Ханафи мазхабында мавлюд болгонбу?

Азыр «ханафи мазхабы» деп коюп динде ар нерсени кыла берүү мода болуп калды. Эгер Имам Абу Ханифа бүгүнкү мазхабды сокур ээрчиген кишилерди көрсө төбө чачы тик туруп, «бул эмне, менин мазхабымбы?» деп таң калмак болуш керек.

Абу Ханифа эч качан өзүнө чакырган эмес, бирок ал Куран-Сүннөткө чакырган. Андан кийинки кишилер ал айтпаган сөздөрдү айтып, эмнегедир Абу Ханифа чакырган Куран-Сүннөткө эмес, ошол чоң аалымдын өзүнө чакырып жатышат. Бирок ал өзүнө эч качан чакырган эмес!

Бидаат болгонуна карабай Мавлюд, Рагаиб, Мираж кечесин ж.б. нерселерди тосуп, анысы аз келгенсип мазхаб менен жамынышат. Эгер мазхабдарды түзүп кеткен аалымдардын таза атын булгабай, бидаат кылам дегендер өзүлөрү эле тыпыйып бидаатын кыла беришкенде — күнөөсү азыраак болмок. Бирок антишпеди. Кылган бидааттарын мазхабга чапташты. Бирок нукура таза мазхаб булардан алыс.

Ханафи мазхабы  Мавлид деген нерсеге кандай көз карашта экен, карап көрөлүчү?

Ханафи мазхабынын эрежелеринин бири төмөндөгүчө:

«Пайгамбарга ﷺ ээрчүү, анын жасаган нерселерин жасоодо гана эмес, ал жасабаган нерселерди таштоодо (жасабоодо) да турат».

Бул эреже тууралу айтууда ханафи мазхабынын имамдарынын бири Мулла Али ал-Кари (1052-х.ж.) мындай деген: «Пайгамбарга ﷺ ээрчүү, анын жасаган нерселерин жасоодо да, жана ал жасабаган нерселерди таштоодо да турат. Ушунун негизинде ким мыйзамдаштыруучу (б.а. Пайгамбар) жасабаган амалды жасоодо туруктуулукту көрсөтсө (б.а. ар дайым ошону жасаса), ал бидаатчы болуп табылат» («ал-Миркат» 1/41, 95).

Ошондой эле дагы бир ханафи имамы Ахмад ар-Руми (1043 х/ж) мындай деген: «Эгер кандайдыр бир амалды жасоодо муктаждык болгон кезде жана аны жасоого эч нерсе тоскоол болбогон тушта Пайгамбар ﷺ ошол амалды жасабаган болсо, анда биздин бул нерсени жасашыбыз Аллахтын динине жаңылык киргизүү болуп табылат»

Ханафи имамы ал-Финжифири айткан: «Дал ушул эрежеден мавлидди өткөрүүгө тийиштүү тыюу чыгат» («Усуль Сунна» 60-бет).

Мираж түн, Рагаиб кечеси, Мавлюд, Бараат… булардын баарын белгилегенге, ушул кечелерди колдонуп адамдарга даават кылып калганга Пайгамбарыбыздын ﷺ  мүмкүнчүлүгү, андан кийинки сахабалардын мүмкүнчүлүгү бар эле. Ал нерселерди кылуудан аларды эч нерсе тоскон эмес.

Бирок ошого карабай алар булардын бирөөсүн да кылышпады. Эгер бул нерселерде акыйкат болгондо биринчилерден болуп сахабалар, андан кийинки имам мужтахид аалымдар кылышмак. Бирок ал тууралуу эч нерсе бизге жеткен жок.

Демек айтылып өткөн нерселерди Шариаттан деп белгилөө, буларды ыйык түн катарларына киргизүү, бул кечелерде атайын чогулуу — динде жок нерселерден. Бизге Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ калтырып кеткен нерселерде Бейишке кирүүгө, Тозоктон сактанууга жетиштүү илим бар. Кошумча кошуп бактылуу болуп кетебиз дегенден сактаналы!

www.islamjolu.kg
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий