Адашкан 2 агымдан кыска кеп

Ахлю-Суннанын ишениминде Ыйман бул сөз, ишеним жана амал деп келет. Сөзсүз түрдө ыймандуу болуш үчүн тил менен айтуу (шахада келимеси), жүрөк менен ишенүү жана дене менен аткаруу керек.

Жүрөгү менен ишенип, бирок тили менен айтпаса бул адам мусулман болбойт. Себеби Тарыхтан белгилүү болгондой кээ бир мушрик-каапырлар Пайгамбарыбызды акыйкат менен келгенин билишкен, бирок тилдери менен шахада келимесин айтышкан эмес, ошондуктан алар мусулманчылыкта өлүшкөн эмес. М: Пайгамбарыбыздын ﷺ амакеси Абу Толиб, Византиянын императору Ираклий, Иблис алейхи-л-лаана ж.б.

Тескерисинче денеси менен аткарып, тили менен сүйлөп бирок жүрөгүндө ишеним болбосо – бул эки жүздүүлүк. Булар да мусулманчылыкка кирбейт.

Тили менен айтып, жүрөгү менен ишенип, амалдарды аткарган гана киши момун мусулман деп аталат. Ыймандагы амалдын эң чоң белгиси бул – намаз.

 

Харижиттер

Харижия – экстремисттик, радикалдык тайпа. Исламда пайда болгон эң биринчи адашкан, бидаат агым. Харижиттердин оюу боюнча мусулман чоң күнөө кылып койсо (кабаир) ыйманын дароо жоготот, динден чыгат, каапыр болот, ушул акыбалда өлсө Тозокко түшөт, анда түбөлүк калат дешет. Дагы алардын ишенимдеринен мамлекет башчыларга, имамдарга каршы чыгуу, көтөрүлүштөрдү жасоо уруксат. Эң чоң белгиси – муслмандар менен согушуп, отпарас, мажустар, мушриктерге көңүл бурушпаганында. Ошондуктан Усманды, Алини өлтүргөндөр да харижиттер болгон.

Булардын арасында илимдүүлөр жок, көбүн эсе акылдары тайкы жаштар. Намаз, куран, орозо сыяктуу көзгө көрүнгөн ибадаттарга өтө бекем турушат, бирок терең  илим ээлеринен болушпайт, ибадаттары кабыл болбойт. Харижиттер темасында хадистер, имамдардын сөздөрү, атайын китептер көп. Кызыккан окурман убакытын аларга бөлсө, ин шаа Аллах, көптөгөн пайдаларды табат.

Муржиттер

Муржия – Исламдагы алгачкы адашкан, бидаат агымдардын бирөөсү. Булардын көз караштары башка агымдарга да таасирин берген. Муржиттер деп “Ыйман бул жүрөктүн ишенүүсү гана; Тозоктон кутулууга жүрөктүн ыйманы гана жетиштүү; кандай гана амал аткарба ал ыйманга таасир кылбайт” деп ойлогон адамдар аталат. Мына ошондуктан алар “Адамдын жүрөгүндө ыйман болсо күнөөлөр ага зыян бербейт; эң негизгиси жүрөк менен ишенүү” деп айтышат. Алардын оюу боюнча адам ыйман келтиргенден кийин анын ыйманы бир калыпта болот да, өспөйт жана азайбайт. Бул акыйданы кийинчерээк жахмиттер алышкан.

Муржиттердин ыйман тууралуу сөздөрүнөн таасири астында кээ бир Ахли-с-Суннанын имамдары да калышкан. Мисалга алсак Абу Ханифа. Ал ыйманды жүрөк менен ишенүү, тил менен тастыктоо гана, амалдардын ыйманга тиешеси жок дейт. Ал дагы ыйман өспөйт жана азайбайт, бир калыпта турат деген. Абу Ханифанын бул оюу Малик, Шафи, Ахмад, Исхак, Бухари жана башка имамдардын пикирине каршы. Албетте Абу Ханифанын бул сөздөрү чындыкка жатпайт, чындык тиги имамдар менен. Ал эми, Абу Ханифа мужтахид аалым катары өз аракетине сооп алат.

Себеби хадисте келгендей эгер аалым аракет кылып, акыйкатты издеп, бирок жаңылып калса – аракети үчүн бир сооп алат, күнөө жазылбайт. Эгер аракет кылып акыйкатка дал келсе – эки сооп алат, аракети үчүн жана чындыкты тапкан үчүн. Абу Ханифа жана ага окшогон аалымдарды мужтахид аалымдар дейт. Ислам үчүн кылган кызматы көп болгондуктан пенделик кылып кетирген кээ бир каталары – көлгө тамган бир тамчы нажастай болуп аны булгабайт – буларга кечирилет. Ким алардын катасын эскертет? Андан кийин келген аалымдар. Ал эми карапайым калк чоң аалымдардын пенделик кылып кетирген каталарын ээрчибейт, туурасын алып кете берет.

Бирок Ибн Абд аль-Барр жана Ибн Абу аль-Изздин айтышына караганда кийинчерээк Абу Ханифа бул оюунан кайткан дешет. Аллаху аълам! (Ибн Абд аль-Барр, “ат-Тамхид”: 9/247;  “Шарх аль-Акыда ат-Тахавиййа”: 395-бет)

 

Алынган булак:

  • “Акоид аль-Аимма аль-Арбаъа (4 мазхабтын имамдарынын акыйдасы)”. Автор: Мухаммад бин Абдуррахман аль-Хумеййис.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...