Шайтандын беш кадамы

Иблис текебердигинин айынан  Алланын өкүмүнө баш ийбей, Анын мээриминен куру калганда да өзүнүн адашуусуна  Аллахты күнөөлөйт.  Ичкүптүсү менен адам тукумун кыйратарына сөз берет. Аллах Куранда Иблистин мындай дегенин баяндайт:

فَبِمَا أَغْوَيْتَنِي لأقْعُدَنَّ لَهُمْ صِرَاطَكَ الْمُسْتَقِيمَ * ثُمَّ لآتِيَنَّهُمْ مِنْ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ وَمِنْ خَلْفِهِمْ وَعَنْ أَيْمَانِهِمْ وَعَنْ شَمَائِلِهِمْ وَلا تَجِدُ أَكْثَرَهُمْ شَاكِرِينَ

«(Иблис): «Мени кууп жибергениң үчүн мен аларга каршы Сенин туура жолуңа отуруп аламын. Анан аларга артынан да, алдынан да, оң тарабынан да, сол тарабынан да  келемин да (адаштырамын), мына ошондо алардын көбүн (Сага) шүгүр кылуучулардын арасынан таппайсың»,-деди».             (7.Аль-Араф: 16-17)

رَبِّ بِمَا أَغْوَيْتَنِي لأزَيِّنَنَّ لَهُمْ فِي الأرْضِ وَلأغْوِيَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ

«Оо,  Эгем!  Мени адаштырганың үчүн аларга жер жүзүндөгүлөрдүн баарын сонун көргөзүп отуруп, алардын баарын азгыра беремин».(15.Аль-Хижр: 39)

فَبِعِزَّتِكَ لأغْوِيَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ * إِلا عِبَادَكَ مِنْهُمُ الْمُخْلَصِينَ

«Сенин Улуулугуңа ант!  Мен алардын баарын азгырамын, Сенин ыкластуу пенделериңден башкасын».(38.Сад: 82-83)

Ошентип, Иблис Адам атанын жана анын тукумуна болгон жек көрүү, каары менен   Аллах  менен касташа турганын айтты. Аллах бизди шайдандын арам аракеттеринен   сактап, анын адамзатка айыгышкан душман экенин эскерткен.

إِنَّ الشَّيْطَانَ لَكُمْ عَدُوٌّ فَاتَّخِذُوهُ عَدُوًّا إِنَّمَا يَدْعُو حِزْبَهُ لِيَكُونُوا مِنْ أَصْحَابِ السَّعِيرِ

«Чынында, шайтан силерге душман.  Демек, аны душман туткула! Шек күмөнсүз, ал өз тобун тозок ээлери болуулары үчүн чакырат».(35.Фатыр: 6)

Душман деген ким? Душман жөн гана ийгилигиңизге көз арткан адам эмес, же сизди сыйлабан адам эмес, балким ал  кытмыр тилеги бар, кайда болсо да, кандай болсо да  сизди кыйратып, жок кылууну көздөгөн  дал шайтандын өзү. Эгер биздин өмүрүбүзгө, ден соолугубузга  кооптуулук жаратып, кайсы бир адам кара ниет иш кылганы жатканын билсек, андан кантип кутулуу керектигин, кандай кадам кылса туура болоору  жөнүндө толгонобуз. Бирок, андан артык кыянатчы  бейиш жолунан адаштырып, тозокко багыт берген,  бермек түгүл,  жетелеп барып киргизип коё турган күнтүн дебей азгырык, адаштыруу иши менен алек болгон  Аллахтын наалатына калган шайтандын анык душман экенин унутуп коёбуз.

