Пайгамбарыбыздын рүкүдөгү дуа зикрлери

سُبْحَانَ رَبِّيَ الْعَظِيمِ

Субхана Роббия аль — Азиим

Улук Аллах Таза Зат, Роббим ар кемчиликтен Таза.

Субхана роббия ал-Азим үч жолу же андан көбүрөөк да айтса болот.

Хузайфа ибн Яман (Аллах андан ыраазы болсун) сахаба айтат :

Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) рүкү кылганда “Субхана *Роббия аль — Азиим” — деп сажда кылганда “ Субхана Роббия аль- Аа`ла — деп үч жолу айтаар эле. (Сахих Муслим 1297)

Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) рүкүдө көп айткан дуаларынынын бири :

                                         سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا وَبِحَمْدِكَ ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي

Субхананака Аллахумма роббана уа бихамдика, Аллахумма игфир ли

Аллахым Сен Бийиксин, Тазасың. Сага Мактоолор болсун. Оо Аллахым мени кечир.

Аиша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат : Пайгамбар (саллАллаху алейхи уа саллам)  рүкү саждада ушул дуаны көп айтаар эле :

Субхананака Аллахумма роббана уа бихамдика, Аллахумма игфир ли (Бухари 761 Муслим 484)

Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам)  рүкүдө айткан дагы бир дуаларынан :

سُبُّوحٌ قُدُّوسٌ رَبُّ الْمَلائِكَةِ وَالرُّوحِ
Суббуухун куддуусун роббул малааикати уа арруух

Аиша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат :

Пайгамбар (саллАллаху алейхи уа саллам) руку саждада “Суббуухун куддуусун роббул малааикати уа арруух” — деп айтаар эле. (Муслим 487)

Бул дуаны да Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам)  рүкүдө айтчу экен:

           سُبْحَانَ ذِي الْجَبَرُوتِ وَالْمَلَكُوتِ وَالْكِبْرِيَاءِ وَالْعَظَمَةِ

Субхана зил Жабаруути уал малакуути уал кибрияи уал азама (Абу Дауд 873)

Урматтуу тууганым, рүкүдө бир нече дуалар келген ушуларды жаттап намазда айтыңыз.

©Ислам Жолу
?www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий