⚡️ Акыр Заман келээрде капысынан келген өлүм көп болот

Анас (радияллаху анху) риваят кылат, Расулаллах айтты: 《Акыр Кыяматтын белгилери: … капысынан келген өлүм көбөёт》 ? (ат-Табарани “аль-Авсат”: 9376; аль-Альбани “Сахих аль-Жамиъ ас-Сагир”: 5899).

Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

Акыр заманда – бул нерсеге көңүл бургула – Акыр Заманда капысынан келген өлүм көбөёт!

Сен жигит болуп жетилип, ден-соолугуң чың болуп, күч кубатка толуп турган мезгилиңде, кутулбөгөн жерден бир заматта өлүм келип алып кетет.

Сага күтүлбөгөн жерден  келген өлүм жол кырсыгы болуусу мүмкүн, же жүрөктүн токтоп калуусу мүмкүн же кандайдыр күтүлбөгөн башка бир себептер. Бул күтүлбөгөн жерден бир заматта келген өлүмдүн өтө көп болуп жатканын силер угуп көрүп эле жүрөсүңөр.

Ошондуктан биз Аллахка көп-көп тооба кылып, күнөөлөрүбүздү кечирүүсүн сурайлы, Акырет күнүн унутпайлы, өлүмдү унутпайлы, Аллахка эсеп бере турган күндү унутпайлы.

Кыямат күнү амалдардын баары таразага тартылат. ≼Кимдин жакшы амалдары оор болгон болсо — демек алар ийгиликке жетүүчүлөрдөн болот. Кимдин жаман амалдары  оор болгон болсо — демек алар өздөрүн өздөрү зыянга учураткандар. Алар тозокто түбөлүккө калышат≽. (Куран 23:102-103).

Алар мал мүлкүн зыянга учуратышкан жок! Жок! Өздөрүнүн жандарын зыянга учуратышты. Алардын жазасы тозокто болот! Тозокто бир күн же эки күнбү? Жооок! Алардын тозоктогу жазасы түбөлүктүү, түбөлүккө жана дайыма болот. ЛА ХАУЛА ВАЛА КЪУВВАТА ИЛЛЯ БИЛЛАХ.

Ютубтан көрүү:
https://www.youtube.com/watch?v=tDyfUYUf1uE

Оригинал:

@islamjolu
Telegram / FB / VK / Ok / Twitter

 

Share

You may also like...