Олуядан кудайдан жардам сурагандай жардам сураса болобу?

Олуядан Кудайдан жардам сурагандай жардам сураса болобу?

! Жок, болбойт, Аллахтан гана суралчу нерсени башка бир макулуктан суроо – чоң ширк болуп эсептелет.

? Ким бул өкүмдү берген?

! Куранда Аллах айткан, хадистерде Пайгамбар ﷺ айткан, сахабалар, табаиндер, төрт мазхаб имамдары бардыгы ушул өкүмдү беришкен, ошондой эле үммөттүн аалымдары бир ооздон – ким Аллахтан гана суралчу нерсени башка бир макулуктан сураса – ал киши ширк кылган болот каапыр болуп, динден чыгат деп айтышкан. Себеби, жардам суроо – бул дуанын бир түрү. Ал эми дуа – бул ибадат.

Мисалы: адам талаада калып, ага жырткыч же каракчылар кол салган болсо, сууда кырсык болуп, кеме чөгүп кетейин десе, апаат балээ, жер көчкү ж.б. – бул учурларда бир гана Аллахка кайрылыш керек. “Баланча олуя мени куткара көр”, “Баланча арбак мени колдой көр”, — деп аларга жалдыраган болсо, алардын колунан бул нерсе келбейт, жардам бере албайт, демек аларга кайрылуу ширк болот.

Дуа – бул сыйынуу. Ал эми сыйынуу бир гана Аллахка багытталышы керек.

Аллах Таала айтты: «(Худ айтты): О, коомум! Аллахтын Өзүнө ибадат кылгыла! Силерге Андан бөлөк сыйынууга татыктуу зат жок!» (Куран, Худ 11:50).

Аллах Таала айтты: «Мен жин жана инсанды Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым» (Куран, аз-Зарият 51:56).

Аллах Таала айтты: «Ырасында, мечиттер Аллахка таандык. Ошондуктан, Аллах менен бирге эч кимге дуа кылбагыла» (Куран, аль-Жин, 72:18).

Пайгамбар ﷺ айтты: «Дуа – ибадаттын өзөгү» (Тирмизи), башка риваятында: «Дуа – бул ибадат» деп келет.

Ким Аллахка дуа кылгандай, башкага дуа кылса – ал каапыр мушрик болот

Аллах Таала айтты: «Ким Аллах менен бирге башка нерсеге дуа кылса, ага эч далили жок. Чындыгында анын эсеби Раббысынын алдында. Ырасында, каапырлар кутулушпайт» (Куран, аль-Муминун, 23:117).

Аллахтан башкага дуа кылуу – эң чоң, кечирилбес күнөө

Аллах Таала айтты: «Албетте Аллах Өзүнө бир нерсени шерик кылынуусун кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалаган пендеси үчүн кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо, ал өтө чоң күнөө ойлоп тааптыр» (Куран, ан-Нисаа 4:48).

Абдуллах ибн Масуддан (радияЛлаху анху) келген хадисте Расулаллах ﷺ  айтты дейт: «Кимде ким Аллахтан башка бир теңдеш алып, ага дуа кылган акыбалда өлсө – Тозокко кирет» (Бухари: 4497).

Муслим риваят кылган хадисте, Жабир (радияЛлаху анху) риваят кылат, Расулаллах ﷺ айтты дейт: «Кимде ким Аллахка, Ага бир нерсени шерик кылбаган акыбалда жолукса – Бейишке кирет. Кимде ким Аллахка, Ага бир нерсени шерик кылган акыбалда жолукса – Тозокко кирет» (Муслим: 93/152).

Аллах бизди Өзүнө ибадат кылсын, Өзүнө дуа кылсын, Өзүнөн гана жардам сурасын деп жаратса, демек Өзү бизге жооп берет. Аллах ортомчуларга муктаж эмес!

Аллах Таала айтты: «Раббиңер: «Мага дуа кылгыла, Мен жооп беремин», — деди». (Куран, аль-Гафир, 40:60)

Аллах Таала айтты: «Эгер пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса, Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса дуба кылуучунун дубасына жооп беремин» (Куран, аль-Бакара 2:186).

Ибн Аббас (радияЛлаху анхума) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты: «Эгер сурасаң, Аллахтан сура. Эгер жардам издесең, Аллахтан жардам изде» (Тирмизи).

Аллах менен пенденин арасында ортомчу  бар деп, алардан шапаат сурап, аларга тобокел кылса, алардан Кудайдан жардам сураганай суранса – ал киши алгачкы мушриктердин кылган ишин кылган болот, эч айырма жок

Алгачкы мушриктер айтышкан: “Биз күнөөкөр адамбыз. Биздин дуаларыбызды Аллах түз кабыл кылбайт. Бирок ортомчулар аркылуу кайрылсак, анан дуабыз кабыл болот”, — деп, ушундай күмөндүү нерсенин артынан ширк кылышкан.

Аллах Таала ортомчуларга сыйынгандарды каапыр жалганчы деди: «Аллахтан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз (бул кудайларыбызга) бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана сыйынуудабыз» (дешет). Шек күмөнсүз, Аллах алар талашкан нерселери тууралуу Өзү өкүм чыгарат. Аллах жалганчы жана каапырды Туура Жолго баштабайт!» (Куран, аз-Зумар 39:3).

