? Курандагы айыз жөнүндө аят

Аялдардын айыз жөнүндө Аллах айтты:

? Сенден айыз жөнүндө сурашат. Айткын: Ал жагымсыз нерсе. Демек, айыз келгенде (айыз убактысында) аялдарга [айыз чыкчу жерине] жакындабагыла. Жана тазаланмайынча аялдарга жакындабагыла. Ал эми качан алар тазаланганда аларга Аллах буюрган тараптан келе бергиле. Аллах тооба кылуучуларды жана таза-пакиза адамдарды сүйөт.

? Куран, аль-Бакара 2:222

? Шейх Абдуррахман ас-Саади (рахимахуллооху) бул аяттын чечмеленишинде айтты:

Мусулмандар Пайгамбарыбыздан ﷺ аялдын айыз жонундо сурагандыктарын Аллах Таала баяндап жатат. Этек кири келгенге чейин аялдын акыбалы кандай болсо, андан кийин деле ошондой болобу? Же жөөттөр кылгандай, ал учурда, аялдан толугу менен четтеш керекпи?

Аялдын этек кири – аза жеткизчү нерсе экендигин Аллах Таала баяндады. Ал эми кандай аза болбосун – Аллах Таала Өз даанышмандыгынан – пенделерин ошол аза берчү нерсенин өзүнөн гана тыят. Ошондуктан айтты: айыз келгенде аялдарга жакындабагыла, б.а. кан чыккан жер аркылуу жыныстык катнаш кылбагыла. Бул жыныс мүчөсүнө эле тиешелүү.

❓Айыз учурунда кошулуу

Бул нерсе арам экендигинде ислам аалымдары бир ооздон келишишкен (ижмаъ).

Кан бөлүнүп чыккан жерге гана жакындабаш керек дегенден – айыз учурунда аял менен анын жыныс мүчөсүнө кирбестен кошулуу жана аны сылап-сыйпап эркелетүү – уруксат экендиги түшүнүлөт.

Ал эми Таза болмоюнча аялдарга жакындабагыла дегендин мааниси, эркек кишиге аялдын жыныстык мүчөсүнө жакын жайгашкан дененсинин бөлүктөрүнө – киндигинен тизесине чейинки бөлүктү – тийүүдөн сактануусу кирет. М: Пайгамбар ﷺ этек кири келген аялын эркелетүүнү каалаган учурда, ага изар (белден ылдый кийилчү кийим) кийүүсүн буйруйт эле, андан кийин гана аны сылап-эркелетчү.

Аялга жакын болбоонун мөөнөтү – качанга дейре алар таза болмоюнча, б.а. каны токтомюнча. Бирок качан бул эки шарт аткарылса: 1) кан токтосо; 2) аял гусул алса – айыз учурунда тыйуу болгон нерселер кайрадан уруксат болот. Кан токтоосу менен биринчи шарт орундалат, бирок экинчиси калат. Ошондуктан айтты: качан алар тазаланганда, б.а. гусул алганда; Аллах буюрган тараптан келе бергиле, б.а. Аллахтын буйругуна ылайык, жыныстык катнаш кылууга уруксат кылынат, аналдык тешиги аркылуу эмес, бирок жыныстык мүчөсү аркылуу, себеби жатын гана түйүлдүк өрчүй турган жай болуп эсептелет.

Бул тыйуу Аллахтын пенделерине болгон жумшактыгы жана аларды азадан сактоо үчүн болгондуктан, Ал айтты: Аллах тооба кылуучуларды сүйөт, б.а. ар убакта күнөөлөрүнөн тооба кылуучуларды; жана тазалануучуларды сүйөт, б.а. күнөөлөрдөн арылып тургандарды сүйөт (руханий тазалык). Ошондой эле бул аятка нажастан жана дааратсыздыктан тазалануу (материалдык тазалык) да кирет.

? Айыз жөнүндө аяттан алынган пайдалар

• Менструация бүткөн соң аялга гусл алуу парз болот.
• Гусл бир гана кан токтогондон кийин туура болот.
• Кандай жагдай болбосун Шариат тазалыкты колдойт. Себеби Аллах Таала тазаларды сүйөт. Ошол үчүн намаз окуу, Каабаны айлануу, Куранды кармоо үчүн гусл-дааратта болуу сөзсүз талап кылынуучу шарт. Бул аяттагы тазалануу дегенден руханий тазаланууну — жаман мүнөздөрдөн жана төмөн амалдардан арылуу деген мааниси да бар.

Тайсир ар-Рахман тафсири.

? ИсламЖолу

Share

You may also like...