыктардан) сактоосун, биздин мекенибизди (Египетти) жана бардык мусулмандардын мекендерин сактоосун, жана бизди Акыйкат жана Түз Жолго баштоосун!

Булак: Шейхтин Расмий Ютуб каналы

Share

You may also like...