Ооз ачуу дубасы. Орозодо ооз ачуу (ифтар) адеби.

Ооз ачуу дубасы

Ооз ачуу (ифтар) дуасы

Пайгамбарыбыз ﷺ ооз ачуу үчүн мындай деп айтчу: «Захаба- з-зома’, ва-бталляти-ль-‘урук, ва сабата-ль-ажру ин щаа-Аллаах /Чаңкоо кетти, тамырлар нымга толду, Аллах кааласа сооп да пайда болду/» (Абу Дауд: 2357, сахих)

КАЙСЫЛ УЧУРДА ООЗ АЧУУ КЕРЕК?

Күндүн диски толук батары менен, ооз бекиткен адам, асмандын кызылына көңүл бурбай, оозун ача берүүсү керек.

ООЗ АЧУУГА ШАШЫЛУУНУН ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ ТУУРАЛУУ

Сахл ибн Са’дтан жеткен хадисте, Аллахтын Элчиси ﷺ айткан: «Адамдар ооз ачууларына шашылып жүргөндөрүнө чейин жакшылыкта боло беришет» (ал-Бухари 1957, Муслим 1092).

Орозону өз убагында ачыш керек. «5 минут кийин жаптым, кечинде 5 минут кечиреек ачам» деген болбойт. Эң жакшы адам — убактысы келгенде биринчилерден болуп ооз ачкан адам. Бирок, убактысы кире электе эле ачып жиберүүдөн сактануу керек. Себеби андай кишилердин жазасы бар, орозосу бузулат.

Кошумча окуу: Убактысынан эрте ооз ачып жиберген адам тууралуу хадис.

ЭМНЕ МЕНЕН ЖАНА КАНТИП ИФТАР КЫЛЫНАТ?

Сүннөт эрежелери боюнча оозду — жаңы бышкан же кургатылган курма менен, ал болбосо суу менен — ачуу абзел. Аллахтын Элчиси ﷺ айткан: «Силерден кимиңер ооз ача турган болсоңор, курма менен оозун ачсын, ал эми курма таба албаса, анда суу менен ачсын. Чындыгында ал тазалоочу» (Абу Дауд 2355)

❓ СУРОО. Эгер орозо адам ооз ачуу үчүн эч нерсе таба албаса эмне кылуу керек? Кээ бирлериайтышат өз манжасын жалап койсо ооз ачылат деп, бул туурабы?

❗ ЖООП. Жок, антиштин кереги жок. Ифтарга эч нерсе табылбаса орозосун ниети менен токтотот.

ООЗ АЧУУ УЧУРУНДА КЫЛЫНГАН ДУА-ТИЛЕК КАБЫЛ БОЛОТ

‘Абдуллах ибн ‘Амрдан жеткен хадисте, Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Акыйкатта, орозо тутуучунун, ооз ачар алдында кылган дуасы кайтарылбайт (б.а. жоопсуз калбайт)». (Ибн Маджах 1753, ал-Хаким 1/422. Хафиз Ибн Хаджар, Ахмад Шакир хадистин сахихтигин тастыкташкан).

© ИсламЖолу

Share

You may also like...