Фатиха сүрөсүнүн мааниси (тафсири) кыргызча текст

Фатиха сүрөсүнүн мааниси (тафсири) кыргызча текст

1321

Курандын Фатиха сүрөсүнүн мааниси (тафсири) кыргызча текст.
Автор: Шейх Абдуррахман ас-Саади. Фатиха суросунун мааниси.

Фатиха суросу кыргызча

  1. Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен.
  2. Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун!
  3. Ал — Ырайымдуу, Мээримдүү.
  4. Сурак Күндүн падышасы.
  5. “Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!
  6. (О, Аллах!) Бизди Түз Жолго баштагын!
  7. Өзүң нээмат (жакшылык) берген адамдардын жолуна (баштагын). Каар-казапка учурагандардын жана адашкандардын жолуна эмес”.

Фатиха суросунун транскрипциясын жана арабча жазылышын көчүрүп алыш үчүн бул жерди басыңыз.

Куран: Фатиха сүрөсүнүн мааниси

(1) Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен.

[Ырайымдуу] араб. “ар-Рахмаан” жана [Мээримдүү] араб. “ар-Рахиим” – Аллахтын көркөм ысымдарынан. Анын ырайымы өтө кең болгондуктан ар бир нерсени, ар бир тирүү жандыкты ороп-камтыйт. Аллахтын ырайымына толук түрдө бир гана пайгамбар жана элчилерди ээрчиген такыба пенделер татыктуу болот. Ал эми калгандар болсо ырайымынын бир бөлүгүнө эле ээ.

[Аллахтын ысымы менен] Мааниси: мен Аллах Тааланын бардык ысымдарын ортого коюп, аларды колдонуп өз ишимди (бул учурда Куран окууну) баштаймын. Себеби бул сүйлөмдүн араб тилиндеги лексикалык анализинин карап көрсөк, “ысым” сөзү жекелик түрдө келгени менен мааниси “ысымдар” деп көпчүлүк түрдү берет.

[Аллах] – Кудайдын көркөм ысымдарынын бирөөсү. Мааниси “Сыйынууга татыктуу, чыныгы Кудай”. Себеби Анда чыныгы Кудайга гана тиешелүү болуучу сыпаттар бар. Бул кайсы сыпаттар? Кемчиликсиздик жана толуктук.

Билгин, Аллахтын ысымдарына, сыпаттарына жана ал сыпаттардан чыккан өкүмдөргө ыйман келтирүү биздин милдет. Бул тууралуу үммөттүн солих-таза уламалары бир үндөн айтып кетишкен. Мисалы: Аллахтын Ырайымдуу, Мээримдүү (араб. “ар-Рахмаан”, “ар-Рахиим”) деген аттары бар, б.а. бул ысымдардан чыккан маани (мээримдүүлүк) жөн гана абадагы сөз болбостон, пенделерине реалдуу түрдө таасири болгондуктан мээримдүүлүк чындыгында эле Аллахта бар экенин билебиз. Нээматтар менен жакшылыктардын бардыгысы Жаратуучунун мээриминин “издери”. Ошондой эле башка ысымдары тууралуу айтса болот. Билимдүү (араб. “аль-Алиим”): демек анда илим бар, Ал бардык нерсе тууралуу толук билүүчү Зат. Кудуреттүү (араб. “аль-Кодиир”): демек анда күч-кудурет бар, Анын күчү жете албаган бир дагы нерсе жок. Аллах каалаган ишин аткарууга кудуреттүү.

(2) Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

[Ааламдардын Раббиси] араб. “Рабб” – Башкаруучу, Ээ, Эге, Кожоюн, Тарбия кылуучу деген маанилерди билдирет. Ал бүткүл ааламдардын Раббиси. [Ааламдар] деп Аллахтан башкасынын бардыгын айтабыз. Ал гана жандыктарды жаратты, аларга жашай алгандай кылып себептерди даярдап берди жана чексиз-чексиз нээматтар менен бөлөдү. Эгер ал нээматтар болбосо жашоо мүмкүн эмес эле. Пенделерде кандай гана жакшылык болбосун, ал сөзсүз түрдө Аллахтын берген нээматы.

Аллахтын раббилиги эки түрдө болот: жалпы жана жеке. Жалпыга тиешелүү раббилиги макулуктарды жаратуусунда, аларды ырыскыландыруусунда жана бул дүйнөдө пайда бере турган нерселерге туура жол көрсөтүүсүндө. Ал эми жеке раббилиги Аллах Өзүнүн сүйүктүү пенделерин дин жолунда тарбиялоосунан көрүнөт. Аллах аларга ыйманга жетүүнү жана аны күчөтүүнү жеңилдетет, туура жолдон чыгаруучу, аларга  тоскоолдук кылуучу жамандыктардан коргойт. Бул раббиликтин нукура мааниси – кандай гана жакшылык болбосун анын келишине, кандай гана терс нерсе болбосун андан сактанууга жардам берүү. Балким ошон үчүндүр пайгамбарлар өз дубаларында көбүнчө Аллахты “Рабб” деп аташкан. Себеби, пайгамбарлардын бардык каалоолору Аллахтын жеке раббилиги менен байланыштуу болчу.

