Зына деген эмне? Зынанын арамдыгы жана зыяндуулугу.

 

Зына деген эмне? Зынанын арамдыгы жана зыяндуулугу.

 

Зына — никесиз жыныстык катнаш. Шариаттагы эң чоң жети күнөөнүн катарына кирет. Аллах Тааланын каарын келтирген, жийиркеничтүү арам иштердин бири. Зынакордук арам экендиги Куран, Хадис жана Ижмаъ менен далилденет. Зынакордуктун коомго, үй-бүлөгө, жеке адамга, ден-соолукка тийгизген чоң зыяны бар.

 

Зина тууралуу Куранда келген далилдер:

 

◉ ЗЫНА МЕНЕН ШИРК БИР ЭСКЕРИЛЕТ

 

Аллах Таала айтты: “Зынакер эркек зынакер аялга же мушрик аялга гана үйлөнө алат, зынакер аялды дагы зынакер эркек же мушрик эркек гана никесине алат. Ал эми, момундарга бул – арам!” (Куран, ан-Нур 24:3).

 

Зына жана ыплас иштерди кылган бузуку эркек — аялдардын жакшысына никелешүүнү каалабайт, чынында ал өзүнө окшош бузуку же мушрик аялга никелешүүнү каалайт.

 

Ошондой эле ыплас ишти кылган бузуку аял — эркектердин жакшысына никелешүүнү каалабайт, ал эркектер андай аялдан качышат. Чынында андай аял өзү сыяктуу бузуку же мушрик эркекке никелешүүнү калайт.

 

Буга Аллах Тааланын сөзү күбө:Ыплас аялдар ыплас эркектер үчүн, ыплас эркектер ыплас аялдар үчүн. Таза аялдар таза эркектер  үчүн, таза эркектер таза аялдар үчүн…”  (Куран, ан-Нур 24:26).

 

◉ ЧЫНЫГЫ МОМУНДАР ЗЫНА ИШИНЕ БАРЫШПАЙТ

 

Аллах таала айтты: “(Рахмандын кулдары) Аллахтан башка «иляхтарга» сыйынышпайт, акысы болбой туруп Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды өлтүрүшпөйт жана зынаа жасашпайт. Кимде-ким ушуларды кылса жазага жолугат, ага Кыямат Күнү үстөккө-босток азаптар берилет жана кордолгон абалда ал жерде калат. Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо – Аллах алардын жамандыгын жакшылыкка алмаштырат. Аллах — Кечиримдүү, Ырайымдуу” (Куран, аль-Фуркан 25:68-70).

 

◉ ЗЫНАДАН ТАЗА БОЛУУ – ИЙГИЛИККЕ ЖЕТҮҮНҮН ЖОЛУ

 

Ийгиликтүү адамдын сыпаттарын санап, Аллах Таала анын ичинде зынадан таза болууну эскерип кетти: “…5. Алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.

  1. Ал эми, (никесиндеги) аялдары же болбосо күңдөрү менен жатса айыптуу болбойт.
  2. Кимде-ким ушулардан башка нерселерди (кошулуу үчүн) издесе – алар чектен чыгуучулар…” (Куран, аль-Му’минун 23:5-7).

 

Аллах Таала айтты: “…27. Алар Раббисинин азабынан коркушат.

  1. Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес.
  2. Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.
  3. Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт.
  4. Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар!…” (Куран, аль-Маъариж 70:27-31).

 

◉ ЗЫНА КЫЛБОО – АЛЛАХТЫН ПЕНДЕЛЕРИНЕ БЕРГЕН ОСУЯТЫ

 

Аллах Таала адамдарга буюрган негизги буйруктар, жана тыйган негизги арам иштерди санап, алардын ичинде зынаны да айтты: “…Бузук иштердин ашкересине да, көмүскөсүнө да жакындабагыла!…” (Куран, аль-Анъаам 6:151). “Зинага жолобогула! Себеби, ал адепсиздик жана эң жаман жол.”  (Куран, аль-Исра 17:32).

 

◉ ЗЫНА ЖАЗАСЫ

 

Аллах Таала айтты: “(Үйлөнө элек туруп) зынаа кылган аял менен зынаа кылган эркектин ар бирин жүз балактан ургула!  Эгер Аллахка жана Акырет Күнүнө ишенчү болсоңор, Аллахтын дининде(ги өкүмдү аткараарда) ал экөөсүнө жан тартпагыла! Экөөсүнүн жазалануусуна момундардын бир тайпасы күбө болуп турушсун” (Куран, ан-Нур 24:2).