Пенде табиятындагы  текебердик, кайдыгерлик, унутчаактык, түркөйлүк сыяктуу алсыздыктар   шайтанга эң эле сонун курал болуп берет.  Ал адамдын абалына жана ишениминин деңгээлине карап акырындап, кылдаттык менен жакындайт, өз жолуна багыттайт.  Анын бул аракеттери тууралуу Аллах Ыйык Куранда мындай дейт:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا ادْخُلُوا فِي السِّلْمِ كَافَّةً وَلا تَتَّبِعُوا خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ إِنَّهُ لَكُمْ عَدُوٌّ مُبِينٌ

«Эй, момундар! Ислам динин толук кабыл алгыла. Шайтандын артынан ээрчибегиле! Шексиз, ал силер үчүн ачык душман».(2.Аль-Бакара: 208)

Аллах анын шашылбай, акырындык менен азгыраарын, арам ою ишке ашпай калса, ага башка бир жолду ойлоп таап колдонорун эскертет. Эң кубанычтуусу, Аллах   мээрими менен бизди анын  кыянаттыгынан коргоп турат.Алланын китеби жана Пайгамбардын  сүннөтүндө шайтан аракеттери эскертилет. Ал канчалык азыткы, амалкөй болбосун Аллах  кимге илим берип Куран жана Сүннөттү бекем кармап жашаганга жардам берген болсо,  пенденин алдында алсыз бечара бойдон калат.  Аллах:

إِنَّ كَيْدَ الشَّيْطَانِ كَانَ ضَعِيفًا

«  …Акыйкатта, шайтандын айлакерлиги  алсыз».(4.Ан-Ниса: 76)

Шайтан  Аллахтын такыба пенделеринин алдында алсыздыгын мойнуна алып мындай дейт: «Мен алардын баарын азгырамын, Сенин ыкластуу пенделериңден башкасын». Ал Аллахтын ыкластуу пенделери пайгамбардын  жолун жолдоп гана өзүнүн  азгырыгынан сак болорун айтып жатат. Ислам аалымдары Куран жана Сүннөт негизинде азезилдин беш кадамын аныкташкан. Мындан ары ар бирине кеңири сөз кылабыз. Бул бизге анын  капканына түшүп калуубузду алдын алат.

 

 

[button color=»» size=»» type=»square» target=»» link=»»]Биринчи кадам[/button]

Шайтан  үчүн пендени көп «кудайга» ишенүүгө (ширк кылганга) жеткиргенден артык жетишкендик жок. Ал эми ширк тозокко алып барган айкын жол.  Адам рухун ойрон кыла турган, өтө оор  күнөө ширк экенин  иблис жакшы билгендиктен, бүт аракетин пендени Кудайдан алыстатып, кечирилгис күнөөгө батырууга далбас урат.  Ойдон чыгарылган «жарым кудайларга», бейиттерге, периштелерге, шейхтерге дагы башка сыйынууга татыктуу болбогон объектлерге сыйынууга тымызын  көндүрүп, пенденин аракет, күчүн текке  кетирип, Акыреттик сооптордон да куру калтырат.

Аллага шерик кошуу адамга эмне үчүн коркунучтуу?

Биринчиден, эгер пенде ширк кылуудан кайтпастан (Алла сактасын)  өлгөн болсо, Алланын мээриминен куру калат жана эч качан  кечирим таппайт. Түбөлүк жайы тозок болот. (Алла сактасын)

إِنَّ اللَّهَ لا يَغْفِرُ أَنْ يُشْرَكَ بِهِ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَلِكَ لِمَنْ يَشَاءُ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدِ افْتَرَى إِثْمًا عَظِيمًا

«Акыйкатта, Аллах Өзүнө шерик кошкондорду  кечирбейт,  андан башка күнөөлөрдү Өзү каалаган пенделери үчүн кечирет. Ким Аллахка шерик кошсо, анда чоң күнөө ойлоп тааптыр». (4.Ан-Ниса: 48)

Экинчиден, ширк  пенденин бардык амал-ишин  пайдасыз кылат. Пенде Аллахтан башка нерсеге сыйынса, анын намазы  орозосу, садакасы, ажылыгы кыпынчалык  да пайда алып келбейт.

وَلَقَدْ أُوحِيَ إِلَيْكَ وَإِلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكَ لَئِنْ أَشْرَكْتَ لَيَحْبَطَنَّ عَمَلُكَ وَلَتَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ

«Акыйкатта, сага да, сенден мурункуларга  (пайгамбарларга) да  вахий кабар келген. «Эгер Аллага шерик кошсоңор,  албетте, кылган иштериң бекерге кетет жана зыян көрүүчүлөрдөн болуп каласың! ».(39.Аз-Зумар: 65)

Үчүнчүдөн,  Аллахтан башкага сыйынуу, шайтанга баш ийүү болуп эсептелет. Мындан ал ырахат алат.

إن يدعون من دونه إلا إناثا وإن يدعون إلا شيطانا مريدا

«Алар Андан башка аял затына жана ээнбаштанган шайтанга табынышат».(4.Ан-Ниса: 117)

Пенде  Аллахка  сыйынып жатып, Ага  дагы башка «кудайын» кошсо, Аллахка кылган ибадаты Анын  алдына көтөрүлбөйт.   Мекке мушриктери  Аллахка баш ийишип, Жаратуучу деп таанышкан бирок, майда «кудайларын» кожоюн деп эсептешкен. Бирок, пайгамбар (Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун) мындай сыйынууну  Аллахка  баш ийүү  деп  атаганга  болбостугун  айткан.

قُلْ يَا أَيُّهَا الْكَافِرُونَ *لا أَعْبُدُ مَا تَعْبُدُونَ *وَلا أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ

«Айткын: «Эй, каапырлар! Мен силер сыйынган  нерселерге сыйынбаймын, силер дагы мен сыйынганга сыйынбайсыңар».(106.Курайш: 1-3)

Бул айтылган  үч себеп көп кудайлуулуктун коркунучтуулугун жана азезил азгырыктарынан   сактанууга ой жүгүртүүгө жетиштүү болсо керек. Ошондой эле шайтан пландарын жиликтеп үйрөнүп,  илим издеп шайтан тайсалдаган  такыбалык коргонуна кирүү керек.  Акыйкатта, такыбалыкты, илимди да  Аллах китеби жана пайгамбар  сүннөтүнөн табабыз.

 

 

[button color=»» size=»» type=»square» target=»» link=»»]Экинчи кадам[/button]

Эгер шайтан пендени Кудайга шерик коштура  албаса, кийинки кадамга өтүп динге жаны нерселерди (бидъат) киргизүүгө түртө баштайт.  Күмөндү жайылтып, татаалдыкты оңойлотуп, жөнөкөйдү татаалдатып, туура жана жеткиликтүү илим, маалыттардын жайылышына  тоскоол болот. Иблис динге бидааттын кириши  пайгамбар сүннөтүн  жок кылаарын жакшы түшүнөт .

Эмне үчүн Аллахтын  душманы  бидааты мынчалык жакшы көрөт, бидааттын   адамзат үчүн коркунучу   кандай?

Биринчиден,  шайтан   мусулмандын  «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок» деген  күбөлүк келмесинен кайтара албагандан кийин, келменин  «Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси» деген бөлүгүнөн кайтарууга   чабуул коёт. «Мухаммад  Аллахтын кулу жана элчиси» деп күбөлүк бергендер төмөндөгү шарттарды аткарбаса,  күбөлүгү жараксыз, же толук кандуу болбойт.

1) Алла элчиси (Аллахтын саламы болсун)  тыйгандардан  тыйылуу;

2) Пайгамбардын (Аллахтын саламы болсун) буйругун аткаруу;

3) Анын  айткандарына ишенүү;

4) Аллахка  пайгамбар  (Аллахтын саламы болсун)  үлгүсүндө, ал  көрсөткөндөй сыйынуу;

Экинчиден, сыйынуудагы   адал, арам маселесине кимдир бирөөнү ээрчүү, да көп кудайлуулук деңгээлине түшүрөт.

أَمْ لَهُمْ شُرَكَاءُ شَرَعُوا لَهُمْ مِنَ الدِّينِ مَا لَمْ يَأْذَنْ بِهِ اللَّهُ وَلَوْلا كَلِمَةُ الْفَصْلِ لَقُضِيَ بَيْنَهُمْ

وَإِنَّ الظَّالِمِينَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

«Же  Аллах тыюу салгандарды аларга дин жолу кылып берген шериктери барбы? Эгерде Аллах тарабынан мөөнөттү узартуу жөнүндө алдын ала сөз болбогондо, анда алардын ортосундагы талаштар бүтмөк. Заалымдар үчүн оорутуучу азап бар».(42.Аш-Шура: 21)

Жогоруда күбө болгондой,  бидаат  көп кудайлуулукка эң жакын күнөө. Пенде  бидаат киргизүү менен исламдын негизин жоготот.

