Аллах түшүргөн нерсе (Шариат) менен өкүм чыгарБоо тууралуу

Аллах түшүргөн нерсе (Шариат) менен өкүм чыгарБоо тууралуу

422
0
ПОДЕЛИТЬСЯ

══════ ❁✿❁ ══════
1/4
══════ ❁✿❁ ══════

📖 § ШАРИАТ МЕНЕН ӨКҮМ ЧЫГАРБОО

Аллах Тааланын түшүргөнү (шариаты) менен өкүм чыгарбоо — чоң күнөө жана эң начар амалдардан болуп табыларына шек-күмөн жок. Аллах Таала айтат: «Ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, алар каапырлар» (ал-Маида 5: 44)

Ошондой эле: «Алар наадандык доорунун өкүмдөрүн каалашабы? Анык ыйманга келген эл үчүн Аллахтан жакшы өкүм чыгаруучу ким?!» (ал-Маида 5: 50).

Шариатка каршы иш кылган адамдын баары каапыр болуп калабы? Бул аяттан ушул нерсе түшүнүлөбү?

Эгер бирөө Шариат менен эмес, башка нерсе менен өкүм чыгарса – дароо динден чыгабы?

Бул аятты жакшы түшүнбөгөндүк себебинен мусулман жаштарынын арасында радикалдык ой-пикирлер таралып, мусулман мамлекет башчыларына такфир чыгарып, жөнөкөй мусулмандардын канын төгүугө барышууда. Бул өкүнүчтүү.

📜 § «КИМ АЛЛАХТЫН ТҮШҮРГӨНҮ МЕНЕН ӨКҮМ КЫЛБАСА, АЛАР КААПЫРЛАР» ДЕГЕН АЯТТЫН МААНИСИ

«Ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, алар каапырлар» (ал-Маида 5: 44),
«Ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, алар заалымдар» (ал-Маида 5: 45).
«Ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, алар фасыктар (бузукулар)» (ал-Маида 5: 47).

💬 Ибн ‘Аббас бул үч аяттар боюнча мындай деген: «Бул куфрлуктан кичи куфрлук, зулумдуктан кичи зулумдук жана бузукулуктан кичи бузукулук!» (ал-Хаким 2/313. Сахихтигин имам ал-Хаким, аз-Захаби жана шейх ал-Албани тастыкташкан).

💬 Тауус мындай деп баяндайт: «Мен Ибн ‘Аббастан: «Ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, каапыр болобу?», деп сурадым. Ал: «Бул, Аллахка, периштелерге, (түшүрүлгөн ыйык) Китептерге, элчилерге, Кыямат күнүнө келтирген куфрлук сыяктуу куфрлук эмес!» — деп айтты» (ат-Табари 10/355, Ибн Батта 2/735. Иснад сахих).

💬 Шейхул-Ислам Ибн Таймия мындай деген: «Ибн ‘Аббас жана башка саляфтар «Ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, алар — каапырлар» деген аят боюнча: «Куфрлуктан кичи куфрлук, бузукулуктан кичи бузукулук жана зулумдуктан кичи зулумдук!», — деп айтышкан. Жана бул тууралу Ахмад, ал-Бухари жана башкалар атап эскерип кетишкен» (“Мажму’уль-фатауа” 7/522).

Ибн ‘Аббас үчүн Пайгамбарыбыздын өзү (ﷺ) Аллахка кайрылып мындай деп дуа кылган: «О Аллах, аны динге баштай көр жана тафсирди үйрөткүн!» (ал-Бухари 3/215).

Ибн Мас’уд айткан: «Эң мыкты Куран тафсирчи – бул Ибн ‘Аббас!» (ат-Табари 1/89. Иснад сахих). Жана бул, Ибн Мас’удтун курагы Ибн ‘Аббастан улуу жана ал өзү да улуу аалым болгонуна карабастан.

Ибн ‘Аббастын бул тафсирине ахлю-Сунна уал-жама’аттын имамы болгон Ахмад ибн Ханбал да таянчу. Андан: «Аятта кандай куфр тууралу сөз болууда?», деп сурашканда. Имам Ахмад: «Ибн ‘Аббастан келгендей, динден чыгарбаган куфр тууралу!», деп айтат. (Кз. “Суалят Ибн Хани” 2/192, “Масаил Абу Дауд” 114 жана “ас-Саля уа хукму тарикиха” 49).

