Хушу’ — Намазды коркуп окуу – Муфтий Аль аш-Шейх

СУРОО. Мен намазды кантип хушу менен коркуп окуй алам? Мен васвас оорусунан аябай көп кыйналам.

ЖООП. Муфтий шейх Абдулазиз ибн Абдуллах Аали аш-Шейх (рахимахуллооху) айтты:

? Бир тууганым, намазга кирген убактыңда:

  • сен Анын астында турган Заттын улуулугун билгин. Ал сени жаратып, келбетиңди сулуу кылып келиштирген, жакшылыктарын сага берип, жамандыктардан сактаган Зат экенин билгин. Ал – ар нерсенин сырларын өтө назик Билүүчү, ар бир нерсе тууралуу Кабардар Зат!
  • Анын алдында өзүңдү пас жана алсыз алып, Андан жардам сураган (истигоса), паана тилеген акыбалда бол. Аллахка гана бардык амалдарыңды арна (ихлас).
  • Намазга корккон жүрөк (хушу’), бекем ишеним (йакын) менен кир.
  • Намазда — кыям, рүкү, сажда, каъдада — айтылып жаткан зикрлердин маанилерине терең ой жүгүрт.
  • Шайтандын азгырыктарынан жана күмөндөрүнөн (васвас) кутулуу үчүн атайын дуаларды айт.

Адам мечитке бара жаткан учурда шайтан ага келет. (Абу Хурайра риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты) «Намазга чакырык болгондо – азанды укпаш үчүн – Шайтан катуу жел чыгарган бойдон артын көздөй качат. Азан бүткөн соң кайта келет. Икамат айтылганда артын көздөй качат, икомат бүткөн соң кайта келип, пенде менен жүрөгүнүн ортосунда туруп, буга чейин эч ойго келбеген нерселерин айтып: “Муну эстесең, тигини эстесең”, — деп азгыра баштайт. Ошонтип отуруп адам канча [рекет] намаз окуганын билбей калат» ? {Бухари: 608, Муслим: 389}.

? Булак: Муфтий Аль аш-Шейхтин расмий сайты — http://www.mufti.af.org.sa/node/3951

 

@islamjolu
Telegram / FB / VK / Ok / Twitter

 

السؤال

كيف يمكنني أن أخشع في الصلاة، علمًا بأنني أعاني كثيرًا من الوساوس؟

الإجابة

يا أخي إذا دخلت الصلاة، ووقفت، فاعلم عظمة من وقفت بين يديه، وكبريائه، وجلاله، وعظمته، وأنه اللطيف الخبير، الذي خلقك فسوَّاك، فعدلك، والذي أنعم عليك من النِّعم، وصرف عنك النِّقم، تقف بين يدي الله ذليلًا مستكينا، مستغيثًا مستجيرا، فأخلص لله عملك، وادخل الصلاة بقلبٍ خاشع، ويقينٍ جازم، تدبر أذكار الصلاة، القيام، وأذكار الركوع والسجود وما بين ذلك، والتشهُّد الأخير، وتأتي بالأذكار المشروعة، حتى تسلم من وساوس الشيطان، فإن الشيطان يأتي لابن آدم عندما يأتي إلى المسجد، « إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَاةِ أَدْبَرَ الشَّيْطَانُ لَهُ ضُرَاطٌ، حَتَّى لَا يَسْمَعَ النِّدَاءَ، فَإِذَا قُضِيَ النِّدَاءُ أَقْبَلَ، حَتَّى إِذَا ثُوِّبَ بِالصَّلَاةِ أَدْبَرَ، حَتَّى إِذَا قُضِيَ التَّثْوِيبُ أَقْبَلَ، حَتَّى يَخْطُرَ بَيْنَ الْمَرْءِ وَنَفْسِهِ؛ يَقُولُ: اذْكُرْ كَذَا، اذْكُرْ كَذَا، لِمَا لَمْ يَكُنْ يَذْكُرُ، حَتَّى يَظَلَّ الرَّجُلُ إِنْ يَدْرِي كَمْ صَلَّى» فلنتقي الله في صلاتنا، ونُقبل عليه ; بقلوبنا، ونرجو الله أن يعيننا على ذلك. إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَاةِ أَدْبَرَ الشَّيْطَانُ لَهُ ضُرَاطٌ، حَتَّى لَا يَسْمَعَ النِّدَاءَ، فَإِذَا قُضِيَ النِّدَاءُ أَقْبَلَ، حَتَّى إِذَا ثُوِّبَ بِالصَّلَاةِ أَدْبَرَ، حَتَّى إِذَا قُضِيَ التَّثْوِيبُ أَقْبَلَ، حَتَّى يَخْطُرَ بَيْنَ الْمَرْءِ وَنَفْسِهِ؛ يَقُولُ: اذْكُرْ كَذَا، اذْكُرْ كَذَا، لِمَا لَمْ يَكُنْ يَذْكُرُ، حَتَّى يَظَلَّ الرَّجُلُ إِنْ يَدْرِي كَمْ صَلَّى. ;

 

Share

You may also like...