فَلْيَحْذَرِ الَّذِينَ يُخَالِفُونَ عَنْ أَمْرِهِ أَنْ تُصِيبَهُمْ فِتْنَةٌ أَوْ يُصِيبَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

«Пайгамбардын чакырыгын өз ара бири- бириңердин чакырыгыңарга окшотпогула. Акыйкатта, Аллах силердин араңардагы жашырынып, билгизбей чыгып кетүүчүлөрдү билет. Андыктан, Анын буйругуна каршы чыккандар өздөрүнө бир апаат келеринен, же болбосо жан чыдагыс азап келеринен сактанышсын».(24.Ан-Нур: 63)

Үчүнчүдөн,бидаат кылган адам  тообо кылгандан алыс,  анткени  күнөө кылып жатканын билбейт, жакшы иш кылып жатам деп ойлойт. Бидаатчы Кудай осуяттарын четке кагып,  динге жаңы эрежелерди ойлоп таап , бүгүн жараксыз болуп калган дин ээлери  жөөттөр жана  христиандардын  изи менен Алланын динин өзгөртөт. 

قُلْ هَلْ نُنَبِّئُكُمْ بِالأخْسَرِينَ أَعْمَالا *الَّذِينَ ضَلَّ سَعْيُهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَهُمْ يَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ يُحْسِنُونَ صُنْعًا

«Айткын: «Алар дүйнөдөгү аракеттери текке кеткендер. (Бирок) алар өздөрү: «Чындыгында жакшы иш кылып жатабыз», -деп ойлошот».(18.Аль-Кяхф: 103-104)

 

 

[button color=»» size=»» type=»square» target=»» link=»»]Үчүнчү кадам[/button]

Эгер мусулман  илимдүү болсо, шайтан анын  жүрөгүнө күмөн жеткире албайт. Бидаатка да күчтөй албайт, бирок  аны  ышкысы менен  күнөө кылууга  түртөт.

بَلَى مَنْ كَسَبَ سَيِّئَةً وَأَحَاطَتْ بِهِ خَطِيئَتُهُ فَأُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

«Ооба!  Ким жамандыктан пайда тапса жана күнөөгө   чырмалып батса,  анда алар-отту ээлөөчүлөр. Алар анда түбөлүккө калышат!».(2.Аль-Бакара: 81)

Иблис  адамды чоң күнөө жасатуу менен Аллахтан алыстатууга аракетин аябайт.

إِنْ تَجْتَنِبُوا كَبَائِرَ مَا تُنْهَوْنَ عَنْهُ نُكَفِّرْ عَنْكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَنُدْخِلْكُمْ مُدْخَلا كَرِيمًا

«Эгер силер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн өзүңөрдү тыйып-сактасаңар, силердин кичине күнөөңөрдү кечиребиз жана силерди Бейишке киргизебиз». (4.Ан-Ниса: 31)

Бирок, шайтан мусулманды чоң күнөөгө жыга албаса,  чоң күнөөгө жол ача турган майда күнөөлөрдү  жасаганга  жардам берет.  Майда күнөө кылышта кайдыгер кылып коёт.

Мусулман чоң жана майда күнөөнү кантип  айырмалай алат?

Ислам аалымдары  Куран жана Сүннөт негизинде чоң күнөөгө мындай аныктама беришет .  «Чоң күнөө  – шариаттагы жазасы оор болгон (ташбаранга алуу, колун кесүү),  же Куран жана Сүннөттө коркунуч билдирүүлөр менен берилеген, тозок убадаланган, же  наалат, Алланын каарын келтирген аракеттер болуп эсептелет.  Майда жана чоң күнөөнү айырмалаганыбыз менен алар бири -бирин шарттап, кандай болсо адамдын ыйманына,  ишенимине доо кетире турган аракеттер болуп эсептелет.

 

 

[button color=»» size=»» type=»square» target=»» link=»»]Төртүнчү кадам[/button]

Эгер  иблис Аллахтын  арам кылган нерсесин пендеге аткарттыра албаса,  ибадаттан алаксытып  дүйнөлүк кызыкчылыктарга  тартат.  Пайдасыз иштер менен алектендирип коёт.

