Учкул сөздөр, асыл ойлор, цитаталар.

? Шейх Абдуррахман ас-Саади :
“Бизге (б.а. адам баласына) таң калам!
Дүнүйө иштерин жакшыртууга умтулабыз
Бирок динге көңүл кош мамиле кылып, таштап салабыз!»
? (аль-Фаваких аш-Шахиййа: 212)

 

? Имам Малик Ибн Динар 
“Сага пайда бербеген достон сактан” (б.а. сен аны менен отурганда сөзсүз бир жакшылык алышың керек, эгер андай эмес болсо – ал пайдасыз адамды өзүңө дос тутпа)!
? (Ибн Аби Асим “аз-Зухд”: 82)

 

❓ Саид Ибн Жубейрден сурашты:
“Адамдардын ичинен эң жакшы ибадат кылган ким?”
❗ Жооп берди:
“Күнөө кылып, ошол кылган күнөө амалын эстеген сайын, бүгүн кылып жаткан ибадатын аз деп көрүп, Аллах алдында өзүн пас сезген адам”
? (аль-Бидая ва ан-Нихая: 9/99)

 

⚡ Шейх аш-Шынкыти :
“Эгер мусулмандын башына кандайдыр бир жаман иш келсе – ал Аллах Таалага ибадаттардын ар кандай түрү менен жакындаганга аракет кылсын. М: намаз ж.б.”
? (Адваа’ аль-Баян: 2/323)

 

? Имам Ибн аль-Каййим :
“Дүнүйөнү сүйгөн адам үч нерседен кутула албайт: сөзсүз болчу сарсанаа, дайыма аны коштоп жүрчү чарчоо жана эч түгөнбөгөн жоготуу-жоготуу”.
? (Игасат аль-Ляхфан: 1/58)

 

? Ибн Хазм :
“Өтө орчундуу маселелер чыкканда – унчукпай коюудан өтөөр эч нерсе жок. Канчаларды көрдүк: алардын сөдөрү өздөрүн курутканын. Бирок бир да жолу көрө алган жокбуз: адамдын унчупаганы ага залакасын тийгизгенин”.
? (ар-Расаиль: 1/402)

 

Хасан ал-Басри :
“Момундун эң жакшы ахлагы – кечиримдүүлүк”
(ал-Адаб аш-Шариъа: 1/81)

 

Шейх Мухаммад Солих ал-Усаймин :
“Сираны (Пайгамбардын ﷺ өмүр баянын) окуу жүрөккө ажайып таасир берет. Себеби инсан алар менен бирге жүргөндөй өзүн сезип, ошол нерсе менен жүрөгү жумшарат.”
(Фатава Нур ала ад-Дарб: 19/12)

 

Робиъ ибн Анас :
“Аллахты сүйгөнүңдүн белгиси: Аны көп эстегениң (зикр кылганың). Себеби сен эмнени сүйгөн болсоң аны көп эстейсиң»
(Мадариж ас-Сааликин: 2/163)

 

Имам Ибн Баз :
“Зикрден (Аллахты эстөөдөн) жана Куран окуудан кайдыгердикте болуу — шайтандар инсанга ээлик кылып, ага көп васвастарды (азгырыктарды) ыргытып жана кайгыга түшүрүүсүнүн себептеринин бири”
(Нур ала ад-Дарб: 19507)

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...