Зуль-хижжа айынын орозосу

Орозо — эң сооптуу амалдардын бири. Ал эми ушул ыйык Зуль-хижжа айынын алгачкы он күнү бардык сооптуу амалдарды көп көп кылууга тырышыш керек. Анын ичинде орозо.

Абу Умама ал-Бахили мындай баяндайт: “Бир күнү мен Аллахтын Элчисине келип: «Мага Жаннатка кирүүмө мүмкүндүк берчү бир амал буйруңуз», — дедим. Пайгамбар : «Сен орозо тутууң керек, анткени ага жеткен эч нерсе жок», — деп жооп берди. Андан соңмен анын алдынадагы бир ирээткелдим жана ал дагы да: «Сен орозо тутууң керек», — деди”. Ахмад, ан-Насаи, ал-Хаким, Ибн Хиббан. Хадис сахих. Кз.: «Сахих ал-жами’» 4044 жана “Сахих ат-таргиб” 977.

 

Макаланын мазмуну:

 

 

Зуль-Хижжа айында орозо тутуу сооптуу иш

1⃣ Хунайд ибн Халиддин аялынын сөздөрүнөн Пайгамбардын ﷺ кээ бир аялдары:

Аллахтын Элчиси Ашура күнүндө, зуль-хижжа айынын алгачкы тогуз күнүндө, ар айда үч күн, жана дүйшөмбү менен бейшемби күндөрү орозо тутат эле«, — деп баяндаганы кабарланат.

? (Абу Дауд 2437, ан-Насаи 2372, 2417, Ахмад 6/288, ал-Байхаки 285)

? Хадисте сөз тогуз күн тууралуу болушунун себеби онунчу зуль-хижа – бул орозо тутууга тыюу салынган Қурман Айт күнү болгонунда.

 

2⃣ Пайгамбардын ﷺ аялы Хафса айтат:

Пайгамбар төрт нерсени таштачу эмес: Ашура орозосун, зул-хижжанын он күнүндөгү орозону, ай сайын үч күн орозону жана таң намазынан алдыңкы эки рекетти”.

? (Ахмад 6/287) ас-Суюти, Сыддык Хасан Хан жана шейх ал-Албани хадисти сахих дешти.

 

3⃣ Абу Дауд менен Ибн Мажах бул хадисти өз китептеринде келтиришип, ал бапты (главаны) «Зул-хижжанын он күнүндө орозо тутуу тууралуу» деп аташкан. ? (Кз.: “Сунан Абу Дауд” 2/815, “Сунан Ибн Мажах” 1/550)

 

4⃣ Имам аш-Шаукани: “Бул хадисте зул-хижжа айынын он күнүндө орозо тутуунун сооптуу иш (мустахаб) экенине ишарат бар” – деп айткан. ? (Кз.: “Найлюл-аутар” 2/284)

 

5⃣ Хафиз Ибн Хажар: «Аллах үчүн зул-хижжа айынын он күнүндө орундалган солих амалдардан сүйкүмдүүрөөк амалдар жок!» деген хадис тууралуу мындай деген: “Орозо солих амалдарга кирген себептүү, бул хадис зул-хижжанын он күнүндө орозо тутуунун сооптуу иш экенине далил ирээтинде колдонулуп келет”. ? (Кз.: “Фатхул-Бари” 2/534)

 

6⃣ Чоң аалым Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

«Зуль-Хижжанын тогуз күнүндө орозо тутуу – мустахаб, сооптуу амал. Бирок ким ажылык кылып жатса, ал Зуль-Хижжанын 9-числосунда орозо тутпайт, себеби Арафат тоосунда турууга күч топтоосу кажет.»

?http://www.alfawzan.af.org.sa/node/13540

 

7⃣ Фетва берүү боюнча Туруктуу Комитет № 20247 фатвасында айтты:

«Кээ бир адамдар «Зуль-хижжанын тогуз күнүн орозо менен өткөзүү ката (б.а. бул сүннөттө жок иш)» дешет. Жок, андай эмес. Тескерисинче, көпчүлүк аалымдардын (жумхур) пикиринде – бул (Зуль-Хижжанын алгачкы тогуз күнүндө орозо тутуу) сүннөт болуп эсептелет.»

?http://www.alifta.net/fatawa/fatawaDetails.aspx…

══════ ❁✿❁ ══════

 

Зуль-Хижжа айында орозо тутуунун эрежелери

Рамазан орозосу сыяктуу эле тутулат. Таң аткандан баштап күн батканга чейин тамак, суу ж.б. оозду аччу нерселерден сактануу керек болот. Ооз ачарда дуа айтылат. Орозонун эрежелери тууралуу кенен макаланы окуу үчүн бул жерди басыңыз же http://islamjolu.kg/?p=3201 деген шилтемеге кириңиз.