 

Исламда белгилүү болгондой шариат жаза чарасы “хадд” бир гана чоң күнөөлөр үчүн берилет. Ошолордун ичинен зына кылган адамга.  Эгер зынаакор аял менен эркек үй-бүлө курган, б.а. жыныстык лаззаттын «даамын» таткан, адамдар болсо – анда алар үчүн Пайгамбарыбыз ﷺ белгилеп кеткен жаза – ташбараңга алуу. Пайгамбарыбыздын бул жазасы «Сихаху Ситта» деп аталган алты белгилүү хадис китептеринде баяндалган.

 

Шариат сот жазасын ишке ашыруу – мусулман соту бар өлкөлөрдө, казынын чечими менен, сот тергөө иштери жүргүзүлүп, күнөө аныкталып, жазаны ишке ашыруу буйругу чыккан соң гана болот. Ташбараңга алуу ж.б. шарият сот жазаларын жеке адам же бир жамаат өз алдынча практика кылуу – ээн баштык деп табылат жана уруксат эмес.

 

 

Зина тууралуу Хадистерде келген далилдер:

 

◉ ҮЧ ЭҢ ЧОҢ КҮНӨӨ

 

Ибн Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: “Аллахтын элчисинен ﷺ сурадым: Эң чоң күнөө кайсы? Ал айтты: сени жараткан Аллахка бирөөнү теңдеш кылганың. Мен айттым: чынында эле бул өтө чоң. Айттым: андан кийин кайсыл? Ал айтты: өз балаңды сени менен тамактанаарынан коркуп өлтүргөнүң.  Айттым: андан кийин? Айтты: кошунаңдын аялы менен зина кылганың” (Бухари, Муслим, Тирмизи жана Насаи).

 

Киши өлтүрүү – жаман, арам иш. Ал эми өлтүрүүлөрдүн ичинен эң жаманы – өз баласын өлтүрүү. Зына – жаман, арам иш. Ал эми зынанын ичинен эң жаманы – өз кошунасынын аялы менен ойноштук кылуу.

 

◉ ЗЫНА ЫЙМАНДЫ АЛСЫЗДАТАТ

 

Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айткан: “Ар бир зынакер зина кылып жаткан учурда момун эмес” (Бухари, Муслим).

 

Анын ыйманы толук болбойт. Ыйманынын негизи калса да, бирок ыйманынын толуктугу болбойт. Ыйманы аябай төмөндөп, таптакыр жок болуп кетүү коркунучунда турган болот.

 

 

Зина тууралуу Ислам аалымдарынын сөздөрү:

 

◉ ТЕРЕҢ АКЫЛДУУ ЖАНА ЖИГЕРИ БИЙИК АДАМ – ЗЫНАНЫ КАБЫЛ КЫЛБАЙТ.

 

Шейху-ль-ислям Ибн Теймия айтат:

 

“Акылдуу адамдардын көбү — жада калса жахилия жана ыймансыз кезинде да — уурдашпайт жана зына кылышпайт эле. Абу Бакр (радияллооху анху) жана башкалар Исламга чейин эле андай иштерге ичи эч жылыган эмес. Качан Пайгамбар ﷺ Исламды кабыл кылып жаткан аялдардан ант-убада алып, «уурдабайсыңар, зина кылбайсыңар…» дегенде, Хинд бинт Утба айтат: «Эркин аял байбичелер да зына кылабы?». Себеби никесиз жыныстык катнашты күңдөр гана билишчү.” (Мухтасар аль-Фатава аль-Мисрия: 108)

 

Пайгамбардын ﷺ атасы Абдуллах ибн Абдуль-Муттолиб менен болгон белгилүү окуя да бул нерсеге күбө. Качан аял аны төшөккө чакырып, анысы аз келгенсип көп сандагы байлык сунуштаганда, Абдулла: “Арамды кылгандан көрө өлүм жакшы эмеспи” деп макул болбой кетип калган.

 

 

Зинанын ден-соолукка тийгизген терс таасири:

 

◉ КӨПТӨГӨН ЖАМАН ИЛДЕТТЕРДИН СЕБЕБИ

 

Заманбап илимдин көз карашын чагылдырып, франциялык доктор Абдуль-Муъти айтат: “Зына өлүм менен аяктаган кооптуу делген ооруларды жайылтат экенин билүү – адам үчүн жетиштүү. Мисалы: сифилис, гонорея, жара, коррозиялуу язва деген сыяктуу ооруларды.

 

Булардын коркунучтуулугу бириникинен бири жаман. Эң кооптуусу деп сифилис эсептелет. Себеби ал аягы жүрүп шал оорусуна, артериосклероз, стенокрадия, чачтын түшүшүнө алып барат. Аялдарды абортко, түйүлчөктүн алсыз болушуна, булчун жана генетикалык дистрофияга, гонореяга, тукумсуздука, жалпы репродивдүүлүк системаларынын оорушуна, көздүн көрүүсунүн алсыздашына жана ревматизимге алып келет.” (Таълик ъала-т-Тыбб мина-ль-Китаб вас-Сунна)

 

Др. Абдуль-Муъти мусулманчылыкты жаңы кабыл кылган илимпоз адамдардын бирөөсү. Куранды окуп, ал жактан көптөгөн медициналык ажайып нерселерди жолуктуруп, ошол себептен Ислам динин кабыл алган.

