Коронавирус оорусунун пайда болуу себеби – Шейх аль-Фаузан

Коронавирус жана ага окшогон жугуштуу эпидемиялык оорууларга тийиштүү хадис

АбдуЛлах ибн ’Умар (радияЛлаху анхума) кабарлангандай, бир жолу Аллахтын элчиси ﷺ бул сөздөр менен кайрылды дейт:

      «Оо, Мухажирлер! Силер беш нерсе менен сыналасыңар. Аларга силер туш келип калышыңардан Аллахтан мен коргоо издейм:

Качан зына (никесиз жыныстык катнаш), адамдар арасында аны ачык эле жасала баштанга чейин жетип, таркалып калса – анда, мурунку ата-бабаларына да келбеген кара тумоо (чума, жугуштуу оорулар) жана ачарчылык алардын арасында жайылат.
Качан алар таразадан алдап, кемите башташса – анда аларды кургакчылык каптап, азык-түлүк жетишпей калат жана падышасынын зулумдугу басат.
Качан мал-мүлкүнөн зекет берүүнү токтотушса – анда алар жаан-чачымдан кур калышат. Айбанаттар болбогондо аларга бир да жамгыр жиберилмек эмес.
Качан алар Аллахтын жана Анын элчисинин келишимин бузушса – анда Аллах сөзсүз чоочун душмандар аларды басып алгандай кылат да, алардын колундагы нерсенин бир бөлүгүн тартып алышат.
Качан алардын башчылары Аллах түшүргөндү тандабай, Аллахтын Китебинен башка нерсе менен өкүм жүргүзүшсө – анда Аллах алардын ортосуна душманчылык жаратат».

📚 (Ибн Мажах: 4019; аль-Хаким: 2/126; аль-Баззар: 2/268. Хафиз Хайсами менен хафиз Бусыри бул хадисти риваятчыларынын баардыгы ишеничтүү деп айтышкан. Ал эми шейх Албани болсо бул хадистин хасан деген. «Мажма’у-ззауаид»: 5/320; «Аль-Итхаф»: 7/445; «Сахих аль-Жами'»: 7978).

Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

Эй, ыйман келтиргендер! Бул хадистин натыйжасы – бүгүнкү болуп жаткан нерселер:

коомдо ар кандай күнөөлөр кайтарылбай, ачык жасалып калганда,
балким ага, “пикир эркиндиги”, “адамдардын жеке жашоосуна кийлигишпөө” деген ураан менен көмөктөшкөндөр чыкканда,
бузукулук (зына) коомдо ачык чыкканда,
аны коргоп, ага үгүттөгөндөр чыкканда,
жакшы адамдар бул нерсеге унчукпай, кайдыгер карап калганда

– аларга азыр көрүп жаткан балээ келди: эпидемия, өлтүрүүчү вирус.

Врачтар, адистер аны айыктырууда алсыз болуп жатышат. Бул нерсе мурдакы замандарда жок эле.

Мурда эч ким укпаган, тарыхта аты аталбаган канча деген оорулар чыгып жатат.

Бул заманбап дарттар – айыккыс, өтө зыян. Доктурлардын күчү жетпей жатат. Бул оору ушунча коомдо көп таркап жатат.

Күн сайын ушундай оорулардын дагы бир жаңы, белгисиз түрү чыга берет.

Ал керек болсо адамдар жеген же чогу жашаган куш-канаттуулар аркылуу таркап жатат. Айбандар арасында бул оору таркап, ал айбандардын эттерин инсандар колдонушууда.

Сууларда, адамдар жашаган шаарларда таркалып жатат. Дарылардын түрлөрү бар экенине карабастан, медицина жетишкендиктерине карабастан бул жаатта, баардыгы бириксе да алсыз болуп жатышат. Эпидемия таркагандан таркаган. Көптөгөн адамдардын жандарын алып кетип жатат. Адамдар ага айла амал таппай, айраң таң болушууда. Андан качып кутулуунун же аны жеңүүнүн жолун таппай жатышат.

Шейх Солих аль-Фаузан
Эр-Рияд, 19-март-2020

Булак: https://youtu.be/AMGsxB1mlOY

Share

You may also like...