Бул аятта Аллах өзүн  “Ааламдардын Раббиси” деп атап, Өзүн жаратууда, башкарууда жана жакшылык берүүдө жалгыз экенин баса белгиледи. Ал макулуктарына муктаж эмес, тескерисинче ааламдар Ага муктаж, Андан толук көз карандылыкта турушат.

[Аллахка алкыш-мактоолор болсун]. Бул мактоо сөздөрү Аллахка Анын кемчиликсиз сыпаттары, кээде мээримдүүлүк, кээде адилеттүүлүк орун алган амалдары үчүн айтылат. Аллах гана мактоонун толук жана бардык түрлөрүнө татыктуу.

(3) Ал — Ырайымдуу, Мээримдүү.
(4) Сурак Күндүн падышасы.

Падыша деп буйрук берүүгө жана тыюу салууга, сыйлык берүүгө жана жазага тартууга, өз кол астындагыларга каалагандай бийлик жүргүзүүгө бийлиги жана мүлкү болгон затты сыпаттайбыз. Ал эми кимге чыныгы бийлик жана мүлк таандык экенин [Сурак Күнү] белгилүү болот. Бул Кыямат Күнүнүн бир аталышы, себеби бул күнү адамдар жакшы амалдары үчүн сыйлык жана начар амалдары үчүн жаза алышат. Так ошол күнү жаралгандын баарысы  Аллахтын бийлигинин кемтиксиздигин, Анын адилеттүүлүгүнүн жана даанышмандыгынын толуктугун ачык айкын көрүшөт. Алар буга чейин ээлик кылып келишкен нерселеринин жоготушат. Падышалар жана жөнөкөй адамдар, кулдар жана азаттар – бардыгы Аллахтын астында бирдей, Анын улуулугуна багынган, ызат-кудуретине моюн сунган, сот чечимин күтүп, сыйлыгынан үмүт өтүп, жазасынан корккон абалда болушат. Жаратуучу Өзүн Сурак күндүн Падышасы деп ал күндү өзгөчө белгилесе да, Ал бардык күндөрдүн падышасы.

(5) Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!

Араб тилинин грамматикасы боюнча ат атооч (араб. “иййаака” мааниси “сага”) этиштен (араб. “наъбуду” маанисисыйынабыз”) мурун келсе, этиштин аракети айтылып өткөн тарапка гана тиешелүү болот, башкасына эмес. Ошондуктан аяттын мааниси төмөндөгүчө: биз Сага гана сыйынабыз, Сенден башкаларга эмес, Сенден гана жардам сурайбыз, Сенден башкалардан эмес.

[Сыйынуу] араб. “ибадат” деп Аллах Таала жактырган жана андан ыраазы болгон бардык сөздөр же амалдарды айтабыз, дене менен жасалган болсун же жүрөктө купуя түрдө жасалган болсун.

[Аллахтан жардам суроо] араб. “истиъаана” деп пайдалуу нерсеге умтулууда, зыяндуудан сактанууда Аллахка таянуу, ошону менен эле бирге “эңсегениме сөзсүз жетем” деп Аллахка толук ишенүүнү айтабыз. Истиъаана дагы ибадатка кирет. Эмнеге Аллах ибадатты эскерип, кийин жардам суроону кошо айтты десе – жалпы маанидеги сөздөн кийин жеке маанисин кошо белгилеп кетти деп айтылат. Андан тышкары, албетте Жаратуучунун акысы жаралгандын акысынан мурун турат эмеспи.

Аллахка таат ибадат өткөзүү, Андан жардам суроо – түбөлүк бактылуулукка жетүүнүн жана бактысыздыктын бардык түрүнөн кутулуунун анык жолудур. Башкача ылаажы-кутулуу жок.  Ал эми ибадат туура аткарылды деп эсептелет качан Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын саламы жана салаваттары болсун) көрсөтмөлөрүнө туура келсе жана бир гана Аллахтын ыраазычылыгы ниет кылынса. Бул эки шартсыз эч кандай сыйынуу мүмкүн эмес.

Аллахтан жардам суроо (истиъаана) ибадаттын бир түрү болгону менен ал өзүнчө эскерилди. Себеби кандай гана буйрук болбосун же шариаттагы тыюу болбосун, пенде Аллахтын көмөктөшүүсүнө дайым муктаж жана анын жардамысыз өз милдеттерин так аткара албайт.

(6) (О, Аллах!) Бизди Түз Жолго баштагын!

