Аялыңызга ушул сөздөрдү айттыңыз беле?

 

Эркек канчалык адамдар менен жакшы мамиле курбасын, бирок аялы менен корс болсо ал ийгиликсиз адам. Ар бир эркек аялы менен тил табыша албаса ал көпкө узабайт. Эркектин ийгилиги аялга байланган. Аялдын ийгилиги эркекке байланган. Эки тараптан тең көз каранды.

Даанышмандар айтчу экен аялдарына : Эгерде адамдардын бардыгы мен тарапта болуп, сен гана мага каршы болсон, анда мен ийгиликтүү боло албайм.

Үйбүлө жакшы жашаш үчүн, жакшы сөзүнүздөн аябаныз. Ата бабаларыбыз дагы бекеринен  айтпаган “Жакшы сөз жарым ырыс” . Жакшы сөздү сүйлөш, сизге эч кандай кыйынчылыкты жаратпайт.

Пайгамбарыбыбыз алейхи салам айтты : Ким Аллага жана акыретке ишенсе, жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын. (Бухарий)

Алла Таала ыйык Куранда көп жерде бизге жакшы сөз сүйлөөгө буйруган.

Алла Таала айтты:  Адамдарга жакшы сөз сүйлөгүлө (Бакара 83)

…Аларга жакшы сөз сүйлөгүлө. (Нисаа 5)

…Алладан корккула түз сөздү сүйлөгүлө (Ахзаб 80)

Жакшы сөз сүйлөөгө Алла Таала буйруп жаткандан кийин бул ишти аткарсак бизге сооп жазылат. Сооп жазылган иш бул ибаадат болуп саналат.Элестетип көрүнүз ар бир айткан жакшы сөзүнүз ибаадат болуп жатат.

Жакшы сөз сүйлөөнүн мөмөсү:

— Сообу чоң

— Сүйүүнү күчөтөт

— Ачууну басып мамилени бекемдейт

— Жакшы сөздүн артынан жакшы сөз угасың

— Ортодо талаш тартышты жок кылат

— Жүрөк тынчылыкта болуп сүймөнчүлүккө ээ болот

— Талактан алыс болот

— Шайтандын белин сындырат

— Аялына жакшы сүйлөгөн сайын күйөөсүнө жакшы моюн суна баштайт. Күйөөсүнө жакшы сүйлөсө күйөөсү мээрбан боло баштайт.

— Балдарыбызга чоң тарбия үлгү болот
Эмнеге эркектер аялдарына жакшы сөз сүйлөөдөн баш тартат деп эркектерден суралганда, көпчүлүгү ушул жооптордун тегерегинде айтышкан.

— Ал сөздү айтсам аялым шек санап баштайт

— Аялымдан жакшы сөз укпайм

— Мындай сөз айтууга үйрөнгөн эмесмин

— Ал ага татыктуу эмес

— Ага калп айткым келбейт, жаман көрсөм кантип жакшы көрөм деп айтайын

— Жакшы сөз сүйлөө эсиме деле келбейт

— Жашоо турмуштун айынан ага жакшы сөз сүйлөөнү деле унутуп коем

— Бардык жагын камсыз кылсам ага жетиштүү
Жакшы сөздүн түрлөрү: 

— Ачык дуба кылуу

— Аны мактоо

— Кыйынчылыктарда бир болуу аял капа болсо куйөө көнүл айтуу. Эркек кайгыга түшсө аялы көнүл айтуу.

— Кечирип кою жана кечирим суроо

— Ыраазычылык билдирүү урматтоо

— Жакшы чын соз менен тамашалап эркелетүү
Жакшы сөз айтуунун жолдору

— Түз эле айтуу

— Телефон менен айтуу

— Смс аркылуу айтуу

— Же кат аркылуу жазуу

— Ырайым назар менен карап жылмаю
Кантип аялыңды баш ийдире аласын?

— Аллага чынчыл бол аялын сага чынчыл болот

— Аллага тобекел кылып Ага дуба кылуу

— Эркек үлгү болушу керек

— Сен ага жумшак болгун ал сага мээрбан болот.
— Аялынды эч убакта күч менен баш ийдире албайсын. Ушунча жыл корс болуп, күч колдонуп аялын сага баш ийип калдыбы?

— Эркек аялга жоопкерчиликтүү атадай ага тарбия бериш керек буйрук эмес

— Төшөк акысын толук бер

— Аялындын жакындары менен жакшы мамиледе бол

— Өткөндү эстетип кек сактаба
— Жөнү жок аялдын иштерине аралашпа

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

7 комментариев

  1. Нура:

    Аллах раазы болсун рахмат!

  2. АБДУМАНАФ:

    Аллахым ыраазы болсун.

  3. АБДУМАНАФ:

    Аллахым ыраазы болсун.рахмат

  4. Талгат:

    Аллахым раазы болсун ин шаа Аллах

  5. Нарынбек:

    Вал хамду лилаахи. Баардык момун мусулмандарга АЛЛАХЫМ жардам тынчтык берсин Оомийн

  6. Жаркынбек:

    Аллага чексиз раазымын, ушул маалыматты чыгарган инсангада чексиз ыразымын, арбир уйбулого ынтымак, биримдик, тынчтык, ыйман берсин Оомиин.

Добавить комментарий