Ошондой эле, Ибн ‘Аббастын бул сөздөрүнө, биздин үммөттүн төмөндөгү улуу имамдары таянышкан:

• Куран тафсирчилеринин имамы Ибн Жарир ат-Табари өзүнүн «Жами‘ул-баян»ында 6/166;
• Имам ал-Хаким «ал-Мустадрак» 2/313;
• Имам аз-Захаби
• Имам Абу ‘Убайд «ал-Иман» 45;
• Имам Ибн Наср «Та‘зыму къадри-ссаля» 2/520;
• Имам Ибн Хайян «Бахрул-мухит» 3/492;
• Имам Абу ал-Музаффар ас-Сам’ани өз тафсиринде 2/42;
• Имам ал-Багауи «Ма’алиму-ттанзил» 3/61;
• Имам Абу Бакр ибн ал-‘Араби «Ахкамул-Къуран» 2/624;
• Имам ал-Куртуби «ал-Жми’ ли ахкамил-Къуран» 6/190;
• Хафиз Ибн ‘Абдул-Барр «ат-Тамхид» 5/74;
• Хафиз Ибн Касир «Тафсирул-Куранил-‘Азым» 2/64;
• Шейхул-Ислам Ибн Таймия «Мажму’ул-фатауа» 7/312;
• Шейх Ибн ал-Кайим «Мадарижу-ссаликин» 1/335;
• Шейх Сыддык Хасан Хан «Найлюл-марам» 2/472;
• Шейх Джамалюддин ал-Касими «Махасин ат-тауил» 6/199;
• Шейх Мухаммад Амин аш-Шанкити «Адауаул-баян» 2/101;
• Шейх ‘Абдур-Рахман ас-Са’ди «Тайсирул-Карими-Ррахман» 296;
• Шейх Ахмад Шакир «Та’лик ‘аля Тафсир ат-Табари».
• Шейх Ибн Баз өз “Мажму‘ул-фатауа”сында 3/990;
• Шейх ал-Албани “ас-Силсиля ас-сахиха” 6/109,
• ж.б.

 

══════ ❁✿❁ ══════
2/4
══════ ❁✿❁ ══════

§ ШАРИАТ МЕНЕН ӨКҮМ ЖҮРГҮЗБӨӨ ТУУРАЛУУ АЯТТАР ТАФСИРГЕ МУКТАЖ. АЛАРДЫ ЖЕҢИЛ ОЙЛУУЛУК МЕНЕН КАРОО – КАТЕРЛҮҮ ИШ.

Шариатка ылайык эмес өкүм жүргүзүүгө тийиштүү аяттарды жана башка да тафсирге муктаж эки маанилүү (муташабих) аяттарды туура түшүнүш үчүн, абалкы солих муун өкүлдөрү (саляфтар) кандай түшүнүшкөн болсо, ошого кайрылуубуз керек!

📜 Күндөрдүн биринде харижийлерден болгон бир адам Ма‘мун халифке кирет, ошондо Ма‘мун андан: «Бизге каршы чыгууга сага эмне түрткү болду?»,- деп сурайт. Ал: «Аллах Тааланын Китебиндеги аят!», дейт. Халиф: «Кайсы?», деп сурайт. Ал: «Ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, алар — каапырлар», деп айтат. Ма‘мун: «Бул аят Курандан экенине билимиң барбы?», деп сурайт. Ал: «Албетте!», деп жооп берет. Ма‘мун: «Далилиң кандай?», дейт. Ал: «Мусулман үммөт (бул аят Курандан экенине) бир добуштан келишкен (Ижмаъ)!», деп айтат. Ошондо Ма‘мун: *«Бул аят Курандан экенине үммөттүн, бир добуштан келишкен пикирине ыраазы болгондой эле, алардын бир добуштан бул аятка берген тафсирине да ыраазы болбойсуңбу!»*, дейт. Ал: «Туура айтасың! Тынчтык болсун сага, о момундардын амири», деп айтат.

📚 (ал-Хатыб “Тарих ал-Багдад” 10/186).

 

══════ ❁✿❁ ══════
3/4
══════ ❁✿❁ ══════

🌓 § «КИМ АЛЛАХТЫН ТҮШҮРГӨНҮ МЕНЕН ӨКҮМ КЫЛБАСА, АЛАР КААПЫРЛАР» ДЕГЕН АЯТТЫ ТУУРА ТҮШҮНҮҮ ҮЧҮН БИР НЕЧЕ МАСЕЛЕГЕ ТОКТОЛОЙЛУ:

1⃣ Биринчиден, бул аятта сөз бир гана мамлекет башчылары тууралуу болгон жок.

Же аятта “мамлекет башчысы” деген сөз бар экенби? Жок. Аятта “Ман” (مَنْ) деп келет, б.а. ким гана болбосун, бардык адамзатын камтыйт – мени да, сизди да, бардык адамдарды. Демек “ким гана Аллахтын шариаты менен өкүм чыгарбасын” деген мааниде.

2⃣ Экинчиден, бул аяттагы “каапырлар” деген сөздүн мааниси – динден чыгарбай турган кичи каапырлык (аль-куфр аль-асгар).

Бул тууралуу Ибн Аббастын сөздөрү бар. Шариатта каапырчылык экеге бөлүнөт – чоң жана кичине. Чоң каапырчылык – адамды динден чыгарат, каапыр кылат. Ал эми кичи каапырчылык – динден чыгарбайт, бирок күнөө таразасында чоң күнөөлөр катарында эсептелет.