Биринчи мааниси: “бизге туура жолду көрсөт, ага багытта жана анда жүрүүнү жеңилдет”. [Түз Жол] араб. “ас-сыроот аль-мустакым” Аллах менен байланыштырчу ачык жол, анын аягы Бейишке алып барат. Акты ак, караны кара деп билип, билгенине амал кылгандар гана андан баса алышат.

Аяттын экинчи мааниси бар: “түз жолго алып кел да, андан бизди түз бастыр”. Түз жолго келүү – Исламды кабыл кылып андан башка диндерди таштоо. Түз басуу – Ислам дининин эрежелерин үйрөнүү жана практика түрүндө жашоодо колдонуу. “Ихдина-с-сыроото-ль-мустакым” бул дуба, болгондо да пенде үчүн эң пайдалуу, мааниси терең жана зарыл болгон дуба. Ошондуктан намаздын ар бир рекетинде аны окуп Аллахка кайрылып туруу адамдар үчүн милдеттүү болду.

(7) Өзүң нээмат (жакшылык) берген адамдардын жолуна (баштагын). Каар-казапка учурагандардын жана адашкандардын жолуна эмес”.

Түз жол – Аллах жакшылыгын чачкан пенделер: пайгамбарлардын, сыддыктардын (чыныгы ыймандуулар), шейиттердин жана салих-такыба адамдардын жолу. Бул жол – жөөттөр сымал чындыкты билип, андан жүз буйруган, ошонун себебинен Аллахтын каарына калгандардын жолу эмес. Бул жол – христиандар сымал чындыкты жакшылап аңдап биле албай, ошонун себебинен адашкандардын жолу эмес.

Өзүнүн кыскалыгына карабай бул сүрөнүн мазмунунда башка сүрөлөрдө жок нерселер камтылган. Кудайдын жалгыздыгын таанууда үч негиз бар. Фатиха сүрөсүндө булар чагылдырылган. Биринчи негиз Аллахтын жалгыз Рабб экенине ыйман келтирүү – “Ааламдардын Раббиси” деген сөздө. Экинчиси Аллах гана сыйынууга татыктуу экенине ыйман келтирүү – “Аллах” сөзүнүн мааниси жана “Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз” аяты. Үчүнчүсү Аллах гана көркөм ысым жана кемчиликсиз толук сыпаттарга ээ экенине ыйман келтирүү – “Аллахка мактоолор болсун” деген сөздөн чыгат деп үстүдө баяндап кеткенбиз. Үчүнчү негиз боюнча айтсак бул Аллах Өзү тууралуу айткан же Мухаммед пайгамбар ﷺ Аны баяндаган бардык ысым жана сыпаттарына ыйман келтирүү. Ошону менен эле бирге Кудайдын сыпаттарын макулуктардын сыпаттарына окшотуудан же алардын маанисин өзгөртүп башка маани берүүдөн сактануу зарыл.

“Бизди Түз жолго баштагын!” деген аяттын маанисинен пайгамбарчылыктын бар экенин билебиз. Себеби жол көрсөтүүчүсүз туура жолго түшүү мүмкүн эмес.

“Сурак Күнүнүн Падышасы” деген аяттан Кыямат күнү келип, пенделер кылган сооп иштери үчүн сыйлык, күнөөлөрү үчүн жаза тартары бар экенин билебиз. Адамдардын үстүнөн сот жүрүп чыгарылган чечим адилеттүү болот, себеби “диин” сөзүнүн мааниси адилеттүү болгон сыйлык же жаза дегенди билдирет.

Ошондой эле бул сүрө тагдыр темасында адашкан исламдагы эки секта — кадария жана жабриянын көз караштарынын айыбын ачат. Себеби, сүрөдө бардык болумуш Аллахтын гана буйругу менен болоору, бирок ошону менен эле бирге пенде тандоо эркиндигине ээ экендиги ырасталат.

Деги эле, “Бизди Түз жолго баштагын” сөздөрүнүн негизинде бардык адашкан жана бидаат агымдардын көз караштары жокко чыгарылат. Бул аятты карманган инсан чындыкты издеп, билгенден кийин аны иш жүзүнө ашырат. Ал эми бидаатка берилген жана адашкан адам албетте бунун карама-каршысында жүрөт.

Андан тышкары сүрөдө сыйынууда Аллахка ыкластуу болуу жана жардам суроодо бир гана Ага кайрылуу чакырыктары бар. Бул “Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!” аятынын маанисинен келип чыгат. Ошондуктан бардык мактоолор Ааламдардын Раббиси — Аллахка гана болсун!

Булак:
Абд ар-Рахман ас-Саади رحمه الله : «Тайсир аль-Карим ар-Рахман фи тафсир калам Маннан» — Куран, Фатиха сүрөсүнүн мааниси.

 

© ИсламЖолу

 

 

 

Пикир жок

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