Буга төмөнкүдөй аракеттер мисал болот:

  • Орозодон баш тартып, тамакка берилүү;
  • Түнкү ибадаттан  калып,  уйкуга берилүү;
  •  Аллах жолунда  чыйрактыктан калып,  эс алып, боштукту жакшы көрүү ;
  • дүйнө жыйнаганды жактырып, садака кылууну унутуу;
  • Бейчеки сөздөр менен убакыт өткөрүү илим издөөдөн алаксытат жана ушакка  жакындатат;
  • пайдасыз китеп окуу, ишенимге туура келге н китеп окуудан калтырат;
  • нашиддерди угуу  (ислам темасындагы  ырлар менен алектенүү)  Куран окуудан алаксытат;
  •  Чоң жана кичи ажылыкка барып, же туугадарын зыярат кылгандын ордуна курорттордо эс алуу;
  • ашыкча тирикчилик буюмдарын сатып алуу;

Кээ бирлер пайда да, зыян болбогон иштерди жасашат.  Алар күнөө кылышпайт, Аллах алдындагы бардык милдеттерин аткарышат, бирок  убактыларын бош өткөрүшөт.  Шайтандын амалынан сактануу үчүн жалган жашоонун кайсы бир күнү ойрон болорун  жана  өлүмдү көп эстөө зарыл.

زُيِّنَ لِلنَّاسِ حُبُّ الشَّهَوَاتِ مِنَ النِّسَاءِ وَالْبَنِينَ وَالْقَنَاطِيرِ الْمُقَنْطَرَةِ مِنَ الذَّهَبِ وَالْفِضَّةِ وَالْخَيْلِ الْمُسَوَّمَةِ وَالأنْعَامِ وَالْحَرْثِ، ذَلِكَ مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَاللَّهُ عِنْدَهُ حُسْنُ الْمَآبِ

«Адамдарга-аялдар, балдар, алтын-күмүштөн жыйналган казыналар, күлүк аттар, мал-мүлк жана эгинзарларга болгон сүйүү кооз көрсөтүлдү. Бул-ушул дүйнөдө пайдалуу нерселер. Бирок Аллахтын алдында кайтып бара турган кооз жай бар».(3.Алю Имран: 14)

وَمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا إِلا لَعِبٌ وَلَهْوٌ وَلَلدَّارُ الآخِرَةُ خَيْرٌ لِلَّذِينَ يَتَّقُونَ أَفَلا تَعْقِلُونَ

«Бул дүйнөнүн жашоосу оюн гана. Аллахтан корккондор үчүн акырет  жашоосу  эң сонун. Эми акылыңарга келбейсиңерби?»(6.Аль-Ан`ам: 32)

الْمَالُ وَالْبَنُونَ زِينَةُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَالْبَاقِيَاتُ الصَّالِحَاتُ خَيْرٌ عِنْدَ رَبِّكَ ثَوَابًا وَخَيْرٌ أَمَلا

«Мал-мүлк менен бала-чакалар дүйнө тиричилигинин көркү. Ал эми түбөлүк кала турган жакшылыктар болсо, Эгеңдин алдында. Жакшы иштер сыйлык жагынан да, үмүт жагынан да мыкты. ».(18.Аль-Кяхф: 46)

وَمَا هَذِهِ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا إِلا لَهْوٌ وَلَعِبٌ وَإِنَّ الدَّارَ الآخِرَةَ لَهِيَ الْحَيَوَانُ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

«Бул дүйнөдөгү жашоо оюн-күлкү гана, а Акыреттеги анык жашоо, эгер алар муну билген болсо!»(29.Аль-Анкябут: 64)

Оо, мусулман бир тууган!   Аллахтын бул айткандарын жадыңызга бекем түйүңүз. Жаралыш максатыңызды  эстеңиз. Биз бир Кудайга гана ибадат кылуу үчүн жаралбадык  беле. Дүйнө ишиндеги милдетти  аткаргандан кийин  бош убактыңызды  чыныгы жашоодогу  пайдалуу ишке арнаңыз.