3⃣ Үчүнчүдөн, Шариат менен өкүм чыгарбагандар тууралуу бир нече акыбал бар.

🔺Эгер “Алланын өкүмү кереги жок, андан башка жакшыраак өкүм бар” деп ишенсе – ал динден чыккан каапыр.
🔺Эгер “Алланын өкүмү дагы жакшы, башка өкүм дагы жакшы, экөөтең барабар” деп ишенсе – ал динден чыккан каапыр.
🔻Эгер “Алланын өкүмү баарынан улук” деп ишенип, ага эч нерсени теңебей, бирок практика түрүндө аны менен колдонбосо – ал каапыр эмес, динден чыкпайт, бирок күнөөкөр болот.
🔻Эгер изденген соң “Алланын өкүмү ушул” деп ишенип, бирок ката кетирип, башка бир өкүм менен амал кылып алса – ал каапыр эмес, динден чыкпайт, катасы үчүн күнөө да таппайт, тескерисинче ыкласы болсо аракети үчүн бир сооп табат. Бул чоң аалымга тиешелүү.

💭 Ислам Шариатынын доктору, Чоң аалымдар кеңешинин төрөгасы, Сауд Аравиясынын Фетвалар боюнча туруктуу комитетинин мүчөсү – шейх Солих аль-Фаузан, Шариат менен эмес өкүм чыгаруу боюнча айтты:

*Ким Аллахтын Шариатынан башка менен өкүм чыгаруу арам деп ишенсе, бирок напси каалоолоруна ээрчип Куран-Сүннөткө каршы өкүм чыгарса – Мисалы: пара алды же материалдык пайда көрүп калайын деди, бирок ошол эле кезде өзүн Аллахтын алдында күнөөкөр экенин мойнуна алып турса – ал киши кичи куфр кылган болот. Ошондой эле, кимдир бирөө мансап үчүн Шариатка каршы өкүм чыгарып, бирок кылган ишин күнөө экенин билсе – ал Ибн Аббас айткандай чоң куфрга жетпеген кичи куфр жасаган болот, динден чыкпайт.*

🔉(“Шарх Навакид аль-Ислам”)
http://www.alfawzan.af.org.sa/node/9495

 

══════ ❁✿❁ ══════
4/4
══════ ❁✿❁ ══════

🎯 § ШАРИАТ МЕНЕН ӨКҮМ ЧЫГАРУУ МАСЕЛЕСИНДЕГИ ЭФИОПИАЛЫК ПАДЫША НАЖАШИНИН МИСАЛЫ.

Шариат менен өкүм жүргүзүү ар бир кишиге парз жана жакшы иш. Албетте, бул маселеде адамдын мүмкүнчүлүгү каралат. Себеби “Аллахтан күчүңөр жетишинче корккула” (Куран, ат-Тагабун 64:16) делгендей, Аллах ар бир пендени мүмкүнчүлүгү жеткен нерсесинен гана сурайт.

Эгер, “Шариат менен өкүм чыгарБагандардын баары автоматтык түрдө каапыр” делген харижиттердин сөзүнөн тыянак чыгарсак, Эфиопанын падышасы Нажаши Ислам кабыл кылган эмес болуп калабы?

📜 Нажашинин окуясында айтылат, алгачкы мусулмандар Эфиопияга көчүп барганда ал мамлекеттин падышасы Нажаши Исламды тымызынан кабыл кылат. Ошол кезде Эфиопия Библия менен башкарылган христиан өлкөсү эле. Нажаши өзүнүн мусулманчылыгын элге айтып көрөюн деп четин чыгарганда көтөрүлүш чыгып кете жаздайт. Акыбалды туура баамдап, ал эч кимге айтпоону чечет. Өмүрү өткүчө өзүнүн ыйманын жашырып жүрдү.

Эми карасак, ал өз мекенинде падыша болуп туруп, Аллахтын шариаты менен өкүм жүргүзгөн эмес. Себеби анын мүмкүнчүлүгү жок болду.

Бирок, Нажаши мусулман болуп кайтыш болгонунда эч бир шек-күмөн жок, жана пайгамбарыбыздын өзү (ﷺ), анын өлүмүнөн кийин анын жаназасын кайыптан окуган жана такыба солих адам болуп өлгөнүнө күбөлүк берген. (Кз. ал-Бухари 1245, Муслим 2/62).

💬 Шейх ул-Ислам Ибн Таймия айткан: «Нажаши, өзүнүн алсыздыгынын себебинен Исламдын көп амалдарын аткарган эмес, алтургай алардын көпчүлүгүн… Жана, ал өз калкында Аллахтын Китебине ылайык өкүм жүргүзүүгө чамасы жетпейт эле» 📚 (Кз. «Минхажу-Ссунна” 5/112-113).

🌐 https://ok.ru/islamjolu/topic/64256893040066

© ИсламЖолу

НЕТ КОММЕНТАРИЕВ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