 

Никесиз жыныстык байланыш аркылуу жайылып жаткан оорулар:

  • сифилис;
  • гонорея;
  • герпес;
  • кандидоз;
  • хламидиоз;
  • ж.б.

 

Булардын кээ бирлери тууралуу кененирээк айта кетебиз. Ал эми калагандары ага салыштырмалуу болсун:

 

◉ СИФИЛИС

 

Сифилис — өтө коркунучтуу жана жугуштуу ооруу. Жуккан соң үч жумадан кийин биринчи симптомдору көрүнө баштайт.

 

Сифилис менен ооруган адам (симптомдор):

  • жыныстык органдарында карт жара пайда болот;
  • ал башка жерлерде да чыгышы мүмкүн. М: эринге (өбүшүүнүн кесепетинен), эки каштын ортосуна, мурундун тешигине, кулактын тешигине;
  • андан кийин сифилистин микробтору көбөйүп, толук денеге жайылат, жүрөк, бөйрөк, боор жабыркайт;
  • дененин ар тарабында кызгылт тактар пайда болуп, сыртка чыга баштайт;
  • тактар ооздун бүлөсүн жана кулкумду жабыркатып, тамак-аш чайноо кыйын болуп калат.

 

Сифилис микробтору:

  • сөөккө өтүшүп кетсе — курт сымал аны жеп ташташы мүмкүн;
  • көзгө же кулакка жетсе — сокурлук жана дүлөйлүккө алап барат;
  • артерия жана венага жетсе — стенокардия оорусуна алып барат;
  • коррозия язвасын пайда кылат, ал болсо адамдын терисин бузат, шал оорусун чакырат, жинди жана эпилептик болуп калууга алып барат;
  • ж.б. оорулардын пайда болушуна жол түзөт.

 

Ооруган адам өзүнүн аялы же бөлөк бирөө менен жыныстык катнашта болсо — ага дагы инфекция жугат.

 

Аял киши сифилис менен ооруса:

  • түйүлдүктөгү баласы түшүп калат;
  • балдары кебетеси бузулуп, же акылы кем болуп төрөлөт;
  • түрмөдөн, ооруканадан жана жиндиканадан өмүр бою чыкпаган урпактарды төрөйт.

 

Сифилистин симптомдору үч этап менен чыгат. Биринчи симптомдору 3-6 жумадан кийин, экинчилери 2-3 айдан кийин көрүнө баштайт. Үчүнчү этаптагы симптомдор экинчиси бүткөндөн кийин дароо чыкпай, бир нече айлардан бир нече жылдарга чейин (керек болсо 20 жыл) жашыруун түрдө организмде сакталып, башкаларга жугуу коркунучу менен кала бериши мүмкүн. Бул эң кооптуусу.

 

◉ ГОНОРЕЯ

 

Гонорея дартынын козгогучу “гонококк” микробу. Дарт учурунда жыныстык органдар менен заара чыгуучу каналдар жабыркайт.

 

Гонореянын симптомдору:

  • Оорукчан алгач заара чыкчу каналдардын — өзгөчө ушатып жаткан учурда — ачышканын сезет. Ачышуу барган сайын күчөй берет.
  • Аны менен чогу жабышкаак зат чыгып баштайт да, ал тез аранын ичинде коюу, жагымсыз жыты бар ириңге айланат.
  • Кийинчерээк ал мүчө шишип, кызгылт түскө боёлот.
  • Илдетке чалдыккан адамдын жалпы ден-соолук абалы кескин турдө начарлайт, температурасы көтөрүлөт, заңы чыкпай калат, төшөккө жатып, иш кылууга такыр жарабай калат.
  • Илдет улам сайын күч алып, адам курсагынын асты жагы ооруганын сезет. Сийдик ириң сыяктуу коюуланат. Шыпа табыш кыйынга турат.

 

 

Гонорея бактериялары:

  • табарсыкка жетсе – ал аркылуу бөйрөккө жетип, ал аркылуу жалпы денеге тарап, организмди уулайт.
  • көзгө тийсе – сокурлуктун көптөн көп себепкери боло алат (оорукчан адам кир колу менен көзүн ушуласа же төрөлүп жаткан бала энесинен жугузуп алса);
  • жүрөккө жетип – адам өлгөн учурлар кездешет;
  • аялдардын жатынына кирсе – тукумсуздукка жана эч түгөнгүз жугуштуу ооруларга алып келет.

 

 

Колдонулган булак:


© ИсламЖолу

 

 

Share

You may also like...