Дуа: “Оо жүрөктөрдү Оодаруучу, менин жүрөгүмдү диниңе бекем кыл”
💬 Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
«Пайгамбар соллаЛлаху алейхи ва саллям “Йа, Муколлиба-ль-Кулууб! Саббит кольбии ъалаа дииника!” (Оо жүрөктөрдү Оодаруучу менин жүрөгүмдү диниңе бекем кыл) деп көп айтчу эле.
يَا مُقَلِّبَ الْقُلُوبِ ثَبِّتْ قَلْبِي عَلَى دِينِكَ
Мен ага айттым: “Оо, Аллахтын элчиси, биз сизге жана сиз алып келген нерсеге ыйман келтирдик, эми сиз биз үчүн коркуп жатасызбы (биз динден кайтып кетебиз деп)?”.
Айтты: “Ооба, чынында жүрөктөр Аллахтын эки манжасынын арасында, Ал аларды каалагандай оодарат”» 📌 [1].
💬 Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) келеген хадисте, ал айтат:
“О Аллахтын элчиси, сиз дуа кылганда ушул дуаны көп айтып жатасыз?”
Анда Пайгамбар саллЛлаху алейхи ва саллям айтты: “Чынында адам баласынын жүрөгү Аллах Тааланын манжаларынын экөөсүнүн арасында, эгер кааласа [жүрөктү акыйкатты кабыл кылуудан] буруп коет, кааласа [жүрөктү акыйкатты кабыл кылууга] түздөп коет” 📌 [2].
✅ Пайгамбар (соллаЛлаху алейхи ва саллям) бул дуаны эмне үчүн дайым айтып жүрөөрүн бизге баяндады.
Себеби пенделердин жүрөктөрү Аллах Тааланын манжаларынын эки манжасынын арасында: Ал кимди кааласа адаштырат, жана кимди кааласа түз жолго салат. Андыктан, Аллахка болгон кулчулуктун эң маанилүү бөлүгүнө тиешеси бар – бул дуаны – пенде көп көп айтып жүрүүсү керек.
_____
[1] Ат-Тирмизи “Китабуль кадар” жүрөктөр Ар-Рахмандын манжаларынын арасында деген бөлүктө №2140; Ахмад 19/160, №12107; Мусниф ибн Абу Шийба 36/11, №31044; Байхакинин “Шаабуль ийман” 2/209; Абу Яълянын муснады 6/359; Ад-Дия аль-Макдисинин аль-Мухтара 2/458; Сахих ат-Тирмизиде аль-Альбани сахих деп атаган №2140.
[2] Ахмад “Муснад” 151/41, №24604; ан-Насаинин “ас-Сунан аль-Кубро” жыйнагынын, “Сыфа ас-Соля” китеби, саламдашуудан кийинки истигфар бабы 4/414, ан-Нуъас ибн Самъаан хадиси №7690; Ибн Мажанын “ас-Сунан” жыйнагынын кириш сөзүндөгү жахмияларага каршы айтылган бөлүмүндө №199; аль-Хаким “аль-Мустадрак” 1/525; Ибн Хабан “ас-Сахих” 1/13; Аль-Байхаки “аль-Асма уас Сыфат” 322-бет, ал жакта Умму Салямадан жана Сабра ибн Фатик аль-Асади келген риваяттар бар. Аль-Альбани “Сахих Ибн Мажа” китебинде хадисти сахих деп тастыктаган №165 ж.б.
© ИсламЖолу