فَإِذَا فَرَغْتَ فَانْصَبْ *وَإِلَى رَبِّكَ فَارْغَبْ

«Эгерде (намаздан) бошосоң, (дубага) кириш. Жараткан Эгеңе  жалбар!». (94.Аш-Шарх: 7- 8)

وَابْتَغِ فِيمَا آتَاكَ اللَّهُ الدَّارَ الآخِرَةَ وَلا تَنْسَ نَصِيبَكَ مِنَ الدُّنْيَا وَأَحْسِنْ كَمَا أَحْسَنَ اللَّهُ إِلَيْكَ

«Аллахтын сага берген дөөлөтү аркылуу Акырет конушуна жетүүгө умтул да, бул дүйнөдөгү ырыскыны да унутпа. Аллах сага жакшылык кылгандай, сен да жакшылык кыл. Жер бетинде бузукулук кылууну көздөбө. Аллах бузукуларды сүйбөйт».(28.Аль-Касас: 77)

Эгер адам шайтан шерик болбой, пайдасыз иштерден алыс болссо, бул Аллахтын кулуна болгон мээрими.  Анткени, Сурак күнүндө  адамдар   бул  жашоодо берилген убакыттын баалуулугун сезип,  ысырап кылгандырына өкүнүшөт.

 

 

[button color=»» size=»» type=»square» target=»» link=»»]Бешинчи  кадам[/button]

         Шайтан  мусулманды Аллахка баш ийүүдөн  кайтара албагандан кийин, күнөө болбогон бирок, пайдасыз  иш менен көбүрөөк алектендирип коёт.  Адамдын приоритетин аралаштырып,  иш тартибин бузуп  мыкты иштерди кылуудан тартып, жакшы иштер менен алаксытат.  Улуу сыйлыктарга ээ болчу ибадаттарды калтыртып, сообу аз болгон иштерге  байлап койот.  Мисалы, мусулман  ислам темасында китеп окуп жатат дейли, намаз убактысы болуп, азан айтылат. Китептин кызуусуна кирип, намаздан кармалат, ошентип  бир канча ирекет намазды каза кылат!    Кээде мусулмандар  шаардын, же айылдын четиндеги  досун  зыярат кылат, бирок  өзүнөн бир, же эки көчө кийин жашаган тууганын канчадан бери   көрө элек.  А чынында, доско караганда тууганчылыкты бекемдөө  шариатта катуу каралат. Кээ бир кыздар күйөөлөрүнө ыңгайсыз убакта  курбуларын  зыярат кылгылары келип, күйөөнүн ыраазычылынан калып  Алланын ыраазычылын табабыз дешет.  А пайгамбарыбыз  мындай деген:

لو كنت آمرا أحدا أن يسجد لغير الله لأمرت المرأة أن تسجد لزوجها, والذي نفس محمد بيده لا تؤدي المرأة حق ربها حتى تؤدي حق زوجها

«Эгер    Аллахка   баш ийбесек , анда аялдарды күйөөлөрүнө баш ийүүгө буюрат элем.  Мухаммадын өмүрү колунда болгон Затка касам, аялдар күйөөсүнүн алдындагы милдетин аткармайын, Аллахтын алдындагы милдетин аткара алышпайт».

Ошондуктан мусулман  кайсы иш, кайсы абал  Аллахка сүйүктүү экенин билиши шарт.  Бул үчүн  Куран, хадис көп окуп, аалымдардын  баяндарын   көп угуп анализдеп,  ой жүгүртүп ыкластуу иштерди жасаганга умтулуу  керек. Аллахтын убада кылган улуу сооп-сыйлыктарына жетишип жана шайтанга жеңилип калбоого аракет кылуу керек

Аллахтан  ыйманыбыздын  бекемдеп, илимибизди кеңейтип, акылыбызды ,сөзүбүздү, ишибизди   тууралыкка  багытташын сурайбыз. Шайтандын азгырыгынан сактап,  жүрөктөрүбүздү  текебердиктен  куткарып,  ибадатыбызда ыклас берсин . Бизди Өзүнө баш ийген такыба жолго баштоосун суранабыз. Амин.

 

Булак : Шейх Ибн Коййим Ал-Жаузий رحمه الله  
«Игасат Лахфан мин Масаид Аш-шайтан» китебинен 

© ИсламЖолу

 

 

Share

You may also like...

Добавить комментарий