══════ ❁✿❁ ══════

 

Тогузунчу зул-хижжа – Арафат күнү орозо тутуу тууралуу

 Зул-хиджа айынын алгачкы он күнүнүн ичиндеги Арафат күнкү орозо эң абзели, жана бул чоң  артыкчылыкка ээ болуп, эки жыл арасында иштеген күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.  Абу Катаданын сөздөрүнөн Аллахтын Элчисинин ﷺ мындай дегени риваят кылынат: «Арафа күнүндөгү орозо өткөн жана ушул жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот». Муслим 1162.

Бул хадисте ажылык жасай албаган пенделерге Аллах Тааланын улуу сый-сооп алуга мүмкүнчүлүк беришине, Анын чексиз рахматы менен жомарттыгына ишарат бар!

Ажылык жасоочу адамга Арафа күнү орозо кармабаган жакшыраак экендиги тууралуу

Ажылык жасап жүргөн адамдарга Арафа күнү орозо кармабаган жакшыраак, анткени Пайгамбар ﷺ ажылык жасаганында бул күнү орозо кармабаган. Умм Фадл мындай баяндаган: “Арафат тоосунда турган күнү адамдарда Пайгамбардын орозо кармаган-кармабагандыгы тууралуу күмөндөр туулду, ошондо мен ага суусундук алып бардым, ал аны ичип койду”. Ал-Бухари 1658.

Икрима мындай деп баяндаган: “Бирде мен Абу Хурайрага кирип, андан ажылык жасоочу адамдын Арафа күнү орозо тутуусу тууралуу сурадым, ошондо ал: «Аллахтын Элчиси ажылык жасоочуларга Арафа күнү орозо тутууга тыюу салды», — деп жооп берди”. Ахмад 2/304, Абу Дауд 2440, ал-Бухари  “ат-Тарих” 7/4425.

Бул далилдин сахихтигине тиешелүү аалымдардын арасында келишпөөчүлүктөр бар. Бирок Ибн Хиббан, Ибн Хузайма, ал-Хаким, аз-Захаби жана Ахмад Шакир сыяктуу имамдар аны сахих деген.

Бул далил ошондой эле Умар да, Ибн Умар менен Ибн Аббас да ажылык жасоочунун Арафа күнү орозо тутуусун жактырышпагандыгы менен күчөтүлөт. Кз.: имам ан-Насаи “Сунан ал-кубра” 2823, 2824, ‘Абдур-Раззак “ал-Мусаннаф” 7820.

Имам аз-Захаби мындай дейт: “Ажылардан ким Арафа күнү орозо тутса, бирок (бул күнү) орозо тыюу салынганын жана Пайгамбар да , анын сахабалары да ажылык жасаган кездеринде Арафа күнү орозо кармабагандары тууралуу кабардар болсо – анда бизге белгилүү болгону ушул (орозосу) үчүн сый-сооп албайт экени”. Кз.: “ас-Сияр” 10/684.

══════ ❁✿❁ ══════

 

Салафтардын Зул-Хижжа орозосун тутушу

Зул-хижжанын тогуз күнүндө орозо тутуунун жакшы амал экенине салафтардын арасында да маалым болгон.

Усман ибн Маухиб мындай баяндайт: “Мен бир кишинин Абу Хурайрадан:  «Акыйкатта, менин мойнумда Рамазан айынан калган карыз орозолорум бар; мен (аларды кармабай жатып) зул-хижжа айынын он күнүндө напил орозо тута аламынбы?», — деп сурап турганын уктум. Буга Абу Хурайра: «Жок», — деди. Ал: «Эмне үчүн?!», — деп сурады. Абу Хурайра: «Сен Аллахка карыз болгонуңан башта, андан соң напил орозо карма!», — деп жооп берди”. Ибн Абу Шайба 7715, ал-Байхаки 4/275. Иснады сахих.

Бул кабарда зул-хижжа айындагы орозо сахабалар кезинде да белгилүү болгондугуна жана салафтар ушу күндөрдөгү орозого өзгөчө маани бергенине ишарат кылат.

Ошондой эле бул күндөрдө орозо тутуунун абзелдигине көптөгөн салафтардан да риваят келет, алардын арасында Мухаммад ибн Сирин, Мужахид, Хасан ал-Басри, Катада ж.б. Кз.: Ибн Абу Шайба “ал-Мусаннаф” 4/293  жана “Латаифул-ма’ариф” 471.

Ал Хасан ал-Басри мындай дейт: “Зул-хижжа айынын он күнүндө орозо тутуу эки ай орозо тутууга тең!” Ибн Абу Шайба 4/292.

 

══════ ❁✿❁ ══════

 

 

 

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

 

Share

You may also like...

Добавить комментарий