Аллах Таала ортомчуларга сыйынып, алардан шапаат сурагандардын ишин ширк деди: «Алар өзүлөрүнө зыян да, пайда да жеткире албай турган Аллахтан башка нерселерге сыйынышып «Ушулар Аллахтын алдындагы биздин шапаатчыларыбыз«, — дешет. Айткын: «Силер Аллахка асмандар жана жердеги Ал билбеген нерселерди билгизип коймок болдуңарбы?!». Ал алардын ширк кылууларынан таза жана бийик!» (Куран, Юнус 10:18).

Аллахтан башкаларга Кудайга кайрылгандай кайрылып жардам суроо – эч пайда бербейт. Күч кубаттын баары Аллахта! Ля хавля ва ля куввата илля биЛлях!

Аллах Таала айтты: «Айткын: “Мага кабар бергилечи, эгер Аллах мага бир зыян жеткирсе, Аллахтан башка силер дуба кылып жаткандарыңар Анын зыянын (менден) арылта алабы? Же болбосо, Аллах мага бир ырайым(ын) ыраа көрсө, Анын (бул) ырайымын алар токтото алабы?!”» (Куран, аз-Зумар 39:38).

Аллах Таала айтты: «Аллахтан башка өзүңө пайда алып келе албаган, же зыян жеткире албаган нерселерге дуа кылба! Эгер ошентчү болсоң, анда сен, албетте, заалымдардан (мушриктерден) болуп каласың! Аллах сага бир зыян жеткизсе, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт…» (Куран, Йунус 10:106-107).

Аллах Таала айтты: «Чынында, силер Аллахтан башка буттарга ибадат кылып, ойдон токулган жалган айтып жатасыңар! Аллахтан башка сыйынып жаткан нерселериңер силерге ырыскы берүүгө кудуреттүү эмес! Ырыскыны Аллахтан үмүт кылгыла. Ага ибадат кылып, Ага шүгүр кылгыла! Өзүнө гана кайтып барасыңар!» (Куран, аль-‘Анкабут 29:17).

Аллах Таала айтты: «Аллахтан башка,  Кыяматка чейин дуба-суранычына жооп бербей турган нерселерге  дуба кылган адамдан көбүрөөк адашкан ким бар?! Алар тигилердин дубаларынан кабарсыз! Ал эми, качан [Кыяматта] адамдар чогулганда, сыйынган нерселери, тигилерге (мушриктерге) душман чыгышып ибадаттарын четке кагышып танып кетишет» (Куран, аль-Ахкоф 46:5-6).

Аллах күнөөкөр адамдардын дуасын, өтө муктаж болгон акыбалда да кабыл кылбайбы?

! Аллах керек болсо, каапыр адам өтө муктаж болуп Ага кайрылса, ага да жооп берет. Себеби ал ар-Рахман (Өтө мээримдүү). Ал эми мусулман чын ыклас менен кайрылса, албетте, ага жооп берет.

Аллах Таала айтты: «Же болбосо, зарыккан-муктаждар Өзүнө жалбарганда, дубасына жооп берип, кыйынчылыкты кетирген жана силерди жер бетине орунбасар кылган ким? Аллах (Өзү ганабы же Аны) менен башка бир кудайбы?! Өтө аз эскересиңер!» (Куран, ан-Намль 27:62).

Аллах Таала айтты: «Эгер алар (мушриктер) кемеге минишсе (жана катуу добул болуп, кеме чайпала баштаса) Аллахтын жалгыз Өзүнө, түздөн-түз, ыклас менен дуба кылышат. Ал эми, Аллах аларды куткарып, жээкке чыгарып койсо, кайрадан ширк кыла башташат» (Куран, аль-Анкабут 29:65).

Аллах Таала айтты: «Айт: “О, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал — Кечиримдүү, Ырайымдуу!» (Куран, аль-Анкабут 29:65).

Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

Алгачкы мушриктер жеңилчилик убакытта идолдорго, таштарга, бактарга сыйынышчу. Ал эми кыйынчылыкка кабылып, өлүмгө дуушар болоордо – куткарсын деп идолдоруна же башка бир макулукка кайрылышчу эмес – жок, алар жалгыз Аллахка кайрылышчу.

Ал эми биздин заманыбыздын мушриктеринин ширки, кыйынчылыкта да, женилчиликте да бирдей. Кыйынчылык учурда Аллахка кайрылышпайт. Тескерисинче, канчалык чоң балээ келсе ошончолук ширкинде бекем болуп, ошончолук көп Хасанга, Хусейнге, Абдулкадырга, Рафаъийге ж.б. олуяларына дуба кылып кайрылышат.

Бул белгилүү эле нерсе. Алардын китептерин окусаң таң калычтуу нерселерди табасың. Аллах гана антип сыпатталууга татыктуу болгон сыпаттарды олуяларына ыйгарганын көрөсүң. Ал китептеринде деңизде кеме чөгүп жаткан учурда адамдар олуяларга кайрылып жардам сурашса, алар жардам беришти, олуя колун созуп суудан сууруп чыкты, кемени жээкке чыгарды деген нерселер жазылган.

Мындай окуялар суфийлердин китептеринде кездешет. Кааласаңар «Табакат Аш-Шаграни» деген китепти окуп чыккыла. Ал китептин ичиндегилерди окугандан жана уккандан төбө чачың тик турат, ал жакта олуялар деңиздеги кемени колу менен алып кургака чыгарып койду деген сыяктуу ж.б.у.с. уламыш–жомоктор бар.

(Шарх аль-Коваъид аль-Арбаъ)

Share

You may also like...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *