Дааваттагы эң маанилүү нерсе эмне? — Др. Сулайман ар-Рухейли

Аллах Таала айтты: “[Эй, Мухаммад] айткын: «Мына, менин ЖОЛУМ ушундай: мен Аллах тарапка чакырам, терең илимдин (далилдин) негизинде, мен жана мени ээрчигендер…»” (12:108)

Дааваттагы эң маанилүү нерсе — адамдарды Таухидке чакыруу.

 

Шейх Сулайман ар-Рухайли айтты:

 

Дааваттагы эң улуу жол – адамдарды таухидке чакырууң. Таухид – эң биринчи! Эң улуу маселе – бул Таухид.

Пайгамбар ﷺ дааватын Таухидден башатаган. Адамдарга “Лаа Илааха иллаЛлоох дегиле, ошондо ийгиликке жетесиңер”, – деп айткан. Адамдарды Таухидке чакырууну өлгөнгө чейин аткарды.

Ал Таухидди өтө улуктачу. Таухидке чакырчу.

Ал айткан жок: “Таухидке чакыруу адамдарды бөлүп жарат”, “Ширктен кайтаруу адамдарды динден качырат”. Тескерисинче, ал Таухидке ушунчалык чакырды жана ширктен ушунчалык кайтарды – керек болсо Мекке жашоочулары ага мал-мүлк берейли дешти.

Алар: “Эгер байлык кааласаң байлык берели, үйлөнүүнү каалсаң сени үйлөнтөлү” деп сунушташты. Ошол кезде Пайгамбар ﷺ “Мени падыша кылгыла” деп алып, андан кийин адилеттүүлүк, жакшылык, көркөм ибадат менен адамдарды өзүнө тартышы мүмкүн эле.

Бирок, Пайгамбар ﷺ  ал нерседен баш тартып, адамдарды Таухидке чакырууну жана Ширктен кайтарууну уланта берди.

 

Мына, бул — Пайгамбардын ﷺ сүннөтү. Бул — бардык пайгамбарлардын сүннөтү. Бул —  үммөттүн жакшыларынын сүннөтү. Биздин салаф солихиндер — мына ушул жолдо болушкан. Ушул нерсе менен адамдардын жаралуу максаты [ибадат] ишке ашат.

 

Оо, Аллахтын пендеси!

Сен бир мусулманды таухидке чакырып, ширктен куткарып кал. “О, баланча олуя! О, түкүнчө!” деп Аллахтан башкага дуа кылып жаткан адамга үйрөт — “дуа бул ибадат” экенин, “Аллахтан башка эч кимге дуа-тилек кылынбайт” экенин. Ошол себептүү ал Аллахка түз сыйынып, Тозоктон кутулат, мейли башка кемчиликтери болсо дагы.

Ал эми аны өзүнүн кылып жаткан ширкинде таштап коюп, аны намазга, орозого, жакшы кулк мүнөзгө чакырсаң – бирок ал ширк амалдарын уланта берсе – чындыгында, сен ага эч бир пайда алып келбептирсиң.

Чындыгында Аллах пенденин амалдарын кабыл кылбайт – качанга дейре ал Өзүнүн Раббисин “сыйынууга жалгыз ылайык Зат” деп билмейинче.

Демек, дааваттагы эң маанилүү нерсе — чакырууну таухид менен баштоо!

Оо, дааватчы!

Сак бол: Шайтан сени алдап кетпесин, саясий мансапка көз артпа, адамдардан коркпо, көпчүлүктүн сенден алыстап кетишинен да коркпо. Эмне, ушулар үчүн Пайгамбардын ﷺ таухидке чакыруудагы жана ширктен кайтаруудагы даават жолун таштап коёсуңбу?!

 

Андан соң, оо дааватчы!

Билгин, сен өзүңө чакырбайсың, сен Аллах тарапка чакырасың. Эгер өзүңө чакырып жатсаң – демек сен алдап жатыпсың жана “кирешеден” кур жалак калыпсың.

Бирок Таухидке чакырчу болсоң [анда ийгиликке жетесиң].

 

Андан соң, оо Аллахтын пендеси!

Сенин милдетиң: адамдарга сүннөтү жакшы көрдүрүүң, адамдарды сүннөткө чакырууң, бидааттан аларды кайтарууң, бидааттын жамандыгын баяндооң, эмне бидаат экенин көрсөтүп берүүң. Эгер сен андай кылбасаң – качан адамдар бул нерсе бидаат экенин билишмек эле?!

Мына, Пайгамбар ﷺ ушундай кылчу жана Аллахтын тауфиги берилген адамдар ушинтишчү.

 

Андан соң!

Сенин милдетиң: адамдарга Аллахка кантип сыйыныш керектигин Пайгамбардын ﷺ  сүннөтүнө ылайык үйрөтүүң.

 

Мына ушунун баарын жакшы ыкма, жумшактык, үлгүлүү насааттарды колдонуу менен болушу керек.

Ооба, адамдардын жүрөгүн динге тартабыз – бизде болгон нерселерди аларга берүү менен: адап-ахлагыбыз менен, мал-мүлкүбүздү беребиз, дүйнө маселесинде алар менен макул болобуз, кичи пейилдик кылабыз, жардам беребиз, аларга болушабыз. Бир максат менен – аларды Аллахтын динине жакындатуу үчүн гана.

Бирок адамдарды тартабыз деп – диндин негизги маселелеринде алар менен макул боло берүү болбойт.

 

Оо, момундар!

Таухидди бекем кармангыла. Сүннөттү бекем кармангыла. Аллахка Сүннөт нурунун негизинде моюн сунгула.

 

Оо, дааватчылар! Оо, ийгиликке жеткендер!

Тахидке чакурууңар – ачык болушуна умтулгула! Адамдар силерди Таухидке чакыруучу катары билишсин! Бирок, ушул нерсе менен эле чектелгиле деп айтпайбыз. Албетте, болгон жакшылыкты жайгыла: адамдарды үгүттөгүлө, намазды жана орозону үйрөткүлө, аларды Аллахка жакындаткыла, коркуткула, Бейишти жана Тозокту эскерткиле. Бирок, силерде таухиддин “желеги” ачык болсун, Пайгамбардын ﷺ дааватында ал ачык болгондой.

 

Ошондой эле амалдарыңарда жана ахлагыңарда сүннөттү көргөзгулө – ошондо ийгиликке жетесиңер.

Аллах Тааладан сураймын: баардын момун эркек-аялды Таухид ээлеринен кылуусун, Пайгамбардын ﷺ сүннөтүн улуктоочулардан кылуусун, жана сооп амалдар менен Аллахка жакындоочулардан кылуусун!

Аллах Тааладан сураймын: бардык дааватчыларды Акыйкат жана Хидаят жолдо бириктирүүсүн; Аллах жана Анын элчиси ﷺ улуктаган нерселерди биз да улуктообузду; жиндер менен инсандардан болгон шайтандардын васвастарынан бизди сактоосун жана бизди Аллахтын жибин (динин) бекем карманып, бөлүнүүдөн сак болгондордон кылуусун!

 

Видео: ИсламЖолунун видеоканалы

 

Share

You may also like...