Адамдардын эң мыктысы кимдер ?

Адамдардын эң мыктысы кимдер?

من هم خيرُ الناس ؟

Адамдардын эң мыктылары тууралуу сахих хадистер

قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : «خيركم من تعلم القرآن وعلمه». صحيح البخاري 5027
Расулаллах ﷺ айтты: “Силердин эң жакшыңар — Куранды үйрөнүп жана үйрөткөнүңөр” (Бухари: 5027)

٢- «خياركم أحسنكم أخلاقا». صحيح البخاري6035
“Силердин эң жакшыңар – адеп аклагы эң чырайлуу болгонуңар” (Бухари: 6035)

 «خيركم أحسنكم قضاء». (عند رد القرض) صحيح مسلم رقم 1600
“Силердин эң жакшыңар — карызды эң жакшы түрдө кайтарып бергениңер” (Муслим: 1600)

 «خيركم من يُرجى خيره ويُؤمٓن شره».صحيح الترمذي 2263 صحيح
“Силердин эң жакшыңар – адамдар андан [бир гана] жакшылык күтүшүп, жамандыгынан аман-эсен болушканы (жамандыгын көрүшпөгөнү)” (Тирмизи: 2263)

 «خيركم خيركم لأهله». صحيح ابن حبان 4177 صحيح
“Силердин эң жакшыңар – үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандарыңар” (Ибн Хиббан: 4177)

«…فخياركم في الجاهلية خياركم في الإسلام إذا فقهوا». صحيح البخاري 3374
“Исламга чейин эң жакшы адамдарыңар — Исламга келгенден кийин да эң жакшы болушат, эгер динди туура түшүнүшсө” (Бухари: 3374)

 «خيركم من أطعم الطعام، وردَّ السلام». صحيح الجامع 3318 حسن
“Силердин эң жакшыңар – [кедейлерге] тамак берип, саламга алик алганыңар” (Сахих ал-Жаами: 3318, хасан)

 » خياركم الذين إذا رُؤوا ذُكِرَ اللهُ «.صحيح الترغيب للألباني 2824 حسن لغيره
“Силердин эң жакшыңар – башкалар аны көргөндө Аллахты зикр кылышса (Аллахты эстөөгө себепкер болгонуңар)” (Сахих ал-Жаами: 2824, хасан лигойрихи)

١٠- «خير الناس من طال عمره وحسن عمله».صحيح الجامع 3297صحيح.
“Адамдардын эң жакшысы — өмүрү узун, амалы жакшы болгону” (Сахих ал-Жаами: 3297, сахих)

«خير الناس أنفعهم للناس».صحيح الجامع 3289حسن
“Адамдардын эң жакшысы — адамдарга эң пайдалуу болгону” (Сахих ал-Жаами: 3289, сахих)

«خير الأصحاب عند الله خيركم لصاحبه ، وخير الجيران عند الله خيركم لجاره «. صحيح الأدب المفرد84صحيح. والسلسلة الصحيحة للألباني كذلك.
“Силердин араңардан досуна эң жакшы мамиле кылган киши — Аллахтын алдында эң жакшы дос деп эсептелет. Силердин араңардан кошунасына эң жакшы мамиле кылган киши — Аллахтын алдында эң жакшы кошуна деп эсептелет.” (Сахих Адаб ал-Муфрод: 84)

 WhatsApp 0550 10 63 63
«Ислам жолу» сайты : www.islamjolu.kg
Ислам жолу соц тармакта :
«Ислам жолу» Фейсбукта : www.facebook.com/islamjolu
«Ислам жолу» Твиттерде : www.twitter.com/islamjolu
«Ислам жолу» Одноклассникде www.ok.ru/islamjolu
«Ислам жолу» Мой мирде : www.my.mail.ru/community/islamjolu
«Ислам жолу» ВКонтакта www.vk.com/islamjolu

Share

You may also like...