Фитр садака. Фитир садакасы канча өлчөмдө, кайсыл нерселерден берилет?

⚠️ ФИТР САДАКА (же ОРОЗО ЗЕКЕТИ же ФИТР ЗЕКЕТ) — Рамазан учурунда, ар бир мусулмандан, тамак-аш менен, белгилүү өлчөмдө берилчү, милдеттүү садака. Эң жакшы убактысы – Орозо Айт намазынын алдын берилгени. 1-2 күн алдын да бере баштаса болот.

Фитир садака 1 сооъ тамактан берилет. Коомчулукта азык-түлүк болуп эсептелген тамактардын түрлөрүнөн берсе болот. М: күрүч, курма, ун ж.б.


?
 “Сооъ” – бул көлөмдү өлчөй турган бирдик. 1 сооъ = 2,512 л.

Илгери “Сооъ” деп буудай, арпа сыяктуу чубурунду, төгүлмө заттарды өлчөй турган идишти айтышчу. Ошол идишке канча буудай батса – ошончо буудай фитир садакасы катары берилет; канча курма батса – ошончо курма берилет ж.б.у.с.

1 сооъ = 4 мудд. 1 мудд = жайылган эки алаканга бата турганчалык өлчөм. Демек, жайылган эки алакан менен уучтап, 4 жолу салынса – бул 1 сооъго барабар болот.


?
 Кээ бир аалымдар фитр-садаканы акчалай берүүгө да уруксат беришкен. Бирок көпчүлүк аалымдар (жумхур) фитир-садаканы тамактан гана берилиши керек деп өкүм кылышкан. Эң жакшысы тамактан чыгарганы – бул нерсеге Пайгамбарыбыздан (соллаЛлооху ъалейхи ва саллям) түз буйрук келген жана бул нерседе талаш жок.

Фитир садака тууралуу Туруктуу Комитеттин фетвасы:


СУРОО. “Фитир садакасы берилмейинче Рамазандын орозосу көтөрүлбөйт (б.а. кабыл болбойт)” деген хадис сахихпи? Эгер орозо туткан мусулман өзү кедей болсо деле, зекет берүүгө каражаты жетпесе деле – жогорудагы хадиске же сүннөттө келген башка сахих маалыматтарга ылайык – фитр садакасын берүү парз болуп калабы?

❗️ЖООП. Фетва берүү боюнча туруктуу комитет өзүнүн фетвалар жыйнагында (Фатава аль-Ляжна ад-Даима: 9/363) жооп берди:

Фитр садакасын берүү ар бир мусулмандын парзы. Эгер Айт күнү менен Айт түнү, өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн ашып калчу тамагы бар болсо – демек бул кишиге 1 сооъ өлчөмүндө фитр садакасын чыгаруу милдет болот. Бул Ибн Умардан келген сахих хадисте баяндалат. Ал айтты: «Аллахтын Элчиси (соллаЛлооху ъалейхи ва саллям) фитир-садаканы курмадан бир сооъ же арпадан бир сооъ өлчөмүндө берүүнү – мусулман болгон ар бир кул жана эркин адамга, эркек-аялга, жашы-карысына – милдет кылды» (Бухари: 2/138; Муслим: 984).

Ошондой эле Абу Саъид (радияЛооху ъанху) айтты: «Аллахтын Элчиси (соллаЛлооху ъалейхи ва саллям) биздин арабызда тирүү кезде, фитир садаканы биз – бир сооъ өлчөмүндө тамактан, же бир сооъ өлчөмүндө курмадан, же бир сооъ өлчөмүндө арпадан, же бир сооъ өлчөмүндө мейизден, же бир сооъ өлчөмүндө куруттан – чыгарчубуз» (Бухари: 2/139; Муслим: 985).

Өзүнүн мамлекетинин азык түлүгү болуп эсептелген тамактан бир сооъ берген болсо – жетиштүү болот. М: күрүч.

Сооъ деп Пайгамбардын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) доорундагы сооъ эсептелет. Орто бойлуу адам эки алаканы менен 4 жолу уучтап салса – мына ушул 1 сооъ болот.

Ким фитр садака-сын чыгарбай калса – күнөө кылды. Кийин болсо да төлөп коюу ага милдет болот.

Ал эми сиз айтып кеткен хадистин сахихтигин билбейт экенбиз.

Аллах сиздерге жардам берсин, биздин жана сиздердин сөз менен амалдарыбызды оңдогон болсун.

Бардык жардам – бир гана Аллахтан! СоллаЛлооху ъала набиййина Мухаммад, ва аалихи, ва сохбихи, ва саллям!


? Илимий изилдөөлөр жана Фетва берүү боюнча Туруктуу Комитет

Төрөга: Абдулазиз Ибн Бааз
Орун басар: Абдурразак аль-Ъафиифий
Мүчө: Абдуллах Ибн Гудаян
Мүчө: Абдуллах Ибн Куъууд

Булак: Фетва берүү комитетинин расмий сайты

@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter
Share

You may also like...